.үч.чекит..үч.чекит.

Туугандар фейк жиберип жатса эмне кылуу керек?

үч чекит редакциясы
1872
Туугандар фейк жиберип жатса эмне кылуу керек?

Жакын адамдарыңыздан WhatsApp аркылуу фейк билдирүүлөр көп келип турабы? Пандемия башталгандан тарта мындай билдирүүлөрдүн саны кыйла көбөйсө керек. Туугандар жалган маалыматтарга ишенип, аларды андан ары да жайылта бербеши үчүн эмне кылуу керек? Алардын көңүлүн оорутпай, бул жалган маалымат экендигин кантип түшүндүрсө болот? Биз бир нече сунуштарды даярдап койдук.

1. Кайрымдуу болуңуз

BuzzFeed кабарчысы Крейг Сильверман жакындарыңызга боорукердик көрсөтүүнү сунуштайт. Ал белгилегендей, адамдар сизге кам көргөндүгү үчүн бул маалымат менен бөлүшүшөт, сиз алар үчүн маанилүүсүз, ошондуктан алар сизге жардам берүүгө аракет кылып жатышат. Адамдар, айрыкча үй-бүлө мүчөлөрү жана группадагы достор сизге пайдалуу болгусу келет.

2. Жекеме-жеке сүйлөшүңүз

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдар башкалардын пикирлерине караганда, жакын адамдарынын эскертүүлөрүнө көбүрөөк сезимтал болушат. Крейг Сильвермандын сунушу боюнча, эгерде үй-бүлөңүздүн же досторуңуздун арасында туура эмес маалымат менен бөлүшкөн бирөө бар болсо, аны менен бетме-бет сүйлөшкөнүңүз туура болот. Анын маалыматы туура эмес экендигин жумшак түрдө түшүндүрүүгө аракет кылыңыз.

3. Абройлуу булактардан цитата келтириңиз

Фейкти ачыкка чыгаруу үчүн келтирилген булактар абдан ​​маанилүү. Айрым адамдар кайсы бир булактарга ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышы мүмкүн, ошондуктан сиз түшүндүрүп жаткан адамга ишенимдүү көрүнгөн булактарга кайрылууну Эмили Врага сунуштайт. Мисалы: «ДСУнун (Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму) өкүлү мындай деп айтып жатат, ал жалган маалымат менен бөлүшпөстүр».

4. Алдын алуу керек

Изилдөөгө ылайык, адамдар тыныгуу алып ойлонсо, калпты аныктай алышат.
Профессор Дэвид Рэнддин айтуусунда бирөөлөргө эскертүү берип, фейктерди ачыкка чыгарууга аракеттенгендин ордуна, анын алдын алуу пайдалуу болот. Рэнд мындай деп кеңеш берет: «Чын маалыматты тап. Анан мындай деп айт: «Уксаң, мен бул жөнүндө ДСУ сайтынан окуп билдим. Сенин бул жөнүндө оюң кандай?». Андан кийин алар маалыматтын ишенимдүүлүгү жөнүндө ойлоно башташат.

5. Сиз жооптуусуз

Эсиңизде болсун, туура эмес маалыматты оңдоого сиз жооптуусуз. «Эгерде дезинформация адамдын ден-соолугуна зыян келтирсе, анда биз баарыбыз жоопко тартылышыбыз керек»,– дейт Сильверман. Туугандар же досторго эскертүү берүү оңой эмес, бирок бул бири-бирибизге кам көрүүнүн жолу. Бул ыңгайсыз болушу мүмкүн, бирок келечекте ал зыянга караганда пайда алып келет.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.