.үч.чекит..үч.чекит.

Мээбиз реалдуулукту кандайча бурмалайт? 13 мисал

үч чекит редакциясы
186
Мээбиз реалдуулукту кандайча бурмалайт? 13 мисал

1. БИР НЕРСЕНИН ТУУРА ЭМЕС ЭКЕНДИГИНЕ КӨЗҮБҮЗ ЖЕТКЕНДЕН КИЙИН ДЕЛЕ ОЮБУЗДУ ӨЗГӨРТПӨЙБҮЗ

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эгер белгилүү бир фактылар биздин көз карашыбызды четке кагып жаткандыгын түшүнүп турсак дагы, биз өз оюбузду өзгөртпөйбүз жана аны ого бетер ынтызарлык менен коргойбуз. Бизге оюбузду өзгөрткөндөн көрө, анын тууралыгын тастыктоо оңой.

2. РЕЗИНА КОЛДУ ЧЫНЫГЫ КОЛДОЙ СЕЗИП АЛАБЫЗ

Окумуштуулар эксперимент учурунда ыктыярчы адамдын колунун жанына жасалма колду коюп, адамдын чыныгы колу кайда экендигин аныктоого мүмкүн болбогондой экөөнү тең кездеме менен ороп жаап салышкан. Ыктыярчы резинага тийгенде, адамдын колуна тийгендей эле сезимдерди баштан кечирген. Бул көрүнүш проприоцепция деп аталат, ал дене бөлүктөрүнүн мейкиндикте бири-бирине салыштырмалуу жайгашуусун мээнин сезе алуусун түшүндүрөт.

3.  АЙ ГОРИЗОНТКО ЖАКЫНДАГАН САЙЫН ЧОҢОЮП КЕТПЕЙТ

Ай горизонтко жакыныраак түшкөн сайын чоңураак болгондой көрүнөт. Бирок бул оптикалык иллюзия. Ай горизонтко жеткенде, ага бак-дарактар ​​жана имараттар сыяктуу жакын жайгашкан нерселер ага визуалдык чоңойткон перспективаны түзөт.

4.  ТҮС ТЕМПЕРАТУРАНЫ КАБЫЛДООГО ТААСИР ЭТЕТ

Биз ойлонбостон кызыл түстү жогорку температура менен, ал эми көк түстү төмөнкү температура менен байланыштырабыз. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдар кызыл же сары стакандагы суусундуктарды көк же жашыл стакандагыга караганда жылуураак деп эсептешет.

5. ЖАЛГАН ФАКТЫЛАРДЫН КАЙРА-КАЙРА КАЙТАЛАНА БЕРҮҮСҮ АЛАРГА ИШЕНҮҮГӨ ТҮРТКҮ БЕРЕТ

Америкалык Pew Research Center изилдөө борбору америкалыктардын 20% Барак Обаманы мусулман деп эсептей тургандыгын аныкташкан. Бул ишеним эч кандай фактыларга негизделбейт. Элдер бул жөнүндө ар дайым уга берип, жалган пикирлер жаралып калган. Бул эффект чындыктын иллюзиясы деп аталат. Ал эффект боюнча, кандайдыр бир пикирдин чындык деңгээли биз аны канча жолу уккандыгыбызга жараша болот.

6.  ЭСТЕГЕНДЕРИБИЗДИН БААРЫ ЭЛЕ ЧЫНЫНДА БОЛГОН ЭМЕС

Конфабуляция эффектиси деп аталган жалган эскерүүлөр бар. Адам чындыгында эле эч качан болуп көрбөгөн окуяларды эстей алат. Мээ фактылардын ордун алмаштырып жана аларды кокустук иретте жайгаштырып алууга жөндөмдүү. Бул көрүнүш 1866-жылы немец психиатры Карл Людвиг Калбаум тарабынан ачылган.

7.  БИЗ СЫНООЛОР ЖАНА КАТАЛАР МЕНЕН ҮЙРӨНӨ АЛБАЙБЫЗ

Массачусетс Технологиялык Институтунун окумуштуулары маймылдардын туура жана туура эмес иш-аракеттерди жасоодо мээсинин активдүүлүгүн өлчөшкөн. Маймыл туура иш кылганда, кийинки жолу ага кайталоо жеңилирээк болгон. Бирок, ийгиликсиз аракеттерден кийин кайра кайталоо оң натыйжа берген эмес.

8.  БИР ЭЛЕ ТҮСТӨГҮ А ЖАНА В КВАДРАТТАРЫ

Албетте, бизге андай эместей сезилет. Бул бизге көрүнгөн образ көздүн эле эмес, мээнин иштешинин натыйжасы экендигин да көрсөтүп турган таң калыштуу оптикалык иллюзия. Бул учурда мээ көрүнбөгөн эффекттен биз күткөн натыйжаларга ылайык сүрөттөлүштү «тууралайт».

9.  КӨЗДҮН КӨРҮҮСҮ БИЗГЕ ДААМДЫ СЕЗҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ

Изилдөөчүлөр эксперименттин катышуучуларынан ак шарапты баалоону суранышкан. Даамды сүрөттөөдө ак шарапка тиешелүү мүнөздөмөлөр келтирилген. Окумуштуулар ошол эле суусундукту кызылга боёп салгандан кийин, ыктыярчылар анын ичинде кызыл шарапка тиешелүү белгилерди табышкан. Эксперимент бир нече жолу кайталанган, бирок жыйынтыгы өзгөргөн эмес. Демек, тамактын жана суусундуктардын сырткы көрүнүшү даамга чоң таасир этет.

10.  КӨЗ АЛДЫБЫЗДА ЭМНЕ БОЛУП ЖАТКАНЫН БАЙКАБАЙ КАЛЫШЫБЫЗ МҮМКҮН

Бул көрүнүш көңүл бурбаган сокурдук деп аталат. Бул бүт көңүлүн бир нерсеге топтогон адам маанилүү болсо дагы күтүлбөгөн жерден пайда болгон дүүлүктүргүчтү байкабай калышы мүмкүн болгон психологиялык кубулуш. Биздин кабылдоонун бул өзгөчөлүгүн иллюзионисттер көп колдонушат.

11.  МЭЭ ТЫЙЫНДЫ ЫРГЫТКАНДА БЕШ ЖОЛУ КАТАРЫ МЕНЕН ОҢУНАН ЧЫКСА, АЛТЫНЧЫСЫНДА СӨЗСҮЗ ТЕСКЕРИСИНЕН ПАЙДА БОЛОТ ДЕП ЭСЕПТЕЙТ

Бул андай эмес экендиги түшүнүктүү. Бирок мээбиз ыктымалдуулук теориясын четке кагат. Тыйынды оңунан дагы бир жолу көрүү мүмкүнчүлүгү мурдагыдай эле 50%. Бирок ички туюм жаңылыштык менен мүмкүнчүлүктүн өзгөргөндүгүн кабарлайт.

12.  БАШКАЛАР КАТА КЕТИРМЕЙИНЧЕ, БИРДЕЙ УЗУНДУКТАГЫ ЭКИ СЫЗЫКТЫ ОҢОЙ ТАБАБЫЗ

Психолог Соломон Аш ыктыярчыларды атайын даярдалган адамдардын тобу менен бөлмөгө киргизип: «A, B же C кесиндилеринин кайсынысы биринчи кесиндинин узундугу менен тең?» – деген суроо менен кайрылган. Эгерде ушул бөлмөдөгү үч адам туура эмес жооп берсе, катышуучулардын 32% да бул суроого туура эмес жооп беришкен.

13.  ЭГЕР КИМДИР БИРӨӨ БИЗГЕ КӨҢҮЛ БУРБАЙ ЖАТСА, МЭЭ КАНДАЙДЫР СЕБЕП МЕНЕН АЛ АДАМДЫ АКМАК ДЕП ТАБАТ

Буга адамга тиешелүү болгон атрибуциянын фундаменталдык катасы жооп берет. Анын айынан бизге башка адамдардын жүрүм-туруму тышкы факторлордун натыйжасы эмес, алардын жеке сапаттарынын көрүнүшү болуп көрүнөт. Жыйынтыгында мээ башка адамдардын иш-аракеттери жөнүндө туура эмес жыйынтык чыгарат.

Булагы: Лайфхакер