

«Уурдалган эмгек». Плагиат тууралуу эмнелерди билесиз?


2015-жыл. Япония Жайкы Олимпиада оюндарын (2020) өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан. Олимпиаданын расмий логотиби көрсөтүлгөндөн кийин белгиялык сүрөтчү Оливье Дэби бул өлкөнү плагиатка айыптады. Натыйжада Япония Олимпиада оюндарынын логотибин өзгөртүүгө мажбур болгон.
- Плагиат (франфузча plagiat) — башкалардын эмгегин «уурдап», өзүнүкүндөй колдонуу. Бөлөк автордун идеясын пайдалангандыгын айтпоо, шилтеме бербөө.

Идеялар абдан көп, плагиат да ошончолук арбын. Анын формасы да ар түрдүү: бирөөнүн эмгегин дал өзүндөй кылып жасашат. Кээде түп нускасын толугу менен өзгөртүп коюшат. Же болбосо баштапкы вариантына азыноолак өзгөртүү киргизишет.
Сөз жана идеялардын плагиаты академиялык тексттерде көп кездешет. 2018-жылы орусиялык «Диссернет» коому Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Эркинбек Исаковдун илимий ишинде плагиат бар экенин жарыялаган. Диссертациянын 50 пайызын көчүргөн Исаков экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасынан ажыраган.
Негизи академиялык тексттерде бөтөн эмгектен үзүндү пайдаланса болот. Бул толук мыйзамдуу. Бирок, авторго шилтеме берип жана анын эмгегин тырмакчага алуу аркылуу гана. Цитата курсив менен белгиленсе да ашыкча болбойт.
Сүрөт, фотолордун плагиаты да кеңири жайылган. Сүрөттүн сканер вариантын колдонуу деле плагиат эсептелет. Интернеттен жүктөп, жеке сайттарга жайгаштырганда сүрөттү кайсы даректен алганын көрсөтүү зарыл.
Сүрөтчүлөрдүн плагиаты да актуалдуу. Фотолорду визуалдык кайталап, кайрадан тартуу да плагиат. Башка фотографтын эмгегин дал өзүндөй композиция, буюм, фон колдонуп, бирок өз фотоаппаратыңызга тарттыныз дейли. Бул деле бөтөн идеяны уурдоо болуп саналат.
Музыка, видеолордун плагиаты да көп кездешет. Учурда белгилүү чыгарманы кайрадан ырдап — кавер вариантын жаздырышат. Чынында бул деле плагиатка кирет. Башка тилдеги чыгармаларды которуу, клиптин сюжетин кайталоо да айныгыс плагиат. Мындай мисалдар кыргыз шоу дүйнөсүндө кеңири жайылган. Бөтөн менчикти таратууда чыгарманын, клиптин идеясынын авторун белгилөө зарыл бойдон кала берет.
Кээде монтаждалган продукттарды интернетке жүктөгөндө колдонулган музыканын үнү чыкпай калат. Аны уруксат берилбеген аудиону колдонгонуңуз үчүн өчүрдү деп билиңиз. Ошондуктан, акысыз колдонууга уруксат берилген музыкалардан колдонуу туура.
YouTube мейли кавер, мейли «аранжировкасы» өзгөртүлгөн ыр болсун түп нускага шилтеме берүүнү талап кылат. Мындай көрүнүш плагиатка каршы күрөшүү, автордук укукту коргоо. Европа өлкөлөрүндө атайын эрежелер, мыйзам бузууга жазалар бар. ЖОЖдор өз сайттарына студенттерге академиялык иш жазуунун эрежелери тууралуу түшүндүрмөлөрдү жайгаштырышат. Шилтеме берүүнү, тырмакча, транскрипция менен белгилөөнү үйрөтүшөт.
Плагиат кылбоонун эки жакшы жолу бар. Биринчиси — башканын эмгегин өзүңдүкүндөй кылып көрсөтпөө. Экинчиси — уруксат суроо жана түп нускага шилтеме берүү менен колдонуу.
Өзгөчө идеялар — бул интеллектуалдык менчик. Плагиат — интеллектуалдык менчик укугун бузуу. Анын жөнөкөй эле принциби бар — бөтөн эмгекти колдонгондо авторлорго карыздар экениңизди сез жана мээнетти айтып коюуну унутпаңыз!