.үч.чекит..үч.чекит.

ВИЧ/СПИД тууралуу мифтер жана стеротиптер

үч чекит редакциясы
1660
ВИЧ/СПИД тууралуу мифтер жана стеротиптер

1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү. Бүгүнкү күндө ВИЧ жана СПИД көйгөйлөрү жөнүндө көптөгөн маалыматтар бар экенине карабастан, адамдарда бул оору жөнүндө мифтер жана стереотиптер бар. Эң кеңири тараган стереотиптердин топтому менен таанышып алыңыз:

🤷🏽«СПИД – ХХ кылымдын чумасы»

Оорунун мындай чуулгандуу аталышы ВИЧ жаңы гана изилденип, элдер дүрбөлөң сала баштаган мезгилде пайда болгон. ВИЧ жана чума ар башка оору козгогучтарга ээ жана алардын жугуу жолдору да ар кандай. Чума – өтө жугуштуу оору. Ал тери, идиш-аяк, абадагы тамчылар аркылуу жугат. Инфекциянын козгогучтары бир нече жылга чейин сакталышы мүмкүн. Ал эми ВИЧ андай эмес: кол алышуу, өбүшүү, кучакташуу аркылуу же даараткана аркылуу жукпайт. ВИЧ тышкы чөйрөдө өтө туруксуз жана абада тез өлөт. Демек, мындай салыштыруу таптакыр туура эмес.

🤦🏻‍♂️«СПИД – өкүм. Жашоонун бүткөнү»

СПИД – ВИЧтин өнүгүшүнүн акыркы баскычы, бирок сөзсүз түрдө жашоонун бүткөнү эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө медицина көпчүлүк учурда ВИЧ менен жашагандарды гана эмес, ошондой эле СПИДдин белгилери бар адамдардын абалын да турукташтыра алат. Пациенттер атайын дарыларды ичип, сергек жашоо образын жүргүзүү менен өмүрүн алда канча узарта алышат.

🤷🏽«Оорулуу эне – оорулуу бала»

Бүгүнкү күндө ВИЧ-позитивдүү аял да ден соолугу чың бала төрөй алат. Ал үчүн заманбап медицина сунуш кылган шарттарды кармануу керек: эрте текшерүүдөн өтүү, кош бойлуулуктун 14 жумасынан кийин АРВ-терапиясын (антиретровирустук терапия) кабыл алуу, кош бойлуулук жана төрөт учурунда адистердин көзөмөлүндө болуу, жаңы төрөлгөн ымыркайды АРВ- терапиясынан өткөрүү. Бүгүнкү күндө, эгер өнөктөштөрдүн биринин ден-соолугу чың болсо, контактсыз уруктандыруу ыкмасы колдонулат. Мындай учурда баланын гана эмес, ата-энелеринин биринин да ден соолугу сакталат.

🤦🏻‍♂️«ВИЧти чиркей аркылуу жуктуруп алуу мүмкүн»

Жок. Эгерде чиркейлер ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчүлөр болсо, анда дүйнө калкынын 90% жуктуруп алмак.
Биринчиден, ал АДАМдын имуннодефицит вирусу. Чиркейлер бул вирусту алып жүрүүчү боло алышпайт. Экинчиден, чиркей чакканда денеге суюктук куйбайт, тескерисинче – соруп алат. Үчүнчүдөн, канга тойгон чиркей экинчи жолу чакпайт.

🤷🏽«СПИДге каршы дары баарына жетпейт, а дарылоо өтө кымбат»

Бүгүнкү күндө адамды ВИЧ жана СПИДден айыктыра турган дары жок. Вирусту басуучу, оорунун өнүгүшүнө жол бербей турган дары-дармектер бар жана мындай дары-дармектерди өмүр бою ичүү керек. Кыргызстанда ВИЧти дарылоодо препараттар акысыз берилет.

🤦🏻‍♂️«СПИД коркунучтуу эмес»

Социологдор Европа өлкөлөрүндө жаңы тенденция – СПИДоптимизмдин башталганын белгилешет. Адамдар илимдин жана медицинанын күчүнө ишенип, инфекциядан жана оорудан коркпой калышты. Мындай маанай оорунун кеңири жайылышына шарт түзөт. ВИЧ жана СПИД тууралуу маалыматтын күчүн сактоо үчүн, айрыкча жаштарга багытталган таасирди сактоодо маалыматтын формаларын дайыма өзгөртүп туруу керек.

🤷🏽«СПИД – ХХ кылымдын калпы»

ВИЧ табылып, бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы кыймыл түзүлгөндөн бери, ага карама-каршы «ВИЧ жана СПИД биздин доордун эң чоң аферасы» деген ишенимдеги кыймыл пайда болду. Алардын негизги аргументи – адамдын иммундук жетишсиздигине себепкер вирустун дагы эле көрүнбөгөндүгү. Демек, жок нерсеге каршы вакцина же натыйжалуу дары жаратуу мүмкүн эмес дешет алар. Бирок бүгүнкү күндө ВИЧтин электрондук сүрөттөрү бар, вирусологиялык тестирлөөнүн эң мыкты ыкмалары иштелип чыгууда, дарылоодо мурдагыдай агрессивдүү эмес, жаңы терапия түзүлүүдө.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.