.үч.чекит..үч.чекит.

Википедияда бардыгы чындыкка тетеби?

үч чекит редакциясы
1107
Википедияда бардыгы чындыкка тетеби?

20 жыл мурун америкалык жана британиялык ишкерлер Джими Уэйлс жана Ларри Сэнгер Википедияны ачышкан. Бул долбоор алгач англис тилиндеги акысыз онлайн долбоору болгон «Нупедия» онлайн энциклопедиясы үчүн кошумча долбоор катары иштелип чыккан. Ага атайын адистер макала жазышып, эксперттер тарабынан каралып чыккан. Википедия тездик менен өсө баштаган жана 2001-жылдын аягында анын 20 миңге жакын макаласы жана 18 тилдүү бөлүмү болгон.

Азыр порталда 317 тилде 55,6 миллион макала бар, анын ичинде  1,7 млн ​​материал – орус тилинде.

Издеген маалыматыбызды алуу үчүн Википедияга көп кайрылабыз, ошентсе да аны маалыматтын ишенимдүү булагы деп эсептөөгө болбойт. Өткөн жылдын жазында Scite стартапынын адистери Википедияда жарыяланган дээрлик 2 миллион макаланы жана аларда көрсөтүлгөн 840 000ден ашык маалымат булактарынын илимийдүүлүгүн текшерип чыгышкан. Жыйынтыгында онлайн энциклопедия көрсөткөн булактардын 27,4% гана ишенимдүү деп аныкталып, тиешелүү изилдөөлөрү менен тастыкталган.

Албетте, сизди кызыктырган тема боюнча алгачкы жалпы маалыматты алуу үчүн Википедияны колдоно аласыз. Бирок колдонуучу катары, бул энциклопедия сайтты түзүүгө көптөгөн авторлор катышкандыгын жана алар ишенимсиз булактарды колдонушу мүмкүн экендигин унутпаңыз.

Ошондуктан, ушул онлайн энциклопедияны туура колдонуу боюнча сунуштар менен таанышып, Википедиядагы маалыматтын калп эмес экендигин түшүнүп алууну сунуштайбыз?

  • Туура жазылышы. Текстте орфографиялык же пунктуациялык каталарга көңүл буруңуз, эгерде алар ачык-айкын жана тез-тез кайталанса, анда бул ишенимдүүлүктөн күмөн санаган биринчи белги.
  • Бир жактуулук. Материалды кунт коюп окуп чыгыңыз. Анда бир жактуулук барбы? Макала бир тараптуу болбошу керек, эч кимдин талабын колдобошу керек, ар башка көз караштагы субъективдүү пикирлерсиз, бири-бирине карама-каршы келбеген фактылар жана маалыматтар гана болушу керек.
  • Маалымат булактары. Билдирүүлөр кандайча жана кантип ырасталат? Макаланын аягындагы булактар туура көрсөтүлгөнбү? Маалымат кайдан алынган? Анын артында ким турат? – деп ар дайым өзүңүзгө суроо бериңиз.
Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.