.үч.чекит..үч.чекит.

Мерфи закону

үч чекит редакциясы
1476
Мерфи закону

Википедияга ылайык, Мерфи закону «эгерде кандайдыр бир жагымсыз окуя болуш керек болсо, анда ал сөзсүз болот» же «эгер кандайдыр бир нерсе туура эмес болуш керек болсо, анда ал ошондой болот» деген ой жүгүртүүгѳ туура келген тамашалуу философиялык принцип.

Закондун келип чыгышы 1949-жылы АКШнын аба күчтөрүнүн базасында инженер болуп иштеген майор Эдвард Мерфиге байланыштуу. Ал: «Эгерде бир нерсени жасоонун эки жолу бар болсо, анын бири кырсыкка алып келсе, анда кимдир бирөө ушул жолду ойлоп табат», – деп айткан.

Бул мыйзамдын өзүн, албетте, Эдвард Мерфи ойлоп тапкан эмес. Адам баласы аны байыртадан бери эле байкап, бул принципти ар кандай формада билдирип келишкен.

Мерфи законуна мисалдар:

🔹Ыктымалдуулук закону: сиздин жүрүм-турумуңуз акылсыз болгон учурда бирөө сизге байкоо салып турган болот;

🔹Кокустук сандардын закону: эгер сиз туура эмес номерди терип чалуу аткарып алсаңыз, анда сизге бирөө сөзсүз жооп берет;

🔹Алиби закону: эгерде сиз жетекчиңизге машинанын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан кечигип жатам деп калп айтсаңыз, эртеси сөзсүз түрдө дөңгөлөгүңүз жарылат;

🔹Кезек закону: кезегиңизди өзгөртсөңүз дагы, башкаларга караганда ар дайым жайыраак жыласыз;

🔹Жолугушуу закону: тааныш адамыңыз менен жолугуу ыктымалдуулугу жолуккуңуз келбеген адам менен жүргөнүңүздө бир топ жогорулайт. Мыйзам чачын жууй элек же дүкөнгө үй кийими менен шашып кирип барган аялдарга дагы тиешелүү;

🔹Кеңсе закону: эгерде компьютердик программаңыз иштебей калса жана сиз бирөөдөн жардам сурасаңыз, анда ал жакындап келери менен бардыгы туура иштей баштайт;

🔹Театр закону: өтмөктөн алысыраак жайгашкан орундардагы адамдар кечигип келишет;

🔹Бут кийим закону: сизге жаккан моделдин сизге чагы болбой калат;

🔹Хеопс закону: эч нерсе эч качан график боюнча курулбайт же бюджетке туура келбейт.

Мерфи закону күлкүлүү болгонуна карабастан, ал биздин жашообузда айрым аспектилерге дал келип калган учурлар кездешет. Ал ден соолукка, акчага, кадыр-баркка жана башкаларга таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан, аны менен кантип күрөшүүнү билүү керек.

Мерфи законуна болгон ашыкча берилүү адамды жашоодогу бардык окуялардан эң жаманын гана көргөн параноикке айландырат. Бирок туура ой жүгүртүү менен бир гана пайдалуу жагын алса болот.

  • Эгерде сиз Мерфи мыйзамы жөнүндө конкреттүү жашоо кырдаалыңызга байланыштуу ойлонсоңуз жана алдыда болуучу эң начар кырдаалга даяр болсоңуз (Б планын даярдап койсоңуз) – бул туура ой жүгүртүү.
  • Эгерде сиз жаман нерсе болуп кетет деп тынчсызданып жатсаңыз, бирок тобокелдик жана ыктымалдуулук жөнүндө ойлонгуңуз келбесе, Б планын түзбөсөңүз – анда бул туура эмес ой жүгүртүү.

Маанилүү көйгөйдү чечүүгө кам көргөнүңүз – албетте, туура иш. Жөн гана кабатырланып жана кыжырдансаңыз – ал башка нерсе.

Жаман окуя болуп кетсе, кооптоно берүү эч кандай жардам бербейт. Бирок сизде ыңгайлуу мезгилде алдын-ала түзүп койгон планыңыз болсо, зыяндуулукту азайтуу мүмкүнчүлүгү кыйла жогорулайт.

Кылдаттык менен даярдануу стрессти жок кылары психологдор тарабынан илгертен эле далилденген. Адам өзүнө жардам берет деп ойлогон нерсени жасаганда, ал үчүн чоң жеңилдик болот. Андыктан, келечектеги терс окуялар жөнүндө ойлонгонуңузда, учурда туура маанайдамынбы же туура эмес маанайдамынбы деп өзүңүзгѳ суроо бериңиз.

Эсиңизде болсун, позитивдүү ой жүгүртүү да жардамчы болот. Б планын түзүп, күтүлбөгөн нерселерге даяр экениңизди билгенден кийин, жакшы нерселерди ойлоно баштаңыз. Мерфи закону сиздин досуңуз, бирок ал аз дозада иштейт. 

Ошондой эле, бардыгы көбүнчө кабылдоодон да көз каранды экендигин айта кетүү керек. Биз үчүн же абдан бактылуу күн же таптакыр начар күн болду дейбиз. Күн эле эмес, жумуш, оюн, тажрыйба, адам да болушу мүмкүн. Албетте, чындыгында андай эмес. Маанай начар болгондо, көп нерсе ой жүгүртүүнүн ак-кара призмасы аркылуу кабыл алынат. Демек, биринчи кезекте ѳзүңүзгѳ суроо беришиңиз керек: азыр чындыгында эле Мерфи закону болуп жатабы же мен жаман нерселерди гана көргүм келип жатабы? Бул суроого чын жооп бергенден кийин иш-аракетти баштаңыз. Ийгилик!

Булагы: 4brain.ru

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.