

Тиркемелердин коопсуздугуна ишенесизби?


Көпчүлүгүбүздүн интернетке алып барчу жолубуз Facebook, Instagram сыяктуу тиркемелер менен башталат. Аларга катталганда аты-жөнүбүз, телефон номер, электрондук дарегибизди жазып, жеке маалыматтарыбызды колуна салып беребиз. Эң жашыруун информацияны деле «Ватсаптан жөнөт» дейбиз.Ооба, тиркемелер өз учурунда колдонуучулардын жеке маалыматтары бекем сакталат деп ишендирип келет. Бирок, баары алар убадалагандайбы? Биз белгилүү тиркемелердин коопсуздугунун айланасындагы талаш-тартыштарды тизмектедик.
😱2018-жылы Facebook 50 млн колдонуучунун жеке маалыматын жылжытып салууга айыпталган. Тагыраагы, викторина тестине Facebook аркылуу киргендердин маалыматтарын консалтинг компания — Cambridge Analytica алганы белгилүү болгон. Алар «жеке маалыматтарды онлайн жарнамага колдонуу үчүн мыйзамдуу жол менен алдык» деп билдирген.
😌Facebook'тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг мүчүлүштүк кеткенин мойнуна алган. Ошондой эле, башка компаниялардын маалымат чогултуусу боюнча коопсуздук эрежелерин татаалдаштырабыз деп убадалаган. Ал эми Cambridge Analytica компаниясынан фейсбукчулардын жеке маалыматтарын тезинен жок кылууну талап кылган.
😱2012-жылы Instagram жарнама аркылуу пайда тапмакчы болуп купуялуулук саясатына өзгөртүү киргизген. Натыйжада, тиркемени «колдонуучулардын жеке сүрөттөрүн жарнама компанияларына сатат» деп айыпташкан.
😌Instagram'дын жетекчилиги: «Биз башынан жарнама аянтчасы катары ачылганбыз. Колдонуучулар катталып жатканда алардын аккаунту аркылуу жарнамалык компаниялардын бизге акча төлөөсүнө макулдук беришкен. Жарнамадагы экспериментибизди колдонуучуга акы төлөбөй туруп үчүнчү жактарга сатат деп туура эмес түшүнүп алышты», — деп билдирип, коопсуздук эрежелерин өзгөртүүнү убадалаган.
😱2018-жылы WhatsApp'тын видеочалуусу жакшы корголгон эмес деген маалымат тараган. Тагыраагы, видеочалууга жооп берип жаткандарга хакердик чабуул жасап, телефонундагы бардык маалыматты көрсө болору айтылган. Ошондой эле, WhatsApp'ты колдонгондордун жеке информациясы Facebook компаниясына берилери жарыяланган (Facebook 2014-жылы WhatsApp'ты сатып алган).
😌WhatsApp'тын башкармалыгы: «Видео чалуу тууралуу көйгөйдү чечүү максатында ыкчам оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Биз дүйнөлүк коопсуздук изилдөөчүлөрү менен кызматташабыз, ошондуктан WhatsApp эң ишенимдүү жана коопсуз экенине кепилдик беребиз. Колдонуучулардын жеке каттары окулбайт жана видео чалуулары тыңшалбайт», — деген билдирүү тараткан.
Telegram
😱WhatsApp'тын коопсуздугу тууралуу шектенүүлөрдөн кийин Telegram'га катталгандардын саны кескин өскөн. Бирок, 2016-жылы Орусиянын оппозиционер саясатчылары Георгий Албуров менен Олег Козловский Telegram аккаунттарын бирөөлөр бузуп киришкенин айтышкан.
😌Telegram'дын негиздөөчүсү Павел Дуров мындай ишти Орусиянын атайын кызматы МТС уюлдук операторунун жардамында жасаганын билдирген. Башкача айтканда, Telegram'га уланган телефон номерге кодду жасалма сим-карта менен алып, андан соң месенжерге киришкенин маалымдаган. Мобилдик оператор мындай айыптоолорду четке каккан.
TikTok
😱2019-жылы АКШнын Федералдык соода комиссиясы TikTok'ко 5,7 млн доллар штраф салган — тиркеме 13 жашка чейинкилердин электрондук почта, IP-даректерин ата-энелеринин уруксатысыз, мыйзамсыз топтогон. Ошондон кийин TikTok жашы жете электердин тиркемени колдонуу эрежелерин жаңылады: учурда ага 13 жашка чыга электер каттала албайт жана 18 жашка чейинкилерди көзөмөлдөөчү (ата-энелер үчүн) «Үй-бүлөлүк жөндөө» функциясы киргизилген. Баса, Америка TikTok'ту колдонуучулардын жеке маалыматтарын Кытай бийлигине бериши мүмкүн деп кооптонуп келет.
😌TikTok'тун жетекчилиги мындай билдирүү тараткан: «Биз колдонуучулардын жеке маалыматын эч качан Кытай бийлигине бербейбиз жана берген эмеспиз. TikTok'тун аткаруучу директору да, маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы да АКШнын жарандары. Биздин америкалыктар командабыз эң ишеничтүү коопсуздукту камсыздап келе жатат».
Жаңы технологиядагы адам укуктарын коргогон америкалык «Электрондук чек» (EFF) фонду эч бир тиркеме жеке маалыматты жетиштүү деңгээлде коргобойт деп билдирген. Алар ишеничтүү делген Telegram'га 7 баллдык көрсөткүчтүн 4 баллын гана беришкен. Ошондой эле, Telegram'дын «Секретный чат» функциясын колдонууну сунушташкан. Дагы бир ишеничтүү делген тиркеме — Signal'ды да Telegram менен бирдей деңгээлде баалашкан.Бирок, учурда тиркемелердин коопсуздугу тууралуу талаштарга чек коюла элек. Кантсе да жыйынтыкты, бүтүмдү өзүңүз чыгарыңыз. Анткени, интернеттеги коопсуздугуңузга тиркемелер гана эмес, өзүңүз да жоопкерсиз.