.үч.чекит..үч.чекит.

Социалдык долбоорлорду илгерилетүү же эффективдүү маалымат кампанияны кантип уюштуруу керек

үч чекит редакциясы
1129
Социалдык долбоорлорду илгерилетүү же эффективдүү маалымат кампанияны кантип уюштуруу керек

Байланыш адиси, MoveGreen экологиялык уюмунун башчысы, «Бишкектеги таза аба үчүн» кампаниясын демилгечиси Мария Колесникованын мастер-классынан негизги ойлор:

  • Анализдөө. Социалдык долбоорду элге жеткирүүдө алгач көйгөйдүн өзүн жана өзөгүн анализдеш керек. Ал жөнүндө кеңири маалымат топтоо өтө маанилүү.
  • Негизги билдирүүлөр. Маалыматтык кампанияны жүргүзүүдөн мурда негизги билдирүүлөрдү аныктап алыңыз. Башкача айтканда, эмне жөнүндө, кантип айтууну команда ичинде белгилеп алуу зарыл. Негизги билдирүү абдан жөнөкөй болгону жакшы. Бардык кампания ушул нерсенин айланасында болушу керек.
  • Максаттуу аудитория. Бул этапта максаттуу аудиторияны анализдеп алган туура. Демографиялык, социалдык, географиялык жана психологиялык көрсөткүчтөрдүн баарын эске алуу менен аудиториянын портретин түзүп алыңыз. Ошондо гана аны менен кантип сүйлөшүү керек экенин түшүнө аласыз. Эгерде бардык адамдарды бирдей камтыйм десеңиз, сиздин негизги билдирүү эч кимге жетпей калат. Ар бир негизги билдирүүнүн өзүнчө максаттуу аудиториясы болот.
  • Пландаштыруу. Онлайн, офлайн иш чаралардын убактысын, бардык деталдарын жана ар бир кадамды пландоо маанилүү. Мисалы, кышында биз аппак баннер менен эксперимент жүргүзүүнү пландаганбыз. Натыйжада бул тажрыйба жөнүндө маалымат 1200 жолу репост болгон. Анткени тажрыйбанын мезгили да роль ойногон.
  • Белгилүү адамдар жана ЖМКлар менен иштөө. Өз уюмуңуздун ички саясатына жараша маалымдоо каналдарын тактап алыңыз. Сиздин максаттуу аудитория кайсыл жерде көбүрөөк болсо, ошол жерде чыгууга аракет кылыңыз. Журналисттердин көңүлүн бурдуруш үчүн креативдүү, кызыктуу иш чараларды уюштуруп туруңуз.
  • SMM. Соцтармакта уюмдун же долбоордун өзүнүн баракчасы болгон жакшы. Бул жерде да максаттуу аудиторияны издеңиз. Ал адамдардын сиздикиндей баалуулуктары болгону жакшы. Соцтармакта конкурстарды, челлендждерди өткөрүп турсаңыз эффективдүү болот.
  • Өнөктөштөрдү табуу. Сиз менен иштеше турган уюмдарды же адамдарды издеңиз. Ар бир учур өзгөчө. Биз, мисалы, мамлекеттик органдар менен иштештик. Алар менен биргелешип өткөргөн иш чаралардан кийин чиновниктер биздин ишке олуттуурак мамиле жасай башташкан.

Толук маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз. 

Тег:
Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.