.үч.чекит..үч.чекит.

Түстөр бизге кандай таасир этет?

үч чекит редакциясы
621
Түстөр бизге кандай таасир этет?

Түс таасири психологиясы теориясынын автору Анджела Райттын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, биз кабыл алган чечимдердин 80%дан ашыгы визуалдык маалыматка негизделет. Буюм сатып алуудан мурда анын өлчөмүн, формасын жана өңүн талдап, аны кылдаттык менен карап чыгабыз. Чындыгында, ар кандай түстөр мээнин бөлүктөрүн стимулдаштыруу менен толкундануудан токтоолукка чейинки ар кандай эмоцияларды козгойт.

Эмне үчүн мындай болот?

Стэнфорд университетинин окумуштуусу Гордон Бауэр «Маанай жана эс тутум» (1981) аттуу изилдөөсүндө мээбизде өз ара байланышкан билим тармагы – ассоциативдик тармак бар деп ырастайт. Ошондой эле мээбизде ар бир түс өзүнчө түйүндөргө ээ болот. Бул түйүндөрдүн өз ара байланышы алардын канчалык жалпылыктары бар экендигине негизделет. Жашообуздун жүрүшүндө ассоциативдик тармак да өсөт. Алынган жаңы тажрыйбага ылайык түстүн түйүнү да өзгөрөт, б.а. ар бир түс тажрыйбаңызга жараша кандайдыр бир нерсени элестетет.

Эксперимент

Мисалы, бала кезибизден бери күлгүн түс (розовый) кыздарга тиешелүү деп көнүп калганбыз. 2011-жылы психолог Даниэла Спет ушул түс менен тажрыйба жүргүзүүнү чечкен. Туткундардын агрессиясын азайтуу максатында Швейцариянын 10 түрмөсүндөгү камералардын дубалдары кызгылт түскө боётулган. Натыйжада, төрт жылдын ичинде  абактагылардын жүрүм-турум бир топ жакшыргандыгын чиновниктер билдиришкен. Ошентсе да эксперимент карама-каршылыкты туудурат, анткени мындай камераларда болгондор «кичинекей кыздын бөлмөсү» деп аталган жерде калууну кордук деп эсептешкен. Кандай гана болбосун, түстүн адамдарга таасири бар экендигин эксперимент көрсөттү.

Төмөндө айрым түстөрдүн бизге эң көп тийгизген таасирин талдайбыз:

❤ Кызыл түс көңүлдү өзүнө тез бурдуртат, тайманбас, шашылыш, импульсивдүү аракеттерди жаратат.

💛 Сары түс жашоодо ишенимдүүлүктү тастыктайт, оптимисттик түс.

🧡 Кызгылт сары түс жандуулукту арттырып, руханий гармонияны жана ички тең салмактуулукту берет.

💚 Жашыл түс айыктыруучу жана эс алдыруучу таасир берет. 

💜 Күлгүн түс адамдын сезимталдыгын жогорулатат, анын эң сулуу, назик жана романтикалуу сезимдерин ойготот.

💙 Көк түс эң маанилүү деталды баса белгилейт. 

🖤 Кара түс ой топтоого жардам берет.

Бул психологиялык фактор жарнамада, маркетингде, терапияда, ошондой эле саясий максаттарда, партиялар шайлоочулардын арасында өздөрүн айырмалап таанытуу үчүн колдонулат. Ошондуктан, кандайдыр бир чечим кабыл алаардан мурун, берилген түс сизге жана сиздин маанайыңызга таасир эттиби деп ойлонуп көрүңүз.

Булагы: Три точки. Знай, что смотришь!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.