.үч.чекит..үч.чекит.

Ореол эффекти же эмне үчүн биз бир тараптуу пикирде болобуз

үч чекит редакциясы
86
Ореол эффекти же эмне үчүн биз бир тараптуу пикирде болобуз

Ореол эффекти же Гало эффекти (англисчеден halo – ореол, нурлануу, нимб, effect – эффект, таасир) – адам же бир нерсе тууралуу бир көргөндө калыптанган жалпы көз караштын ошол эле адамдын же нерсенин башка сапаттарын баалоого таасир этүүчү когнитивдүү бурмалоо.

Мисалы: Жумуштагы жаңы кесиптешиңиз сизге ыктыярдуу жардам берип, көйгөйүңүздү эффективдүү чечип берди. Ал сизге достук мамиле жасады. «Жакшы адам экен» деген чечимге келесиз. Кийинчерээк ал үйүндө абдан мыкаачы, орой адам экендиги жөнүндө маалымат уксаңыз, ага ишенбей, болбогон ушак деп кабыл аласыз. 
Сиз ага илип койгон «жакшы белги» чындыкка көзүңүздү ачууга мүмкүнчүлүк бербейт: кесиптешиңиз бир тараптуу гана мыкты болушу ыктымал, сиздин учурда – жумушта, а бирок, жашоодо ал жагымсыз, жаман адам болуусу толук мүмкүн.  

Бул эффектти алгач америкалык психолог Эдвард Торндайк аныктаган. 1920-жылы өзүнүн илимий экспериментинде ал армиянын командирлеринен жоокерлердин сырткы көрүнүшү (бою, дене түзүлүшү, тыкандыгы), лидерлиги, интеллектуалдык жөндөмү жана ишенимдүүлүгү сыяктуу мүнөздөмөлөрүнө баа берүүсүн суранган.

Изилдөөдө жоокердин жогору бааланган физикалык өзгөчөлүктөрү анын башка сапаттарын баалоого оң таасирин тийгизген, ошондой эле сырткы көрүнүшү төмөн бааланган жоокердин башка сапаттарын баалоодо төмөн көрсөткүчтөр болгон.

Окумуштуулар сырткы көрүнүштүн жагымдуулугу Ореол эффектинин пайда болуу факторлорунун бири экендигин аныкташты. Бир нече ар кандай изилдөөлөр көрсөткөндөй, биз жакшынакай, сулуу деп баалаган адамдын жеке мүнөзүнүн оң сапаттарына жана акылдуулугуна ишенебиз. Атүгүл, кайсы бир изилдөөнүн жыйынтыгында, сырткы кебетеси жагымдуу келген күнөөлүү адамдардын кылмышкер экендигине соттор көп ишенбегендиги көрсөтүлгөн.

Бул жагымдуулук стереотипинин тескери таасири дагы болушу мүмкүн. Башка изилдөөлөр көрсөткөндөй, сурамжылоонун катышуучулары «келбеттүү адамдар көптөгөн жагымдуу сапаттарга ээ болот» деп айтса дагы, ошондой эле жагымдуу адамдар бой көтөргөн, ишенимсиз болушат жана алар өздөрүнүн татынакай кебетесин башка адамдарды баш ийдирип алуу үчүн колдонушат деп эсептешет.

Ореол эффекти эмне үчүн пайда болот?

Убакыттын жетишсиздиги. Биздин убактыбыз чектелүү, бизге ал ар дайым жетпегендей, андыктан башка адам жөнүндө ойлонууга жана аны изилдөөгө убактыбыз жок. Башка адамдарды бир көргөндө кабыл алганыбызга жараша мамиле кылуу биз үчүн жеңилирээк.

💿Маалыматтын көптүгү. Маалыматтын агымы өтө чоң болгондуктан, бир нерсеге токтолуп, аны талдап чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз да, каалообуз да жок.

👁‍🗨Стереотиптүү ой жүгүртүү. Бул көбүнчө жалкоолуктан пайда болот, биз ойлонуп, анализ жүргүзгүбүз келбейт, мээбибиздеги өзүбүздүн даяр «шаблондорду» колдонуп, аларды башка адамдарга таңуулоо оңой.

🧬Башка адамдагы өзгөчө бир сапат. Адамдын өзгөчөлөнгөн бир сапаты анын башка сапаттарына көлөкө түшүрүшү мүмкүн. Сырткы көрүнүш көбүнчө ушундай мүнөзгө ээ, анткени аны баалоо тезирээк жана оңой.