.үч.чекит..үч.чекит.

Подкаст жаздыргым келет. Эмнеден баштайм?

үч чекит редакциясы
560
Подкаст жаздыргым келет. Эмнеден баштайм?

«Подкастинг» терминин британ журналисти Бен Хаммерсли 2004-жылы ойлоп чыгарган. Бул сөздү ал broadcasting (берүү, таркатуу) жана iPod сөздөрүн кошуу менен жасаган. Алгачкы подкасттарды америкалык радиочулар чыгарышкан. Бирок, андан бери көп нерсе өзгөрдү – подкасттар өзүнүн өзгөчө стилине ээ болду, эми аларды радио уктуруу менен чаташтыруу кыйын.

Подкасттардын ар кандай жанрлары бар: айрымдары жөн гана эки адамдын кызыктуу баарлашуусу болсо, калгандары ири долбоорлор, кызыктуу монологдор, интервьюлар ж.б.

Эмне үчүн подкасттар популярдуу болуп жатат?

Бул минималдуу чыгым менен сапаттуу медиаконтентти чыгаруунун жолу экени белгилүү болду. Подкасттарды угуу үчүн масштабдуу платформалардын пайда болушу алардын учурдагы ийгилигинин себептеринин бири болуп калды. Бир подкастты уккандан кийин, колдонуучу ошол эле платформада башка жаңы материалдарды таба берет, платформа анын буга чейин угуп көргөндөрүнүн негизинде подкасттарды сунуштайт.

Подкасттын артыкчылыктары 

Подкастты каалаган учурда, каалаган жерде, каалаган ишти жасап жатып укса болот. Мисалы: үй жыйнап атканда, машина айдап баратканда, коомдук транспортто же жөн гана сейилдеп жатканда. Майда-барат күнүмдүк иштерди жасаганга кеткен убакытты пайдалуу колдонгонго мүмкүнчүлүк түзөт.

Подкасттар көптөгөн темаларды камтыйт: спорт, саясат, коом, илим, адамдардын мамилелери – сиз өзүңүзгө жаккан теманы тандап, каалаганыңызды ыңгайлуу болгон учурда уга аласыз. Андан тышкары, адам өзүн жалгыз сезип жатса, бир нече адам баарлашкан подкастты угуу ага жакшы маанай тартуулайт.

Подкаст жаздыруу үчүн эмне кылуу керек?

🎧Подкаст эмне жөнүндө болорун так аныктоо керек. Мисалы, жөн гана кино тууралуу эмес, жаңы чыккан тасмаларды анализ кыла турчу подкаст.

🎧Жанрды аныктоо. Кайсы жанр сиздин идеяңызды мыкты чагылдырат? Ток-шоу, интервью, монолог, документалдуу подкаст, журналисттик иликтөө, аналитикалык подкаст же комедия.

🎧Подкасттарды чыгаруу мөөнөтүн алдын-ала белгилеп, пландоо керек. Аларды жума / эки жума / ай сайын чыгарууга убактыңыз, күчүңүз жетеби?

Аталышы

👉🏽Подкастын аты эсте каларлык, заманбап, темага дал келген, оригиналдуу болушу керек. 

👉🏽Ойлоп тапкан аталышты интернеттен издеп көрүңүз. Балким, андай подкаст эчак эле чыгарылган?

👉🏽Оор сезилиши мүмкүн. Ошондуктан достордон, кесиптештерден жардам сурагандан уялбаңыз.

Кандай техника керек?

🎤Подкасттагы үндүн сапаты – угуучуларга болгон сый-урмат.

🎤Башында микрофон, смартфон, смартфонго көчүрүлгөн аудиоредактор жетиштүү жана да үн жаздырганы тынч, үн жаңырбаган бөлмө керек.

🎤Кийин сөзсүз жакшыраак микрофонду, керектүү жабдыктарды сатып алуу, өзүнчө бир студияны жасоо тууралуу ойлонуу зарыл болот.

Подкаст жаздырууга даярдануу

🧩Теманы аныктоо, маалымат топтоо. Темага байланыштуу башка подкасттар болсо, аларды изилдеп чыгып, алардын тажрыйбасынан сабак алуу. 

🧩Сценарий жазуу. Бардыгын сөзмө-сөз жазуунун кереги жок. Чыгарылыштын жүрүшүн көзөмөлдөп темадан чыгып кетпеш үчүн жана көп убакыт коротпош үчүн маанилүү эскертүүлөрдү жазып алуу абзел.

Интервью жанрындагы подкаст – бул радио же телевидение эмес, расмий баарлашуу дагы эмес! 

⭐️Келе турчу конокту аныктап, убакытты белгилеңиз;

⭐️Ал адам жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат топтоңуз;

⭐️Суроолорду даярдаңыз;

⭐️Эң алгачкы үч суроо позитивдүү, кыска жана так болуусу керек. Бул нерсе менен маектешти алдыдагы суроолорго даярдайсыз;

⭐️Меймандын ички дүйнөсүн ачып берүүгө аракет кылыңыз;

⭐️Аягында маектешиӊиздерге силерге бөлгөн убактысы жана маеги үчүн ыраазычылык билдирүүнү унутпаңыз. 

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.