.үч.чекит..үч.чекит.

Манипуляция эмнелерге негизделет? 3 баалуулук

үч чекит редакциясы
1693
Манипуляция эмнелерге негизделет? 3 баалуулук

Эмне үчүн сынчыл ой жүгүртөт деген сиздин тааныштарыңыз дагы манипуляцияга жана конспирологияга ишенет? Манипуляция жана конспирология деп биз күнүмдүк фейктерди эмес, терең ойлонуштурулган, коомдук ой-пикирге таасир берген татаал схемаларды түшүнөбүз. СПИДге байланыштуу банан жөнүндө фейкке ишенбеген жана аны менен бөлүшпөгөн адам канткенде бүтүндөй конспирологиялык теорияларга ишенип каларына түшүнүү кыйын.

Биз манипуляциялардын жана конспирологиялык теориялардын эң популярдуу түрлөрүн изилдеп, авторлор көбүнчө үч баалуулукка: балдарга, үй-бүлөгө жана ден-соолукка басым жасарын байкадык. Манипуляциялык баяндамаларды чыныгы маанилүү маалыматтардан айырмалоону жеңилдетүү үчүн ушул үч темага байланыштуу баалуулуктар кандайча колдонулуп жаткандыгын сүрөттөп, мисалдар менен көрсөтүп берүүнү чечтик.

👶🏽Балдар

Балдар, тагыраак айтканда, алардын коопсуздугуна болгон коркунуч – манипуляторлор өз таасиринин масштабын көбөйтүүгө жетишкендиги менен белгилүү учурлардын бири. Бул АКШдагы #savethechildren хэштегин басып алган QAnon конспирологиялык тобунун жашыруун аракет теорияларын жайылтуу мисалында ачык байкалат. Кампаниянын негизги максаты – Трамптын саясий оппоненттерин иштен чыгаруу. Кампаниянын маңызы – демократиялык партия педофилдерди колдойт деген конспирология теориясын жайылтуу болгон. Ал үчүн QAnon мультфильмдердеги жашыруун каармандардан тартып, Хиллари Клинтон балдарды сексуалдык эксплуатация үчүн же пиццериялардын бирине тамак катары камсыз кылат деген #pizzagate окуясына чейинки ар кандай билдирүүлөрдү жазган.  #savethechildren хештеги конспирология үчүн ушунчалык көп колдонулгандыктан, Фейсбук бул хештегди убактылуу жаап койду, ал эми эл аралык Save the Children уюму ушул эле аталыштагы ал хештегдин контенти уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешеси жок деп расмий билдирүү жасады.

👨‍👩‍👧‍👦Үй-бүлө

Үй-бүлөлүк баалуулуктарга шек келтирүү коркунучу айрыкча консервативдик көз караштагы өлкөлөрдө манипуляция катары колдонулат. Мисалы, Кыргызстанда акыркы парламенттик шайлоонун астында ушундай мазмундагы фейктер колдонулган. «Реформа» партиясынын талапкерлеринин бири гейлердин укугун коргоону жана аларды колдоону көздөп жатат» деп айтылган билдирүүлөрдү мисал келтирсек болот. Коомдогу гомофобиялык маанайдын фонунда мындай маалыматтарды жайылтуу ушул партия үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгына чоң таасир этиши мүмкүн.

Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө Россиянын мыйзамы – үй-бүлөлүк баалуулуктарды манипуляциялоонун дагы бир ачык мисалы болуп эсептелинет. Негизги талаш-тартыштар активисттер менен укук коргоочулардын үй-бүлөлүк зомбулукту кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабынын фонунда жүрүп жатат. Бирок, норманын каршылаштары бул мыйзамды үй-бүлө институтуна коркунуч катары көрсөтүшөт.

🚑Ден-соолук

Ден-соолукка байланыштуу коркунучтар ар дайым популярдуу фейк жана манипуляциялык баян болуп келген. Алсак, вакцина жөнүндөгү теориялар конспирологиялык рейтингдин башында турат. Пандемиянын шартында ден-соолукка болгон коркунуч фейктердин жайылышын тездетти. Мисалы, март айынан июнь айына чейинки мезгилдерде адамдар Covid-19 вирусун жуктурган маскалар, жөнөтмөлөр жана тесттер жөнүндөгү фейктерди жөнөтүшкөн. Албетте, дал ушундай жалган маалыматтар вирус пландаштырылып жайылтылган деген жашыруун аракет теориясын кеңири жайылтууга жардам берди.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.