.үч.чекит..үч.чекит.

Макала кантип жазылат?

үч чекит редакциясы
24612
Макала кантип жазылат?

Жакшы макала жаратууда эмнелерди эске алуу керек?


✔️Макаланы жазып баштоодо эң алгач аудиторияны таанып алуу керек. «Ким үчүн, эмнеге жазып жатам?» деген суроого жооп табыңыз. Маалымат издей баштаңыз. Ар тараптуу материалдарды топтоп, аларды кылдат окуп чыгыңыз.

✔️Эгер даяр тема берилсе аны түшүнүүгө аракеттениңиз. «Теманы өзүм толук түшүндүмбү?». Эгер өзүңүз толук түшүнбөгөн болсоңуз, анда макаланы жазууга даяр эмессиз.

✔️Баштема — макаланын жалпы маанисин түшүндүргөн кыска сүйлөм. Аны окуган адам макала менен таанышууга кызыгышы керек. Идеалдуу баштема алты-тогуз сөздөн куралат. Ал табышмак болбосун. Интернеттеги маалыматтарды убактысы тар адамдар окушат. Табышмактын жандырмагын табууга алардын убактысы жок.

✔️Баштема суроолуу сүйлөм болбогону жакшы. Же ачык суроо болуусу керек. Мисалы: «Маек учурунда телефонго алаксый бересизби?» деген темага окурман «ооба» же «жок» деп жооп берип коет да, андан ары окубайт. 

✔️Бир тема — бир макала. Кеңири тема болуп жатса, аны тар тема кылып түзүп алган оң. Себеби чоң тема чоң мазмунду талап кылат. Тар теманы түзүңүз дагы, аны кеңири, ар тараптан ачып бериңиз.

✔️Лид — баштемадан кийинки биринчи абзац. Ал адатта коюулатылган шрифт менен белгиленет. Идеалдуу лидде карама-каршы пикирлер жазылат жана айтылуучу окуянын негизги учурлары баяндалат. Лид баштемадагы сөздөрдү кайталабаганы жакшы. Ал баштеманы окуган адамдын кызыгуусун дагы да арттыруусу керек. 

✔️Мазмунду жазып баштоодо план түзүп алсаңыз, жакшы жардамчы болот. Мазмундагы биринчи-экинчи сүйлөм чоң мааниге ээ. Аны болушунча кызыктуу кылып жазыңыз. Цитата же кызыктуу факт менен башталган текст кишинин көңүлүн бурат.

✔️Өзүңүздүн оюңузга эмес, так маалымат булактарына таянып жазыңыз. Мисалы, изилдөөлөр, эксперттердин пикири ж.б. Аларга шилтемелерди макалада тиркеп, булагын атап коюу керек. 

✔️Текстти жазууда сүйлөмдү кыска жана жөнөкөй тил менен жазыңыз. Узун сүйлөмдү окугандан эринебиз, түшүнгүбүз келбейт. Абзацтарды саптар аралык пробелдер менен бөлүңүз. Ар бир абзац үч сүйлөмдөн ашпаганы жакшы.

✔️Терминдерди түшүндүрүңүз. Мисалы: конфронтация (каршы туруу) натыйжасыз.

✔️Статистика менен иштөөдө сандарды жалпылап бериңиз. Мисалы, 416 гектар жер аянты деп жазуу жетишсиз. Бул аянтты футбол талаасы менен салыштырып, түшүндүрүңүз. 1-9 чейинки сандарды сөз менен жазыңыз. Мисалы, бир, эки, үч ...

✔️Макала төмөнкү суроолорго жооп бериши керек:

Ким? Эмне? Кайда? Качан? Эмне себептен? + Кантип?

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.