

Соцтармактар фейктер менен кантип күрөшүүдө?


Социалдык тармактарда ишенимдүү маалыматтар менен катар, коронавирус жөнүндөгү фейктер да көп кездешет. Маалыматтык платформалар эпидемияга байланыштуу дезинформация жана манипуляциялар менен кантип күрөшүп жатканы жөнүндө баян кылабыз.
Google издөө тармагы SOS ALERTS системасын ишке киргизүү менен, оору жөнүндөгү фейктин жайылышына каршы күрөшүүнү чечти. Колдонуучу издөө тилкесине «коронавирус» сөзүн киргизгенден кийин, ага Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун материалдарынын атайын топтомдорун тандоо, ошондой эле вирусту болтурбоо боюнча пайдалуу кеңештер сунушталат.
Facebook коронавирус жөнүндө жарыяланган маалыматтардын тактыгын текшерип, табылган фейктерди жок кылат. Социалдык тармак ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму белгилеген вирус жөнүндө жалган билдирүүлөрдү же жашыруун аракет теорияларды камтыган постторду жаап салат. Платформа текшерилбеген каражаттар менен өзүн-өзү дарылоого жана вирустун алдын алууга чакырган басылмаларды жок кылат.
Ошондой эле Instagram дагы жалган ырастоолорду камтыган коронавирус жөнүндөгү басылмаларды жок кылат. Издөө тилкесине #coronavirus хэштегин киргизгенде: «Коронавирус тууралуу маалымат издеп жатасызбы? Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы маалыматтарын карап көрүңүз» деген эскертме пайда болот. Бирок, азырынча бул функция социалдык тармактын англис тилиндеги сегментине гана жеткиликтүү, #коронавирус деп сурамжылаганда эскертме көрүнбөйт.
Twitter платформасынын өкүлдөрүнүн эсеби боюнча, акыркы бир айда коронавирус жөнүндө 15 миллион твит жарыяланган. Дезинформациянын көлөмүн азайтуу үчүн, платформа «Фактыларды билип алыңыз» (Know the fact) баскычын иштеп чыкты, ал илдет жөнүндө маалымат издегенде пайда болот. Ал баскыч Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна тиешелүү маалыматтарга алып келет.
TikTok
TikTok кызматы башкы бетине Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо үюмунун сайтына шилтемени кошту жана колдонуучулардын ою боюнча зыяндуу жана коркунучтуу болгон маалыматты берүү жөнүндө эскертме менен толуктады. TikTok кызматынын ишенимдүүлүк жана коопсуздук стратегиясы боюнча эксперти Рэй Эллинин айтымында, Лос-Анжелестеги атайын модераторлор тобу дезинформациянын жайылышына каршы күрөшөт. Алардын милдети – колдонуучунун даттанууларын карап чыгуу жана туура эмес маалыматты камтыган видеолорду алып салуу.
Бул ыкмалар коронавирус жөнүндөгү фейктер менен күрөшүүдө натыйжалуу болушу мүмкүн. Ошентсе да, маалыматтык чөйрөбүздүн таза болушуна өзүбүз да кам көргөндү унутпайлы.