.үч.чекит..үч.чекит.

Эмне себептен соцтармактагы лентам ушундай?

Асель Сооронбаева
1176
Эмне себептен соцтармактагы лентам ушундай?

Социалдык тармактардын эң негизги артыкчылыгы — бул ар бир колдонуучунун өзгөчө жаңылык лентасы. Алгач биздин виртуалдык достор жүктөгөн сүрөттөр, алардын пикири хронологиялык тартипте көрсөтүлүп турган. Бирок, кийинчирээк соцтармактардын негиздөөчүлөрү «акылдуу» лентаны ойлоп тапкан. Алардын айтымында, дал ушул ыкма аркылуу ар бир колдонуучу маанилүү жаңылыктарды өткөрүп жибербөөгө мүмкүнчүлүк алат. 

«Акылдуу» лента качан пайда болгон? 

2006-жылы Facebook жана Twitter биринчилерден болуп жаңылык ленталарын ишке киргизген. Twitter постторду (твиттерди) кезек-кезеги менен көрсөтүп турчу, ал эми Facebook 2007-жылы «жактыруу» («лайк») баскычын киргизип, анын негизиниде алгоритм иштеп чыккан. Башкача айтканда, лентадагы маалымат колдонуучу жүктөгөн посттун убактысына карап эмес, анын популярдуулугуна жараша пайда болот. 2014-жылы популярдуу постторго Instagram да басым жасап баштаган. Ал эми Twitter менен «ВКонтакте» мындай ыкмага 2016-жылы гана өткөн. 

Алгоритм эмне себептен улам киргизилген? 

«ВКонтакте» социалдык тармагынын негиздөөчүлөрүнүн айтымында, ар бир колдонуучу жүздөгөн адамга катталган. Алар өз учурунда 500дөй маалымат чыгарып турат. Колдонуучулар виртуалдык достору жүктөгөн жаңы маалыматтын 20%ын гана көргөнгө жетишип, маанилүүсүн өткөрүп жиберчү. Дал ошол себептерден улам, «ВКонтакте» алгоритм киргизгенге мажбур болгонун айтат. 

Соцтармактарда жаңылыктар алгоритми кандай иштейт?

Жаңылыктар дээрлик бардык социалдык тармактарда бирдей алгоритм менен иштейт. Колдонуучу кайсы бир досуна же компанияга «лайк» басып, комментарий калтырып, же анын посту менен бөлүшсө, ошол адамдын/компаниянын жаңылыктарын көбүрөөк көрүп турат. Мындан тышкары, көп «катташпаган» достордун да популярдуу посттору лентага чыгып калат. Facebook тармагы муну менен гана чектелбестен, керек болсо колдонуучунун кайсы бир маалыматка бөлгөн убактысын да эске алат. 

Жаңылыктарды ирети менен көрсө болбойбу?

Instagram социалдык тармагында алгоритмдерди өчүрүп, жаңылыктарды хронологиялык тартипте көрсө болбойт. Ал эми Facebook'та мындай мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн жаңылык лентасынын жогору жагынан тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип алсаңыз болот. Бул учурда жаңылык лентаңыз акыркы 24 саатка карата хронологиялык тартипте иштеп баштайт. Ушул эле баскыч аркылуу өзүңүзгө маанилүү болгон жаңылыктарды (приоритет) да тандап алсаңыз болот. 

«ВКонтакте» соцтармагында экрандын оң жагындагы «алгач кызыктуусун» («сначала интересные») функциясын өчүрүп салсаңыз, жаңылыктар хронологиялык тартипте көрсөтүлө баштайт. 

Twitter'де профилдеги «настройки и конфиденциальность» деген жерден «показывать сначала лучшие твиты» функциясынан чымчыкчаны алып коюу керек. Ошондо башкалардын жазгандарын убакыт ирети менен көрө аласыз. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, болгону 2% колдонуучу гана жаңылыктарын хронологиялык тартипте көргүсү келет.

Эмне себептен менин лентамда жарнама чыгат?

Социалдык тармактар жарнама жарыялоо жана бизнес жүргүзүү үчүн эң мыкты аянтча болуп саналат

Target – англис тилинен которгондо «максат». Жарнама берүүчүлөр алдын ала колдонуучулардын жынысы, жашы, кызыктары, жашаган жери сыяктуу максаттуу критерийлерди тандап, анан жаңылыгын чыгарат. Бул өз учурунда кыйла натыйжалуу жана көптөгөн колдонуучуга жеткиликтүү болот. Өзүбүз жөнүндө маалыматты социалдык тармакка катталган учурда көрсөтөт эмеспизби. Эгер биз интернет булагынан керектүү кызматты же товарды издеген болсок, тиешелүү маалымат баракчабызга чыгып калат. Бул ыкма – «контексттик реклама» деп аталат. Мындай жарнама бизнестерге ири пайда алып келет.

Facebook сизди сүйүктүүңүздөн да жакшы билеби?

Кэмбридж университенин изилдөөчүлөрү 86220 адамдан 100 суроодон турган анкета алып, алардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдеген. Андан соң, окумуштуулар алардын Facebook'тагы «лайк» баскычтарын анализдеп көргөн. Адамдын негизги сапаттарын эң мыкты өздөштүрүү үчүн компьютердик программага орто эсеп менен 227 «лайк» жетиштүү экени белгилүү болгон. Колдонуучуну кесиптешиндей билүүгө болгону 10 «лайк» жетиштүү, досундай билүү үчүн – 70 «лайк», ал эми колдонуучунун 150 «лайкы» компьютерге ал тууралуу үй-бүлө мүчөсүндөй эле билип алууга мүмкүнчүлүк берет. Эгерде 300дөн ашуун «жактыруу» баскычын баскан болсоңуз, Facebook сизди сүйүктүүңүздөн да мыкты тааный алат.

Facebook лентасына карата айтылган сын-пикирлер

Facebook «акылдуу» лентаны биринчилерден болуп киргизгендиктен, сын-пикирге көбүрөөк кабылган. Мисалы, 2014-жылы колдонуучулар өзүнө көңүл бурдурган баштемаларга арыздана баштаган. Андыктан, соцтармак мындай маалыматты колго алып, аны азайтууну туура көргөн. 2015-жылы Facebook фейк жаңылыктар менен күрөштү баштаган. Колдонуучулар постко «жалган маалымат» катары арыздануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон да, мындай маалымат жөнгө салына баштаган. 2016-жылы АКШда президенттик шайлоо өткөн соң, фейк маалымат менен күрөшүү күчөгөн. 

2017-жылдын соңунда Вайнио аттуу АКШ жараны «таанышымдын өлүмү тууралуу маалыматты Facebook'тан өткөрүп жибердим» деп жалпыга маалымдоо каражаттарына арызданган. «Мындан ары колдонуучулар достору тууралуу көбүрөөк, ал эми компаниялардын жаңылыктары тууралуу азыраак маалымат ала баштайт», – деп билдирген, Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг.

Соцтармактагы лентаңыздын «логикасын» түшүнүп алдыңызбы? Өз лентаңыздын сизге кызыктуу жана пайдалуу болуп көрүнүп турушу үчүн эмне кылышты эми билесиз.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.