.үч.чекит..үч.чекит.

«Спам» сөзү кантип пайда болгон?

үч чекит редакциясы
185
«Спам» сөзү кантип пайда болгон?

«Спам» сөзү бүгүнкү күндө бардык эле интернет колдонуучуларга белгилүү. Анын үстүнө аны билип эле тим болбостон, электрондук почтадан да көп көрүүгө болот. Ошентсе да «спам» деген сөз интернет же электрондук почта менен эч байланышы жок экендигин баары эле биле бербейт.

Спам – бул акроним, кыскартылган сөз. Ал spiced ham – «татымдуу ветчина», «калемпир кошулган колбаса», «калемпирлүү ветчина» деген сөз айкашынан алынган. Демек, «spam» англис тилинен түздөн-түз «спетчина» – «татымал» жана «ветчина» деп которулат.

Бул «ветчинанын» тарыхы төмөнкүчө: 1937-жылы Американын «Hormel Foods» компаниясы фабрикада топтолгон үчүнчү сорттогу өтүмдүүлүгү начар эттен фарш колбасасын чыгарган. Табиттүүлүгү аз бул продукцияны америкалыктар сатып алышпагандыктан, корпорациянын ээси Хормель мырза кеңири масштабдагы маркетинг өнөктүгүн баштап, ал продукцияны кеңири жарнамалап, консерваланган азыктарын аскердик ведомстволорго жана деңиз флотуна бере баштаган.

1937-жылы «Hormel Foods» американын жана союздаштардын күчтөрүн өз продукциясы менен азыктандырган. Ал түгүл согуштан кийинки Англияда дагы, экономикалык кризистин шартына карабай спам англиялыктардын негизги тамагы болгон. Оруэлл «1984» чыгармасында сүрөттөгөн «кызгылт эттин кесимдери» 1948-жылдагы спам болгон. Мына ошентип бул сөз качып кутула албас жийиркеничтүү мааниге ээ болуп калган.

1970-жылы декабрда Monty Python’s Flying Circus театр тобунун жыйырма бешинчи скетч чыгарылышында көрүүчүлөр ар бир тамактын түрүнө «спам» кошулган ресторанда болушат. Официант кыз спамдын артыкчылыктарын баса белгилеп сүрөттөп берет. Арткы планда викингдердин кийимин кийген хор келгендердин сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болуп, «Спам, спам, спам!» – деп кыйкырып башташат. Ошентип «спам» термини жагымсыз, тажатма, пайдалуу билдирүүлөрдү да «угузбаган» ашыкча маалымат катары кабыл алына баштаган.

Жаңы маанидеги «спам» термини (таңууланган электрондук каттар, почта таштандылары) 1993-жылы пайда болгон. Usenet компьютердик тармагынын администратору Ричард Депью программа жазган. Анын программасында катачылык болуп, натыйжасында 1993-жылы 31-мартта конференциялардын бирине эки жүз окшош билдирүү жиберилген. Ага нааразы болгон маектештери таңууланган билдирүүлөргө тез эле «спам» деген ат беришкен.

Ал эми эң алгачкы массалык «спам-таркатма» 1994-жылы апрелде болгон. Кызыгы Canter&Siegel юридикалык компаниясы спам программасын жазганга программист жалдап, баягы эле Usenet тармагында конференция учурунда кеңсенин шектүү кызматтарын жарнамалаган. 

Хормелдин «спам» аталыштагы колбасалары ушул күнгө чейин АКШда чыгарылып жаткандыгына карабастан, бүгүнкү күндө «спам» термини (ошондой эле андан келип чыккан сөздөр – «спамить», «спамер» ж.б.) толугу менен электрондук почтага багытталып кеңири жайылды.

 «Касперский Лабораториясынын» аныктамасына ылайык, спам – бул эч кимге белгисиз  жана эч кимден сурабай эле жапырт таркатылган кат.

Бул аныктамадагы ар бир сөз маанилүү.

Эч кимге белгисиз: негизинен, ар бир эле адам кайтып келүүчү дареги бурмаланып же жашырылып автоматтык түрдө жөнөтүлгөн каттардан жапа чегишет.

Эч кимден сурабай: албетте, почталык жөнөтүүлөр жана конференциялар биздин талаптарга туура келбеши белгилүү (анонимдүүлүк шарты аны кепилдейт).

Жапырт: бул жөнөтүүлөр массалык мүнөзгө ээ, алар спам жасоочулар үчүн чыныгы бизнес, ал эми колдонуучулар үчүн чыныгы көйгөй.  

Спамдын аныктамасына көбүнчө «жарнама» же «коммерциялык сунуш» деген сөздөр кирет. Бул таптакыр туура эмес – спамдын көпчүлүк бөлүгү жарнамалык же коммерциялык максаттарды көздөбөйт. Алар: саясий спам-таркатма, «кайрымдуулук» спам каттары, алдамчылык («фишинг»), досторго жөнөтүү өтүнүчү менен жазылган «чынжыр каттар» (коркунучтуу окуялар, «бакыт каттары»), вирустук каттар ж. б. болушу мүмкүн, алардын коммерциялык уюмдарга тиешеси жок болуусу ыктымал.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.