.үч.чекит..үч.чекит.

Сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандырган 16 сапат

үч чекит редакциясы
1127
Сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандырган 16 сапат

1.  Байкагычтык

Адам бала кезден үйрөнгөн эң алгачкы көндүмдөрдүн бири. Биз байкоо жана туюу сезимдерибиз менен маалымат чогултабыз. Биздин байкоолорубуз өзүбүздүн ой-пикирибиздин калыптанышына жана чындыкты тереңирээк түшүнүүгө алып келет.

2.  Кызыгуу

Дүйнөгө жана айланадагы адамдарга кызыгуу – сынчыл ой жүгүртүүсү күчтүү көптөгөн лидерлердин белгиси. Жашыбыз өткөн сайын биз тубаса кызыгуубузга көңүл бурбай калабыз, бирок жаңы нерселерге жол ачып, билимибизди тереңдетүүгө мына ушул сапат түрткү берет. Аны өнүктүрүү үчүн, жаңы нерселерди кадимкидей эле маалымат катары кабыл албаңыз, тескерисинче, эмне үчүн ушундай деп кызыгууңузду арттырыңыз.

3.  Объективдүүлүк

100% объективдүү болуу мүмкүн эмес, анткени биздин дүйнө таанымыбыз жана басып өткөн тажрыйбабыз бизге чоң таасир этет. Ошентсе да ар дайым колуңуздан келишинче кырдаалга калыс карап, талдап көрүүгө аракет кылыңыз. Фактыларга жана маалыматка берилген илимий баага токтолуңуз. Башкалардын эмоциясын жана өзүңүздүн сезимдериңиздин ой жүгүртүүгө таасири тийбегидей аракет кылыңыз.

4.  Өздүк анализ

Бул сиздин ой жүгүртүү процесстериңиздин түзүлүшүн чагылдырат. Өзүңүзгө өзүңүз анализ жүргүзүү мүмкүн болгон жаңылыштыктарыңыз жөнүндө, ошондой эле аларга канчалык деңгээлде көңүл буруп жатканыңыз жөнүндө түшүнүк берет. Бул сиздин ички ойлоруңузду, сезимдериңизди жана туюмдарыңызды изилдөөгө жардамдашат.

5.  Аналитикалык ой жүгүртүү

Келишим түзүүдө, отчет же бизнес-план жазууда, атүгүл адамдар менен мамиле түзүүдө да маалыматты анализдөө жөндөмү маанилүү. Бул үчүн, маалыматтын компоненттерин бөлүктөргө бөлүп, алардын кандайча өз алдынча жана чогуу иштей алышын баалоо керек. Анализ далилдерди байкоого, чогултууга жана баалоого негизделет. Ошондо гана объективдүү жыйынтык чыгара аласыз.

6.  Адашкандыкты аныктоо жөндөмдүүлүгү

Ишенимиңизди тастыктаган далилдерди издеп, билимиңиздин булактары ишенимдүү экендигин текшериңиз. Бул көп учурда байкалбай калган жана биздин кабылдообузду бурмалоочу жаңылыштыгыбызды ачыкка чыгарууга жардам берет. Айрым маалыматтарды баалоодо андан кимдер пайда көрөрү жөнүндө ойлонуңуз. Информациянын булагы үчүн анын жашыруун пайдасы барбы? Бул маалыматка карама-каршы келген фактылар жаап-жашырылып жаткан жокпу?

7.  Маалыматтын маанилүүлүгүн аныктоо жөндөмдүүлүгү

Негизги кыйынчылыктардын бири – бул учурдагы кырдаалда кайсы маалымат өзгөчө актуалдуу жана маанилүү экендигин түшүнүү. Башында келип түшкөн маалыматтардын баары баалуу болуп көрүнөт, бирок бул ар дайым эле тастыктала бербейт. Маалыматтын булагы актуалдуубу, объективдүүбү же маанилүүрөөк көз-караштан алагды кылып жаткан-жатпаганын ойлонуп көрүңүз.

8.  Фактыларга таянган божомолдорду жасоо жөндөмдүүлүгү

Биз дайыма эле мааниси түшүндүрүлгөн маалыматты ала бербейбиз. Аны баалап жана алгачкы маалыматтарга таянуу менен өз корутундуңузду чыгарышыңыз керек. Окуялардын андан ары мүмкүн болгон өнүгүшүнүн сценарийлерин да эске алуу керек.

Бирок фактыларга негизделген божомолдорду жасоо жөндөмдүүлүктү жөнөкөй болжолдоо менен чаташтырбаңыз. Мисалы, бирөөнүн салмагы 118 килограмм деп окусаңыз, ал адам ашыкча салмактуу жана ден-соолугу начар деп ойлошуңуз мүмкүн. Туура тыянак чыгаруу үчүн, албетте, анын боюнун бийиктигин жана дене түзүлүшүн билишиңиз керек.

9.  Эмпатия

Сезимталдык жана эмоционалдуулук биздин кабылдообузга таасир бергендиктен, боорукердик критикалык ой жүгүртүүдө ашыкча нерседей сезилиши мүмкүн. Бирок боор оорубаса, биз бардыгын жөн гана маалыматтар жана фактылар боюнча гана карап калабыз. Мындай көрүнүш тез эле бардык аймактарга жайылып, биз баарынан шектене баштайбыз.

Сынчыл ой жүгүртүү эффективдүү болуш үчүн адам факторун эске алуу керек. Сиз туш болгон кырдаалда маалымат гана эмес, адамдар дагы маанилүү экендиги эсиңизде болсун.

10. Текебердиктин жоктугу

Кетирген каталарды моюнга алып, артыкчылыктарыңызды жогору баалабаңыз. Өзүңүздүн алсыз жактарыңызды жана күчтүү жактарыңызды билүү сынчыл ой жүгүртүүнүн маанилүү элементи болуп саналат. Андыктан башка адамдардын ой-пикирин дароо четке какпаңыз. Эгер жаңылып жаткан болсоңуз, көз карашыңызды өзгөртүүгө даяр болуңуз.

11.  Учурдагы абалга каршы чыгууга даяр болуу

Мурунтан колдонуп жүргөн салттуу ыкмалардан алыстап көрүңүз. Акылга сыярлык жоопторду жана колдо болгон бардык маалыматты эске алган жолдорду издеңиз. Калыптанып калган көндүмдөрдү бузууга жасалган аракет чагымчыл көрүнүшү мүмкүн, бирок мына ушунун өзү инновациянын жаралышына негиз түзөт.

12.  Бардык жаңы нерселерге ачыктык

Чукул чечим чыгарбаңыз. Бардык кырдаалга ачык көз караш менен мамиле жасаңыз жана башка адамдардын көз карашын, ой-пикирин кабыл алыңыз. Бардык көз караштарды билмейинче, кимдир-бирөөнү жактабаңыз. Бул кырдаалды жалпылап баалоого жардам берет.

13.  Ой жүгүртүүдөгү кеңири таралган каталар жөнүндө билүү

Адаштырууга жана иллюзияга алданууга жол бербеңиз. Көбүнчө ой жүгүртүүгө жана талаш-тартышка алып келген кеңири таралган когнитивдүү каталарды изилдеңиз. Мисалы:

  • Жеңил жол катасы – мүмкүн болушунча көбүрөөк түшүндүрмөлөрү болсо дагы, сиз тандаган көз карашыңызга таянууну уланта бересиз.
  • Себептүү көз карандылыктын жана кубулуштардын ортосундагы байланыштагы баш аламандык. Эгер эки окуя бир эле учурда болуп жатса, анда бири экинчисине себеп болгонсуйт.

14. Чыгармачыл мамиле

Адатта, креативдүүлүк идеяларды түзүү менен, сынчыл ой жүгүртүү аларды талдоо жана баалоо менен байланыштырылат. Бирок чыгармачыл мамиле кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечүүдө стандарттык эмес мамиле жасоого жардам берет.

Шаблондорго жабышпаңыз. Ишке ар кандай көз караш менен карай тургандай жаңы кызыкчылыктарды иштеп чыгыңыз. Өзүңүздү башка бирөөнүн ордуна коюңуз. Эксперимент жасагандан коркпоңуз.

15.  Натыйжалуу баарлашуу жөндөмдүүлүгү

Баарлашуу көйгөйлөрү көбүнчө кырдаалды баалай билбегендиктен же аны башка жагынан карай албагандыктан келип чыгат. Мына ошондуктан сынчыл ой жүгүртүү керек. Ал сиздин жеке ой жүгүртүүңүздү тууралоого жана аларды билдирүүгө, ошондой эле маектешиңиздин ойлорун түшүнүүгө жардам берет.

16.  Уга билүү жөндөмдүүлүгү

Башкаларга өз оюңузду билдирип эле койбостон, башка бирөөнүн пикирин уга билүү да маанилүү нерсе. Сүйлөшүүдө адамды угуп эле тим болбостон, ага жигердүү катышыңыз. Божомолдоруңуздан фактыларды так ажыратуу үчүн суроолорду бериңиз. Маектин темасын тереңирээк изилдеп, түшүнүксүз болгон нерсени тактап, маектешиңизди түшүнгөнгө жана көбүрөөк маалымат алганга аракет кылыңыз.

Булагы: Лайфхакер

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.