.үч.чекит..үч.чекит.

Тайм-менеджмент: Парето принциби

үч чекит редакциясы
1329
Тайм-менеджмент: Парето принциби

Италиялык экономист Вильфредо Парето өзүнүн «20/80» принцибинин аркасында атак-даңкка ээ болгон. Парето алгачкы байкоолордун натыйжасында Италиядагы бардык жердин 80% калктын 20% гана таандык экендигин билет. Изилдөөлөрүн андан ары улантып, бул катыш бизнес, айыл чарба, үй-бүлөлүк турмуш ж.б. бардык тармактарда да иштей тургандыгын аныктаган. Паретонун эрежеси окууда жана жашоодо кандайча көп ийгиликтерди жаратууга жардам берерин карап көрөлү.

🤷🏻Бул принцип кандайча иштейт

Паретонун эсеби боюнча дүкөндүн ассортиментиндеги буюмдардын 20% гана 80% киреше берет, ал эми буурчак отургузганда 20% үрөндөн 80% жемиштүү өсүмдүктөр алынат. Бул сандар бир аз өзгөрүлүп турушу мүмкүн, мисалы, кээде компаниянын 30% кызматкерлери 60% кирешени камсыз кылат. Ошол эле учурда, сиз калган кызматкерлерди жумуштан кетире албайсыз, көчөттөрдүн же буюмдардын санын азайта албайсыз: себеби баланс бузулат, жалпы натыйжалуулук төмөндөйт.

Тайм-менеджмент жаатында Парето принциби боюнча иштин 80% жасоого 20% убакыт сарпталат жана 20% натыйжа алуу үчүн 80% күч жумшалат дегенди билдирет.

☝🏼Жумшалуучу күчтү бөлүштүрөбүз

Парето эрежеси боюнча, маанилүү маселелерди аткарууга 20% убакыт кетет. Калган 80% ды адатта прокрастинация (жасаш керек болгон нерселерди, маселелерди улам кийинкиге калтыруу) же перфекционизм (бардыгын идеалдуу жасоого умтулуу) ээлейт. Демек, эң маанилүүлөрүн натыйжалуу убакытка калтыруу керек.

Өзүңүздүн психотипти эске алуу да маанилүү. Кээ бир адамдар жумушка дароо киришип, натыйжалуу иштеп башташат, ал эми айрымдарга ишти кызуу баштоого убакыт керек. Эгерде сиз биринчи типке таандык болсоңуз, анда негизги маанилүү нерселерден баштооңуз керек, ал эми экинчисине кирсеңиз, анда жөнөкөй маанилүү эместеринен баштаңыз. Эгерде сиз тез эле ишке аралашып, бирок анча маанилүү эмес нерселерден баштасаңыз, анда эң маанилүүлөрү үчүн күчүңүз калбай калат.

⌚️Убакытты туура пландаштырабыз

Күндүн 20% га жакын убактысы «үкү» тибиндеги адамдар үчүн түштөн кийинки убак, ал эми «торгойлор» үчүн – эртең мененки маал өзгөчө жемиштүү. Ишти аткаруунун жогорку эффективдүүлүк мезгилинде эң татаал маселелерди чечүү пайдалуу. Эгер сиз акыл иш-аракетинин туу чокусунда болгон учурда окууга же жумушка бара жаткан болсоңуз, анда социалдык тармактарга киргендин ордуна кошумча адабияттарды окуңуз, билим берүүчү видеолорду көрүңүз жана подкасттарды угуңуз.

💻Экран караган убактыбызды азайтабыз

Кээде, тапшырманы аткаргандыгыбыз үчүн өзүбүзгө ыраазычылык билдирүү максатында же көнүмүш адатыбыз боюнча социалдык тармактарда баарлашып, оюндарды ойнойбуз. Канааттанууну алып келүүчү, эс алдыруучу жана күч-кубат алууга жардам берген эң мыкты эс алуу – бул уйку, физикалык активдүүлүк, сейилдөө, чыгармачылык жана жакындарыңыз менен жандуу баарлашуу экендиги илимий жактан далилденген.

Эс алууңуз пайдалуу болушу үчүн, бош убактыңыздын 20% гана гаджеттерге жумшап, калган 80% сейилдеңиз, кол өнөрчүлүк менен алектениңиз, ата-энеңизге телефон чалыңыз же бир аз уктап алыңыз.

📰Контентти фильтрлейбиз

Парето принциби жаңылыктар түрмөгүн тазалоого жардам берет: катталган баракча, аккаунтардын 20% гана жаңы жана кызыктуу маалыматтарды алып жүрөт, калгандары актуалдуу эмес же башкалардын билдирүүлөрүн көчүрүп алышат. Мына ошентип «пабликтердин» 80% баш тартууга болот, баары бир эртеби-кечпи алардын тизмеси кеңейет. Канчалык аз жазылсаңыз, жаңылыктарды ошончолук тез көрүп, ишиңизге кайтасыз.

👥Баарлашуу маалында

Эгерде сиз баарлашкан чөйрөңүздү анализдеп көрсөңүз, Паретонун эрежеси боюнча, он дос-тааныштардын экөөсү гана сизди колдойт жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө шыктандырат. Калгандары менен баарлашуу сиздин маанайыңызга жана ийгилигиңизге эч кандай таасирин тийгизбейт, же болбосо маанилүү иш-аракеттерге көңүл бурууга тоскоол болот.

Көп ийгиликтерге жетишүү үчүн, «артка тарткан» адамдар менен жазышууларды жана сүйлөшүүлөрдү азайтууга аракет кылыңыз. Мындай адамдар адатта өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга умтулушпайт жана өзүңүздүн күчтүү экениңизге күмөн саноого алып келет.

Булагы: Фоксфорд

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.