

Жарнама кантип ишендирет?


✨ «Жаңы», «тез», жөнөкөй [оңой], «жакшыртылган», «азыр», «таң калыштуу» деген сөздөрдү камтыган жарнамалар суроо-талапты натыйжалуу жогорулатат.
✨ Супермаркеттин текчелеринин ичинен көздүн деңгээлинде жайгаштырылган продукциялар эң жакшы сатылат. Чындыгында эле изилдөө көрсөткөндөй, көздүн деңгээлиндегиге караганда адамдын белинин деңгээлинде жайгаштырылган продукциялардын сатылышы анын 74% түзгөн, ал эми жерге жакын жайгаштырылгандар 57% сатылган.
✨ Мультфильм каармандарына жана тарыхый инсандарга караганда, жаныбарларды, балдарды же сексуалдык мүнөздөгү кызыктырууларды колдонгон жарнамалар жогорку ыктымалдуулукта сатууну жогорулатат.
✨ Супермаркеттеги өткөөлдүн аягында же кассанын жанында жайгаштырылган көрүнөө буюмдар көбүрөөк сатылып алынат.
✨ Белгилүү бир суммадагы товарга баа коюуда, мисалы, буюмдардын ар бирин 50 тыйындан сатуунун ордуна экөөнү 1 сомго сатуу – товардын «баалуулугун» кабыл алууну күчөтөт. Же 100 сом дегенге караганда 99 сом 89 тыйын деген баа кардардын көңүлүн оңой бурат.
✨ Буйрутмаларды чогултууда же телефон аркылуу сатууда кардардан: «Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?» – деп ал-акыбалын сураган пайдалуу. Андан кийин алынган жоопко жараша маегиңизди улантасыз. Мындай мамиле менен жакшы натыйжага жетүү мүмкүнчүлүгү жогору.
Керектөөчүлөр катары биз сатып алуунун себептери жөнүндө сейрек ойлонобуз. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, супермаркеттерде сатып алуунун жарымына жакыны импульсивдүү мүнөзгө ээ, ал эми арзандатылган дүкөндөрдө соода кылгандардын 62% дан ашыгы жок дегенде пландаштырылбаган бир нерсени сатып алышат.
Энтони Пратканис, Эллиот Аронсон, «Таасирдин жана ынандыруунун заманбап технологиялары. Пропагандалоо доору» китебинен.