

Саясий жактан сабаттуумунбу?


Канчалык деңгээлде саясий сабаттуумун? Бул суроону акыркы убактарда өзүмө көп бере баштадым. Мурда саясатка кызыкпайт элем. Мен ага кызыкпаганым менен ал менин жашоом менен тыгыз байланыштуу экен. Ошону түшүнүп жеткенге чейин мага бир аз убакыт керектелди окшойт. Иши кылып жашым 25тен өтүп калгыча (азыр 33төмүн) саясатка кызыкпай, баш оорутпай жүрө бериптирмин.
Башында эле тактап кетейин, саясат дегенде саясий уруш-талаштар, каралоо сыяктуу интригалардан сөз кылайын деген оюм жок. Ал чөйрө чынында түбү көрүнбөгөн туңгуюк сыяктуу. Саясий сабаттуу болуу дегенде эмне жөнүндө сөз кылайын деп жатканымды адегенде кыскача түшүндүрүп кетейин.
Саясий сабаттуулук деген эмне?
Бул чындыгында аябай чоң түшүнүк. Жөнөкөйлөтүп айта турган болсок, саясий сабаттуулук — жаран катары өз өлкөмдүн түзүлүшү жана иши жөнүндө маалыматка ээ болуп, өлкөмдүн саясий жашоосуна аралаша билүү жөндөмүмдү билдирет.
Саясий сабаттуулуктун өзөгүн жарандык билим берүү жана атуулдук тарбия түзөт. Артка кылчайып карай турган болсом, атуулдук билимди мектепте да, жогорку окуу жайда да албаптырмын. Балким, кайсы бир сабактарда белгилүү бир темалар менен кошо жарандык тарбия жана билим берилгендир. Бирок өзүнчө, өлкө жараны катары билишим керек болгон мамлекеттин алдындагы укук жана милдеттерим, мамлекеттик түзүлүш, бийлик бутактары жана алардын иши жөнүндө толугу менен сабак өтүлгөн эмес экен.
Ошентсе да жашоомо саясаттын таасири тийип атканын сезе баштаганда саясий жактан сабатымды өз алдымча ачпасам болбой калганын байкадым. Көп эле окуя болгон, алардын бирин эле мисал катары айта кетейин: 2010-жылы парламенттик өлкөгө айланганыбыз. Парламенттик башкаруу деген эмне экен деп интернеттен өз алдымча маалымат издеп, түшүнүк алууга аракет кылдым. «Дүйнөдө кайсы өлкөлөрдө парламенттик башкаруу бар? Ал өлкөлөрдө жашоо кандай? Башкаруунун дагы кандай формалары бар?» деген сыяктуу суроолор пайда болуп өзүмчө ойлоно баштадым. Кыскасы, саясий сабатымды ачууга аракет кылдым. Андан бери далай нерсе өзгөрдү. Айланада болуп аткан саясий кыртышты жана өзгөрүүнү түшүнүүгө аракетимди азыркы күнгө чейин токтоткон жокмун.
Эмне үчүн саясий жактан сабаттуу болуу маанилүү?
Өлкөмдүн саясий жашоосуна аралашып, салымымды кошуу үчүн сөзсүз эле саясий кызматкер болуум кажет эмес. Мен жөнөкөй жаран болуп туруп өлкөдөгү өзгөрүүлөргө таасир эте алам.
Кантип? Мисалы, азыркы күндөгү парламенттик шайлоого карата жүрүп жаткан үгүт иштерин эле алалы. Жаран катары мен үгүт иштери кандай жүрүп атканына көз салууга аракет кылып атам.
Үгүт иштери учурунда менин көңүлүмдү бурган өзгөчө бир көрүнүш — бул партиялардын ураандары. Мисалы, кээ бир партиялар Жогорку Кеңешке шайланып кала турган болсо, депутаттардын санын эки эсеге чейин кыскарта турганын айтууда.
Мындай караганда, туура, ушул күнгө чейин «120 депутаттан пайда жок, эч бири элди ойлобойт, аларды азайтыш керек...» деген өңдүү сын-пикирлер коомубузда байма-бай айтылып келген. Өзүңөр да байкап көрсөңөр, ураандардын көпчүлүгү шайлоочулардын сезимдерине, эмоцияларына багытталат. Жогорудагы мисалда айтылгандай, ураандар сиздин оюңуздагы нерсени айтышы ыктымал, же сизди кыжырданткан көрүнүштөрдү токтото турганын убада кылышы мүмкүн, же болбосо кандайдыр бир коркунуч бар экенин, аны жоё турган жалгыз өзү экенин баса белгилейттир. Айтор, саясатчылар шайлоочунун эмоциясынын эсебинен өзүнө добуш алгысы келет.
Маселенин өзөгү депутаттардын санында деле эмес негизи. Себеби сан жагынан алып караганда, алыс барбай постсоветтик өлкөлөрдү эле алалы. Мисалы, 3,5 миллиондой калкы бар Грузияда 150 депутат өкүлү бар, ал эми 1,5 миллиондой калкы бар Эстония парламентинде 100 эл өкүлү иштейт. Ошондуктан 6 млн калкы бар Кыргызстан үчүн 120 эл өкүлү өтө деле көп деп айтууга болбойт. Кеп ошол Жогорку Кеңешке келе турган 120 эл өкүлүнүн сапатында болуп атпайбы?!

Ушул сыяктуу көрүнүштөрдү аныктап, өзүмдү алдоого жол бербей жана ошондой эле мындай көрүнүштү болтурбоо үчүн кылган аракетим — өлкөмдүн саясий жашоосуна жаран катары кошкон салымым. Ошон үчүн шайлоодо убагында эмоция менен эмес, саясий жактан сабаттуу болуп акыл-эс менен чечим кабыл алуу зарыл деп эсептейм.
Чындыгында өлкөдө болуп саясий окуялардын баарын билип, ичип-жеп коё албайбыз. Кээ бирибиз балким бул тармакка такыр тиешеси жок чөйрөдө иштейттирбиз. Кандай болгон күндө да жаран катары эң башкысы — саясатчылар сизди алдап коюусуна жол бербеңиз.
Ошондой эле саясий манипуляциянын сизге тийгизген таасирин азайтуу үчүн эмне кылсаңыз болот? Мисалы, сиз үчүн кандай орчундуу маселелер бар экенин аныктап алыңыз. Анан ошол көйгөйлөр жөнүндө саясий топтор кандай ойдо экенин билиңиз. Ошентип саясий партиялардын көз караштарын салыштырып, анын негизинде аларды колдоп-колдобоону чече аласыз.
Бирок көңүл буруп коё турган нерсе — маалыматты өзүңүз ишенген булактан алууга аракет кылыңыз. Ал абройлуу маалыматтык сайт, расмий мамлекеттик мекемененин кызматкери же болбосо ишеничтүү маалымат тараткан адамдар болушу ыктымал.
«Билимдүү эмгегине ишенет, билимсиз түшүнө ишенет» деп айтылгандай, билим алууга, жасаган ишине карап чечим чыгарууга аракет кылсак уттурбайбыз деп ойлойм. Саясий жактан сабатты ачуу үчүн болгону сынчыл ой жүгүртүү жана бир аз изденүү эле керектелет.
Көрүп, билип, тактаңыз!