.үч.чекит..үч.чекит.

Редактордун сөзү

Эркайым Алиева
975
Редактордун сөзү

Мен сөзүмдүн башында 2020-жылга ыраазычылык билдиргим келет. Ооба, жыл оор болду. Мындайга даяр эмес элек, туурабы? Бирок, бул жыл дал ушундай болбогондо балким сиз менен биз ушул турган абалда кезикпейт белек...

Карантин жарыялангандан бери көңүлүбүз интернетке мурдагыдан алда канча көбүрөөк бурулду: сырткы дүйнө менен байланышка чыгып турдук, жаңы тиркемелерди колдонууну үйрөндүк. Техника жана интернетке байланыштуу нерселер менен жакындан достоштук. Дегеле, маалымат издегенди, жумуштарды онлайн бүтүрүүнү өздөштүрдүк. Муну менен бирге медиасабаттуулукка зарылчылык өстү. Себеби, кырдаалга байланыштуу чын-төгүнү аралаш түрдүү маалыматтардын агымы жаралды. Азыр да бар.

2020-жыл бизди эмнеге гана көндүргөн жок?! Адам баласы кандай учур болбосун айла таап, кыйынчылыктарга туруштук бере алат экен. Демекчи, «.үч.чекит. Көрүп, билип, такта!» долбоорун баштоо / ишке ашыруу дал карантин маалына туш болгон. Командабыз жаңыдан түптөлүп, мүчөлөр бири-бирин таанычу эмес. Андан сырткары, буга чейин онлайн форматта иштеп көргөн эмеспиз. «Долбоорду кантип ишке ашырабыз?» – деп башында сарсанаа болгонум эсимде.

«2020» деген сан бул жашоодо баары мүмкүн экендигин көрсөттү. Калктын медиасабаттуулугун жогорулатууну көздөгөн долбоорубуз бүгүнкү күнгө чейин онлайн иштеп келе жатат. Окурман, угармандарыбызга медиасабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү тууралуу кеп-кеңештерди макала, видео жана подкасттар аркылуу жеткирип турабыз.

Урматтуу, чекитчи!

«Үч чекит» дүйнөсүнө аралашып, бизге дем берип турганыңыз үчүн команданын атынан сизге ыраазычылык билдирем. Сиз бизди сапаттуу, керектүү контент жаратууга шыктандырып турасыз. Билдирүү, комментарий жана бөлүшүүңүз менен интернет океанындагы маяк сымал багыт бересиз. Сиз менен бирге күн сайын биз дагы билим сандыгыбызды пайдалуу маалымат менен толтурабыз.

Билимге умтулган жарыгыңыз өчпөсүн, ой жүгүртүүңүз чексиз болсун. 2020-жылы биз менен бирге болгонуңузга рахмат! Келерки жылы да чекитчи бойдон кала бересиз деген үмүт менен –

Эркайым Алиева


Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.