.үч.чекит..үч.чекит.

Шайтан алгыр, Билл Гейтс жана 5G!

үч чекит редакциясы
1372
Шайтан алгыр, Билл Гейтс жана 5G!

                                    «Адамзатка каршы чыккан» Билл Гейтстин образы

«Билл Гейтс коронавирус пандемиясын атайылап жараткан. Анын максаты – вакцинаны сатып, андан пайда табуу».

«Билл Гейтс адамдардын денесине вакцина аркылуу микрочип киргизип, адамзатты кырып жок кылууну көздөйт».

«Билл Гейтс денеге киргизилген чип аркылуу адамдардын жашоосун башкарганы жатат».

Бул жана буга окшогон имиштер өсүп-өрчүп отуруп жашыруун аракет теориясына айланды. Ушак-айыңдардын жайылышына Билл жана Мелинда Гейтс фондунун COVID-19га каршы вакцинаны иштеп чыгуу жана коронавирустун кесепеттери менен күрөшүү үчүн 300 миллион доллар бөлүп бергени да себеп болгон.

Майкрософт корпорациясынын негиздөөчүсү өзү жөнүндө айтылган сөздөргө «Чындыгында эле муну төгүндөө кыйын, анткени бул акылга сыйбаган нерсе», – деп жооп берди. Чынында, мындай акылга сыйбаган нерселерге ишенгендердин саны көп болгону өкүндүрөт. Бул адамдар өздөрүнүн терс таасирдүү маанайы менен чыныгы душманды – вирусту жеңүүгө тоскоол болушат. 

5G мунарасы – массалык ызы-чууну пайда кылган символ

Жаңы муундагы өткөргүчсүз 5G байланышы дагы коронавирустун жайылышына кандайча себепкер болуп калды, түшүнүксүз. 5G мунараларынын ден соолукка тийгизген терс таасири тууралуу далилдер алигиче жок. Бирок, адамдар болбой эле оорунун жайылышын ушул нерседен көрүшүп, мунараларды өрттөп, кыйратып жатышат. Алардын мындай жүрүм-туруму зомбиге окшошуп кетет: «талдоо», «сынчыл ой жүгүртүү», «анализдөө», «изденүү» деген түшүнүктөр таптакыр жок. Алардын аң сезиминде бир гана ой бардай: «Бул жаман! Аны жок кылуу керек!».

Белгилүү бир кырдаалга карата көз-караштарды манипуляциялоо иш-аракеттери

Вирустун бар экендигин тануу, сокурдук, илимге сыйбаган түшүнүккө же жашыруун аракет теориясына ишенүү, эффектке ээ болбогон каражаттар менен өзүн-өзү дарылоо: булардын баары кырдаалды ого бетер курчутуп жатат. Албетте, бул жерде соцтармактардын жана мессенджерлердин дагы таасири чоң, себеби манипуляциялоо куралдары дал ушул чөйрөдө кеңири таркайт.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.