

Жашыл, сары жана кызгылт. Сиз кара пиарды гана билчү белеңиз?


Буга чейин пиар (PR) эмне экенин жана пиар адистеринин ыкмаларын жазганбыз. Бул тууралуу окуй элек болсоңуз, бул шилтемени басыңыз. А биз ошол теманы улай пиардын түстөрү жөнүндө баяндайбыз.
Ак пиар. Бул пиардын эң жөнөкөй, классикалык түрү. Эң башкысы бул пиар атаандаштарга зыян жеткирбейт. Максаты — бренд же белгилүү киши жөнүндө позитивдүү ой жаратуу. Мисалы, саясатчы апасы, жубайы тууралуу интервью берет. Пиар адистери аны аялзатын, энени даңазалоо экенине басым жасап таратышат. Же болбосо ошол белгилүү адам коомчулуктун көңүл борборундагы муктаж кишиге кайрымдуулук кылат же күйөрмандары менен жолугат. Эң башкысы, ак пиарда такталган маалыматтар колдонулат — окуя болгон жерден сүрөт, видеолор тартылат.
Кара пиар. Максаты — каршылаштардын кадыр-баркын түшүрүү. Кара пиарда калп маалыматтарды колдонушат. Маалымат каражаттарына каралоо материалдары буюртмаланат, соцтармакка провокация посттору жазылат. Атайын даярдалган негатив комментарийлер калтырылат. Мисалы, такси компаниясынын айдоочулары жөнүндө каралоо болушу мүмкүн.
Бирок, «кара пиар деле — пиар» деген түшүнүк бар. Башкача айтканда, караланган тарап бул пиардан пайда табышы ыктымал. Жок дегенде белгилүү убакыт коомчулуктун көңүл борборунда болуп, тааныла түшөт. Ошондуктан, кара пиарды кыргызча «атың чыкпаса жер өрттө» (окуянын эсебинен таанылып калуу) деп сүрөттөп жүрүшөт.

Боз (серый) пиар. Бул кара пиардын этият жасалган түрү. Боз пиар түз каралабайт. Кыйыр түрдө жасалып, маалымат булагы көрсөтүлбөйт. Ошондуктан, сүрөттөлгөн окуянын калп экени байкала бербейт. Мисалы, азык-түлүк компаниясынын соодасы жакшы жүрүүдө дейли. Атаандаштары интернеттен мөөнөтү өткөн азыктардын видеосун монтаждап чыгарышы мүмкүн. Мындайда компаниянын кардарлары, кирешеси кескин азая түшөт. Анткени, көрүүчү видеонун булагын издеп отурбай ишенип алышы ыктымал.
Сары пиар же «шок» маалымат. Башкача айтканда «сары пресса». Максаты — провокация кылуу. Сары пиарды унутула баштаган белгилүүлөр коомчулукка өзүн эстетүүдө көбүрөөк колдонушат. Ушак, имиштер жазылат. Балким, жеке жашоосундагы ачык сүрөттөр таратылат. Же болбосо белгилүү адамга таарынычы бар жакындарынан интервью алып, «сенсация» жасашат. Айтор, эки тараптын кайым айтышы байма-бай чагылдырылып, коомдук пикир жаралат.
Жашыл пиар экологияны, киши ден соолугун коргоо максатын көздөйт. Мисалы, рынокто жаңы атаандашты каалабагандар бир заводду курдурбоону чечти дейли. Мындайда алар заводдун зыяндуулугун пропаганда кылышы мүмкүн. Активисттер акция жасап, заводдун жаратылышка тийгизген таасирин айтып чыгышат. Ошентип, каршылаш компаниянын рынокко кирүүсүнө бут тосулат. Албетте, пиардын бул түрү негативдүү да, позитивдүү да болушу ыктымал.
Хаки (күрөң жашыл) пиар. Ал аскердик операцияларда колдонулат. Максаты — согушка катышып жатканда өлкөнүн аскердик кадамдардын туура деп көрсөтүү. Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согушта да хаки пиардын элементтери пайдаланылган.
Кызгылт (розовый) пиар. Пиардын бул түрү миф, легендаларга ишенген адамдарга багытталган. Мындай пиар келечекти жомоктогудай элестетүүгө түртөт. Мисалы, компаниянын ийгилик жолу тууралуу видео таратышат. Анда компанияны рекорд жасады, узак жолду басып өтүп, чоң ийгиликке жетти деп ишендиришет. Муну көргөн адам ишкананы жогору баалап, токулган мифке ишениши мүмкүн. Же болбосо таанымал атанын жардамында жумушка кирген кыздын ийгилиги жөнүндө «жомок» маалымат.
Жыйынтык: Эми сиз ак-кара пиардан сырткары анын түстүү түрлөрүн да билесиз. Эң башкысы, пиардын бардык түрү пайданы көздөйт экенин унутпасаңыз болду. Демек, маалыматтын булагын текшерип, түпкү максатын аңдашыңыз ар дайым зарыл.
Көрүп, билип, тактаңыз!