

Санарип детокс: кантип компьютерден жана смартфондон эс алуу керек


Гаджеттерге ашыкча байлануу ден соолукка жакшы эмес. Баарынан мурда көздүн жана келбеттин жабыркай тургандыгы көпчүлүккө белгилүү, ал эми зат алмашуунун басаңдашы жана өнөкөт чарчоо (хроническая усталость) да болору эске алынбай калат. Ден соолукту чыңдоонун бир нече жолдоруна көңүлүңүздөрдү бурабыз.
🤸♂️Көнүгүү жасаңыз
Статикалык абал метаболизмге терс таасирин тийгизет. Дене тарбия сабагынан белгилүү болгон көнүгүүлөр энергия алууга жана булчуңдардын чыңалуусун басууга жардам берет:
• алдыга, артка, солго, оңго жантайыңыз;
• мүмкүн болушунча колуңузду өйдө көтөрүп, омурткаңызды чоюуңуз;
• отуруп, туруңуз.
👓Көзүңүзгө кам көрүңүз
Монитор жана смартфон экраны өзүнөн көгүлтүр түстү чагылткандыктан, узак убакытка чейин отуруу көздүн кургашына жана олуттуу ооруларга алып келет. Көз чарчабаш үчүн, айрыкча кечинде экрандын жарыктыгын азайтыңыз. Ошондой эле, компьютерге же смартфонго көк түстүн таасирин азайтуучу атайын программаларды орнотсоңуз болот.
Компьютерде иштөө көздү нымдоочу ирмөө жыштыгын азайтат. Ар бир жарым саат сайын жок дегенде беш мүнөткө экрандан алаксып турушуңуз керек. Унутуп калбаш үчүн эстеткичти колдонуңуз.
Көзгө көнүгүү жасаңыз:
- Көзүңүздү 3 секунд катуу жумуңуз, анан ачыңыз. 5 жолу кайталаңыз;
- Бир мүнөткө тез-тез көзүңүздү ирмеңиз;
- Көзүңүздү жумуп, 1ден 10го чейинки сандарды тартыңыз;
- Жакын турган нерсени карап, анан кезек менен алыс аралыктагы нерсени караңыз. 5 жолу кайталаңыз;
- Көзүңүздү жумуңуз дагы, манжаларыңыз менен тегерек кыймылда 30 секунда акырын укалаңыз.
💆🏽♀️Башыңызды укалаңыз
Чарчоону жана чыңалууну басуу үчүн, манжаларыңызды маңдайыңыздан желкеңизге карай башыңыздын үстүнөн жеңил кыймылдар менен жүгүртүп, чыкыйыңызды да укалаңыз. Башты укалоо баш ооруну жок кылат жана чачтын активдүү өсүшүнө өбөлгө түзөт.
💦Суу ичиңиз
Дайыма суу ичип туруңуз, анткени ал метаболизмди тездетет. Компьютерде көп отурганда, зат алмашуу жайлап калат. Демек, организм майды жок кылбайт, аны резервде сактайт. Мындай учурда бат чарчайсыз, толосуз, тери, чач жана тырмак көйгөйлөрү пайда болот. Чаңкаганга чейин күтпөңүз, ал адатта суусуздандырууну билдирет.
Жаңы адаттарды киргизүү үчүн:
- Эки саат сайын телефонуңуздагы эстеткичтерди колдонуңуз;
- Ичүүгө жагымдуу болгондой кооз стаканды көрүнүктүү жерге коюп коюңуз;
- Күн сайын канча суу ичкениңизди пайдалуу адаттар трекерине белгилеп туруңуз.
☘️Дем алышта эс алуу — on, компьютер — off
Санариптик түзүлүштөрдөн атайылап баш тартуу – виртуалдык дүйнөдөн бир аз тыныгууга, стресстен арылууга жана башка дагы иш-аракеттер менен алектенүүгө жардам берет.
🚶🏽Сейилдөө
Таза аба иштөө жөндөмдүүлүктү жогорулатат, акыл-эстин абалын жакшыртат жана иммундук системаны чыңдайт. Досторуңуз менен велосипед тээп, тоого чыгып эс алууңузду ар тараптуу кылыңыз.
📚Китеп окуу
Сассекс университетинин окумуштуулары алты мүнөт гана китеп окуу стресстин деңгээлин эки эсеге төмөндөтөөрүн аныкташкан. Ал эми Огайо мамлекеттик университетинин изилдөөчүлөрү жакшы кызыктуу адабият тоскоолдуктарды жеңип, жашоодогу багытыңызды аныктоого жардам берерин далилдешкен. Дем алыш күндөрдү сүйүктүү китебиңиз менен өткөрүүгө эмнеге болбосун?
🎨Чыгармачылык
Чыгармачылык мээни өнүктүрүп, терс эмоциялар менен күрөшүүгө жардам берет. Сүрөт тартууда, музыкалык аспапта ойноодо, жыгач күйгүзүүдө же айкел жасоодо өзүңүздү сынап көрүңүз.
Эмнеден баштаарыңызды билбей жатсаңыз, хобби дүкөнүнөн бир нече даяр топтомду алып, эмнени жактыраарыңызды байкап көрүңүз. Бул самын жасоо же жүндөн кийиз жасоо болушу мүмкүн. Идеалга жакындоого умтулбаңыз, эң башкысы процесске көңүл буруу керек, анткени ишиңизден ырахат алуу маанилүү.
Булагы: Фоксфорд