.үч.чекит..үч.чекит.

Мээни жууш үчүн самындын кереги жок

үч чекит редакциясы
1031
Мээни жууш үчүн самындын кереги жок

«Брейнвошинг» терминин эң алгач 1950-жылы журналист Эдвард Хантер колдонгон. Ал Miami News басылмасындагы макаласында кытайча «си-нао» сөзүн англисчеге түз которуп brainwashing деп жазган. Журналист бул термин менен туткунга түшкөн америкалык аскерлердин эмне үчүн кытайлыктарга «сатылып» кеткенин түшүндүргөнү аракеттенген.    

Кытайда кайсы бир нерсеге мажбурлап көндүргөн психологиялык методду «мээни жуу» деп аташкан. Демек, брейнвошинг (brain: мээ, washing: жуу) бул — «мээни жуу» же аң-сезимди көзөмөлдөө дегенди билдирет. 

Мисал катары 1951-1953-жылдары ич ара согушкан эки Кореяга көз салып көрөлү. Бул жаңжалда Түштүк Кореяга Америка жан тартып, ал эми Түндүк Кореяга Кытайдын армиясы жардамдашып турган. Ошол согушта туткунга түшкөн америкалык аскерлерге кытайлыктар дал ушул «мээни жуу» методун колдонушкан. Бул үчүн кытайлыктар үч психологиялык кадамды пайдаланган:

1. Коркуу сезимин күчөтүп, опузалашкан. Адамдын эң жөнөкөй муктаждыктарына коркунуч келтирип, тамак-аш, суу жана уйкудан чектешкен. Курбуларынан, пикирлештеринен бөлүп салышкан. Мындайда киши жаш баладай баёо болуп, коркконунан бардык кызматташууга макул болот.

2. Сынчыл ой жүгүртүүсүн төмөндөтүшкөн. Адамды жаш баладай коркутушканда өзүн коргой турган бардык психологиялык жолдору жабылат. Маалыматты талдап, сынчыл ойлоно албайт. Натыйжада, таңууланган образды кабыл алып, кайырмакка илинет. 

3. Жардам бергич адамдын образында өз маалыматтарын сиңиришкен. Туткундагы адамды өзүнө ээ кылдырбай коркутуп, сынчыл ой жүгүртүүсүн жок кылышты. Эми ага жардам берүүчүнүн образындагы «куткаруучу» кол сунат. Ал эми корккон киши анын буйруктарын аткарууга, ал сунуштаган маалымат менен суугарылууга даяр. 

Азыркы заманда мээбизди кантип «жуушат»?

Азыркы заманбап жашообузда мээбизди жуу үчүн бизди тамак-ашыбыздан айырбайт деңизчи (туткундагы аскерлер сыяктуу). Бирок, кыйыр түрдө бизди чочутуп, сынчыл ой жүгүртүүбүздү басаңдатышат. Анткени, биз маалымат алуу үчүн мурдагы телевизор менен гезиттен ашып, соцтармак деген мейкиндикке дагы чыктык. Бул нерсе информацияны ылгабаганга үйрөттү. 

Мисалы, ТВда бир тараптуу, манипуляциялык программа көрсөтүлүүдө дейли. «Сенсация», «эксклюзив», «шашылыш кабар» деп башталды — нервибиз чыңала түштү. Кыска сюжеттер улам кийинкисине алмашып, арасында анонсу, жарнамасы, эң түбүндө жүгүртмө тексти коштоп турат. Он мүнөттүк берүүдөн бир канча образды көргөнүбүз үчүн анын баарын топтом деп кабылдайбыз. Ар бирин өз-өзүнчө анализдөөгө убактыбыз жок. 

Тез ылдамдыкта иштеген мээ «автопилот» режимин жандырат — бизге сунушталган формула менен ойлонууга өтөбүз. Манипулятор бизге топту ыргытат, биз аны кармап алууга аракеттенебиз. Мына, биз тил алчаак адамга айландык. 

Жарнамалар да биздин мээбизди чайкап, кыйыр түрдө коркуу сезимибизди ойготот. Рекламадагы буюм гана бизге жетишпей жаткандай таасир жаралат. Мындан улам, жарнамачылар биздин муктаждыгыбызды чечет дейбиз да, сатып алабыз. Албетте, ага баары эле көңүл бурбашы мүмкүн. Бирок, анын кайырмагы — улам кайталангандыгы, дайыма көзгө көрүнчү жерге илингени. «Ушул кофени бай адамдардай ич», «бул сагызды чайнап, сүйгөнүңдү тап» деп ишендирет. Пропагандалайт. Адегенде көңүл бурбаган киши деле кийинчерээк продуктка кызыгып баштайт.

Дагы бир курал — колдонулган сезимтал түстөр, добуштар. Бөтөлкөдөгү суусундуктун тамчыларынын күчөтүлгөн үнү. Капкагы тимеле жеңил ачылып, аны суусап турган бирөө тамшанып ичип жатканы... Ырахаттанганы жүзүнөн көрүнүп жылмайып койсо, экрандын бери жагындагы сиз деле шилекейиңизди «кулк» этип жутуп аласыз. Демек, кайырмакка илиндиңиз. 

Соцтармакта мээни кантип жууйт экенине Фейсбукта жасалган тажрыйба далил. Анда 700 миң кишинин лентасына бир жума бою позитивдүү жана негатив маалыматтарды чыгарып турушкан. Тагыраагы, бул кишилер лентасын өздөрү башкара алышкан эмес. Бир аптадан кийин жалаң позитив окугандар көбүрөөк шаңдуу постторду жазууга өтүшкөн. Ал эми экинчилер негативдүү ойлору менен бөлүшө башташкан. Бул көрүнүш соцтармакта башкалардын эмоциясы жеке адамдарга таасир берет экенин, интернетте массалык жугузуу (заражение) мүмкүндүгүн көрсөтөт. 

Мээни жууганда адамдарды бирден эмес, массалык түрдө манипуляция кылышат. Жалгыз кишини ишендирүү үчүн профессионалдык деңгээл керек. Ал эми көпчүлүктүн аң-сезимин башкарууда бул зарыл эмес. Себеби, кишилер ич ара сүйлөшүп, эмоциясы менен өздөрү эле бири-бирин таасирлентип коюшат. Айланасындагылар баары чогуу бир нерсени талкуулап жатышса телефонунун бери жагындагы киши деле көпчүлүктү ээрчийт. Мисалы, WhatsApp группалар, Фейсбук жана Инстаграмдагы комментарийлер.

Демек, мээни «жуу» — эмоциялар менен ойноо. Биздин аң-сезимибизге өздөрү каалаган маалыматты жайгаштыруу. Бирок, аң-сезим сиздики гана, көпчүлүктүкү эмес. Аны өзүңүзгө эмес, башкаларга гана пайдалуу маалыматтардан сактоо сиздин колуңузда. Бул үчүн: 

  • Маалымат булагынан: ТВ, радио же сайттан бир канча убакытка алыстаңыз. Бул «мээни жуугандан» сактоочу эң жөнөкөй жана натыйжалуу психологиялык коргонуу. Бул учурда таасир толкуну басаңдай түшөт. 
  • Чарчап турганда маалымат окубаганга аракеттениңиз. Алсыз маалда анализдөө жөндөмүңүз төмөндөйт. Бүт маалымат психологиялык түзүм катары акыл-эсиңизге бекемделип калат. 
  • Эгерде кайсы бир информацияны ушунчалык эле окугуңуз келип жатса, анда аны пропаганда менен алектенбеген ар башка булактардан издеп көрүңүз. Бул балким илимий макала же китеп болушу мүмкүн.
  • «Бул чын эле мага керекпи?». Өзүңүзгө суроо бериңиз. Дүйнөдөгү бардык маселени сиз гана ойлонушуңуз керек эместир. Маалымат өмүрүңүз үчүн аябай маанилүү болбосо, жөн гана өз ааламыңызга сүңгүп кетиңиз.

Мээбизди «жууп жатат» деп башкаларды күнөөлөө туура эмес. Сиз маалыматты талдаганды, сынчыл ойлонгонду койбоңуз. Башкалар «дүйнөдө ак жана кара түс гана бар» десе эле ишене бересизби?  

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.