.үч.чекит..үч.чекит.

«Санарип акылсыздык». Гаджеттер кантип бизди унутчаак кылат?

Гүлжан Эшбаева
1505
«Санарип акылсыздык». Гаджеттер кантип бизди унутчаак кылат?

Алгач сизге суроо салалы. Элестетиңиз, бирөөнүн телефон номерин сурадыңыз. Ал киши сандарды айтты. Сиз аны эсиңизге сактайсызбы же дароо смартфонуңузга жазганы шашыласызбы? Жообуңуздун темага байланышын билүүдөн мурда «санарип акылсыздык» терминин түшүнүп алыңыз.  

Бул сөздүн тарыхы Түштүк Кореяга барып такалат. Анткени, аталган мамлекет дүйнөдө алгачкылардан болуп санариптештирүүгө өттү. Карысына, жашына да заманбап гаджеттер жеткиликтүү боло баштады (Samsung компаниясын эстеңиз).

Ошол эле учурда, бул өлкө санарип технологиянын кесепетине кабылган биринчи мамлекет болуп калды. Адамдар телефон, компьютер, планшет сыяктуу гаджеттерге көз каранды боло баштады. Муну байкаган жергиликтүү изилдөөчүлөр 2007-жылы «санарип акылсыздык» терминин ачыкташкан. Орусча бул терминди «цифровое слабоумие» же «цифровая деменция» деп аташат.     

Санарип деменция же санарип акылсыздык (digital dementia) — кишидеги когнитивдик функциясынын иштебей калышы. Когнитивдик функция дегени — бул ой жүгүртүү, эстөө, анализдөө, тил үйрөнүү, көйгөйлөрдү чечүү, өзүңдү башкара билүү, элестетүү жана көңүл буруу сыяктуу жөндөмдөр. 

Санарип акылсыздыкта кишинин жогорудагыдай жөндөмдөрү жетиштүү деңгээлде иштебейт. Адам унутчаак боло баштайт. Оюн дароо жыйнай албай же эмоциясын кармана албай кыйналат. Мындай «диагнозго» гаджет менен интернетке көз карандылык себеп болот. Ага бардык курактагы адамдар, өзгөчө өспүрүмдөр кабылышы мүмкүн. 

Хиропрактика доктору Кристен Миттенесстин айтымында, деменциянын негизги эки белгиси бар. Анын бири денедеги өзгөрүү — бүкүрөйүү. Гаджеттердин алдында көп убакыт өткөрүп, аз кыймылдайбыз. Бул өз учурунда дененин бүкүрөйө башташына алып келет. 

Экинчи белгиси аң-сезим жактан — унутчаактык. Экрандагы улам тез алмашууну, кыймылдарды узак күзөтөбүз. Бул учурда мээбиздин көңүл коюу, эс тутумга бекемдөө функциясы жай иштөөгө өтөт. Маалыматка ыклас коё албай, унута баштайбыз.

Ошондуктан, адистер санарип акылсыздыкты мээ ооруларынын категориясына кошот. Алардын айтымында, гаджеттерге көз каранды адамдын мээсинин жарым шарлары бирдей өрчүбөйт. Тагыраагы, мээнин сол жарым шары активдүү иштеп, ал эми оң жарым шар жай өсөт.

«Мээнин сол жарым шары көйгөйдү чечүү, факт издөө сыяктуу түзүмдүү жөндөмдөргө кызмат кылат. Ал эми оң жарым шар чыгармачыл ойлорубузга, эмоциялык сезимдерге жооп берет. Көп убакытка чейин оң жарым шар машыкпаса, анда бул санарип акылсыздыктын башталышына алып келет», — деп айткан түштүк кореялык психиатр.

Мисал келтирели. Мурда жадыбалды же телефон номерлерди оңой эле эске сактачубуз. Учурда маалыматты эс тутумга бекемдегени аракет деле кылбайбыз. Себеби, мындай милдетти телефонубузга жүктөп койгонбуз. (Макаланын башындагы суроого сиздин жооп кандай болду эле?) Ошондой эле, бардык керектүү маалымат интернетте бар деп ишенебиз.

Демек, гаджеттер көңүл коюу жана эске сактоо жөндөмүбүзгө тоскоол болууда. Бул мээнин иштешине түздөн-түз таасир этет.

Эми төмөнкү көрүнүштөр сизде болот же болбойт экенин текшерип көрүңүзчү. Албетте, бул мисалдар сизге диагностикалык баа бербейт. Бирок, санарип деменциянын алдын алуучу белгилерди байкоого жардам берет.  

  • Оюмду бат жыйнай албайм;
  • Бир нерсени кайда койгонумду унутуп калам;
  • Таанышкан адамдардын ысымдарын бат унутам;
  • Эшикти чын эле жаптымбы, үтүктү өчүрдүмбү деп улам текшере берем;
  • Жанымдагы адамдардын эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканын дароо аңдай албайм;
  • Түндө оңой уктай албайм;
  • Омурткам жана моюнум ооруйт;
  • Мага азыр гана айтылган маалыматты унутам да, кайра сурап баштайм.

Эгер жогорудагы көпчүлүк же бардык белгилер сизде болсо, анда эмне кылуу керек?

Канадалык изилдөөчү, нейробиолог Брайан Колб мээ тууралуу минтип айтканы бар: «Мээ генимдин продукту гана деп ойлобоңуз. Бул орган ар бир тажрыйбаңыздан калыптанат. Мээ жаңы кыймылды улам кайталап, анан эсине сактап калат. Ошентип, кыймыл-аракетибиз мээбизди өзгөртөт. Демек, келечекте ким болушуңуз мээңизден көз каранды». 

Андыктан, кишинин мээси адаттагы функциясын толук кандуу аткарышы зарыл. Ал үчүн: 

🧠 Эртең менен ойгонгондо дароо эле телефонду аңтарбаганы аракеттениңиз. Тамактануу учурунда эч бир гаджет колдонбоңуз;

🧠 Дене көнүгүүлөрүн жасаңыз. Анкени кыймыл-аракет мээңиздин активдешүүсүнө жардам берет. Жөө басканды адат кылыңыз;

🧠 Кызыгууларыңызды байкап көрүңүз, балким футбол ойногонду жактырасыз. Хоббиңизге көбүрөөк убакыт бөлүңүз;

🧠 Китеп көп окуп, ал окугандарыңызды кайра бирөөгө же өзүңүзгө оозеки айтып бериңиз;

🧠 Туура тамактаныңыз. Жашылча-жемиштердин курамында табигый антиоксидант ферменттер бар. Бул эс тутумдун начарлашынын алдын алат;

🧠 Жатарда Wi-Fi модемди өчүрүп уктаңыз. 

Өзүңүзгө кам көрүңүз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.