

Зейгарник эффекти


Тапшырманы аткарып бүтөөр менен аны таптакыр унутуп койгон учурлар болду беле? Ал эми аны бүткөнчө, дагы башка бир нерсенин үстүндө иштеп жаткан болсоңуз дагы башыңыздан чыгып кетпей тура береби? Бул көрүнүштү алгач психолог Блюма Зейгарник байкаган. Ошондуктан Зейгарник эффектиси деп аталып калган. Эң кызыгы, бул психологиялык өзгөчөлүктү жумушта көп нерселерге жетишүү үчүн жана тапшырмаларды мыкты аткаруу үчүн колдонсо болот.
Зейгарник ресторанда болгон учурда официанттар коноктордун буюртмасындагы тамак-аштардын татаал айкалыштарын жаттап алышкандыгын, бирок тамак дасторконго коюлары менен алар эсинен дароо чыгып кеткендигин байкаган. Бүтө элек буюртмалар болсо аткарылып бүткөнчө алардын эсинде сакталып турган.
Мындай таасирге кызыккан Зейгарник өзүнүн лабораториясында тажрыйба жүргүзгөн. Тажрыйбанын катышуучулары ар кандай бир нече тапшырмаларды аткарышы керек болчу. Эксперименттин жүрүшүндө, катышуучуларга бул тапшырмалардын айрымдарын убакыт жетишсиздигине негиздеп аткарууга бөгөт койгон. Эксперименттен кийин катышуучулардан тапшырмалардын кайсынысы эсинде калгандыгы суралган.
Катышуучулар аткарууга мүмкүнчүлүк берилбеген тапшырмалардын 90% ын жакшы эстеп калышкан. Кыскасы, бул эксперименттин маңызы – аткарылбаган тапшырмалар сиздин эсиңизден чыкпай, аларды автоматтык түрдө ойлоно бересиз.
Айланаңызга көз салсаңыз, Зейгарник эффекти дээрлик бардык жерде кездешээри айкын. Ал маалымат каражаттарында жана жарнамада дайыма колдонулат, мисалы, элдерди сериалдарга тартуу үчүн: эң кызык жеринен сюжетти бүтүрбөй, кийинкисин көрүүгө түрткү кылышат.
Бирок мунун жакшы жагы – бул өзгөчөлүктү тапшырмаларды көбүрөөк аткарууга жана жумушка жакшы көңүл топтоого колдонуу мүмкүнчүлүгү бар.
Зейгарник эффектин кантип колдонсо болот?
Бүткөрүлбөгөн тапшырмалар эсибизден чыкпай ойлонткондуктан, ишибиз жемиштүү болуш үчүн көңүлдү бир жерге топтоп, көп маселелүүлүктөн жана алаксытуучу факторлордон алыс болуу керек.
Тапшырманы аткарып бүткөндө эс алуу сезими пайда болот. Эгерде сиз бир эле мезгилде бир нече тапшырмаларды аткарсаңыз, анда мээ алардын эч бирине толугу менен көңүл бура албай калат, анткени ойлоруңуз мезгил-мезгили менен бүтө элек иштерге кайрыла берет.
Ишти создуктургандар (прокрастинаторлор) үчүн жакшы жаңылык.
Эгер сиздин пландарыңызда дайыма көйгөйлөр болсо, Зейгарник эффекти аларды аткарууга жардам берет. Эң башкысы – баштоо керек, бул психологиялык өзгөчөлүк сиз баштаган ишти унутууга, аны таштап кетүүгө жол бербейт.
Бирок баштоого өзүңүздү кантип мажбурлайсыз? Бул жагдайга байланыштуу. Эгерде сиз чоң долбоорду пландап, бирок жумуштун көлөмүнөн коркуп, аны артка жылдырып жатсаңыз, анда эң татаалынан баштабоо сунушталат. Жеткиликтүү жана оңой көрүнгөн жеринен баштаңыз. Баштагандан кийин долбоор жөнүндө унута албай каласыз жана аны аягына чейин жеткиресиз.
Зейгарник эффекти жана күтүлүүчү сыйлык
Бирок, бул эффект дайыма эле натыйжа бербейт, күнүнө 8-10 сааттан иштегендер аны колдоно алышпасы ыктымал. Эмне үчүн мындай?
Миссисипи университетинин 2006-жылдагы изилдөөсү боюнча, эгер адам сыйлык күтүп жатса, Зейгарник эффекти иштебей калат. Экспериментке эки топ катышып, Зейгарниктин экспериментиндегидей эле тапшырманы аткарышкан. Тажрыйбанын жүрүшүндө алар жумушун бүтө электе эле токтотууга мажбурлашкан. Биринчи топко изилдөөгө катышкандыгы үчүн акча төлөнөөрү айтылган, экинчи топко эч кандай сыйлык убада кылынган эмес.
Натыйжада, төлөм албай турган катышуучулардын 86% ы үзгүлтүккө учураган жумуштарына кайтып келүүнү туура көрүшкөн, ал эми төлөм күтүп жаткандардын арасынан 58% ы гана тыныгуудан кийин тапшырмасына кайтып келишкен. Изилдөө аяктап, катышуучулар сыйлыкка ээ болгондон кийин, алар берилген тапшырмаларга кайтып баруунун эч кандай зарылчылыгы жок экендигин көрүшкөн. Мындан тышкары, төлөмдү күтүп жаткан катышуучулар тапшырмага кайтып келишкен менен ага азыраак убакыт сарпташкан.
Эгерде биз бул изилдөөнүн маалыматтарын 8 сааттык кадимки жумуш күнүнө колдонсок, анда ал кунарсыз көрүнүшкө айланат. Жумуш күнүнүн аягы эксперимент учурундагы үзгүлтүккө учурагандай таасир берет, б.а. 8 саат бүткөндө, тапшырма кийинки күнгө жылдырылат. Аткарылган тапшырмалар үчүн эмес, убакыт үчүн төлөм – күтүлүүчү сыйлыктын ролун аткарат.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, күтүлүүчү сыйлык Зейгарник эффектин төмөндөтөт, эмгек акы түрүндө сыйлык күтүү тапшырманын өзүнө болгон кызыгууну азайтат. Башкача айтканда, төлөмгө негизделген 8 сааттык жумуш күн бизди жумуш жөнүндө ойлонбоого түртөт.
Булагы: Лайфхакер