.үч.чекит..үч.чекит.

«Мага добуш бериңиз!». Агитацияда талапкерлер элди кантип ишендиришет?

Гүлжан Эшбаева
260
«Мага добуш бериңиз!». Агитацияда талапкерлер элди кантип ишендиришет?

«Урматтуу кыргызстандыктар!» — сиз тандаган талапкер дайыма сөзүн ушинтип баштайт. Баамыңызда ал элдин баарына кайрылып жаткандай. Чындыгында талапкер өз аудиториясына гана үнүн жеткирмекчи. Кандайча дейсизби? 

Агитациянын тарыхы тээ 1647-жылга барып такалат. Англиядагы жарандык согуш учурунда үгүт иштерин адъютанттар (аскердик штабдын кызматкери) аткарышкан. Агитация латын тилинен (agitatio) «оозеки же жазуу түрүндө ишке ашкан саясий ишмердүүлүк» деп которулат. Ал адамдын аң-сезимине, маанайына түрткү берип, саясий түшүнүккө ынандырат. Андан соң ошол түшүнүк үчүн добуш берүүгө чакырат.    

Талапкердин шайлоодогу ийгилиги агитациядан көз каранды. Ошондуктан, алар үгүттөшөт, аң-сезимге таасир берип, ишендирүүнү каалашат. Командасы менен бирге катуу аракеттенет — өздөрү таасир бере алчу аудиторияны аныкташат. Бул үчүн эң оболу элди анализдеп чыгышат. 

Элдин кандай баалуулуктары бар? Диний көз карашы кандай. Тартипти жактырышабы же эркиндикти каалашабы. Стабилдүүлүктүн тарапташыбы же реформалардынбы.

Калктын маанайы кандай? Алар келечекке оптимизм менен карашабы же пессимизм мененби. Бийликке ишенеби же аларга ишеними азбы. Мурдагыдан жакшыраак жашап калдык деп эсептешеби же тескерисинчеби. Өзгөрүүлөрдү, бурулуштарды каалашабы?

Негизги көйгөйлөрү кайсы? Калктын кайсы катмарында көйгөйлөр орчундуу. Кандай негизги социалдык жана экономикалык көйгөйлөрү бар? Анын кайсы бирин чечкенде алардын көңүлү бурулат? 

Көпчүлүк кандай лидерди кыялданат? Тажрыйбасы көп, эски саясатчыларды баалашабы же энергиялуу, системаны «титиреткен» жаштардыбы? Ал лидер интеллигенциянын өкүлү болушу керекпи же «элдин кишисиби»?

Мындай байкоо үчүн интернеттеги коомдук пикир, изилдөө жана сурамжылоолорду колдонушат. Ошентип, анализ даяр! Маянаңыздын көлөмү, кандай лидерди каалап, кандай өзгөрүү күтүп жатканыңыз аныкталды. Мунун баарын камтып, сизге жага турган программа, эл алдына чыгып сүйлөнүүчү сөздөр даярдалды. Эми аны сизге жеткирүү гана калды. Бул үчүн көпчүлүк маалыматты каяктан аларын такташат. ТВ, гезит, радио, сайттар, катталуучусу арбын баракчалар жана блогерлер менен кызматташат. Айтор, сизге жакындоо үчүн алар бардык платформаларды колдонууга даяр. 

А сиз шайлоону кызуу күзөтүүдөсүз. Маалыматты ар кайсы жактан окуп, анын ичинде ТВдагы дебатты калтырбай көрөсүз. Бир караганда дебаттагы талапкерлер бири-бири менен күч сынашкандай сезилет. «Тигини минтип жарга такады» деп бүтүм да кылып коесуз. Чынында талапкерлер сиздин көңүл бурууңуз үчүн гана күрөшүп жаткан кези. Дегеле, шайлануучулар үгүт учурунда кандай ыкмаларды колдонот? 

  • Кыска сүйлөйт. Узак сүйлөгөн саясатчы элге жакпайт экенин талапкерлер деле билишет. Ошондуктан, үгүт маалында алар кыска маектерди беришет. 
  • «Жалпак тил менен». Алар жөнөкөй тил менен сүйлөгөнү аракеттенет. Анткени, анын программасын түшүнүп, эстеп калышыңыз маанилүү. Элестетиңиз, интеллектин далилдейм деген талапкер татаал терминдерди колдонуп сүйлөдү. Аны саналуу гана адам түшүнө алат.
  • Ынандырат. Бул үчүн сиз дайыма кезиккен көйгөйлөрдү мыкты билген кишидей сүйлөйт. Мисалы, «мугалимдердин маянасын мынча пайызга көбөйтүү керек» деген сыяктуу. Адамдар талапкерлер менен өздөрү жөнүндө: иши, пособие, пенсиясы, балдарынын келечеги тууралуу сүйлөшкүсү келет. Мындай талапкер анын кызыкчылыгын башкалардан жакшыраак коргойт деген ынаным пайда болот.
  • Атаандаштарынан айырмаланат. «Депутаттардын санын кыскартам» деп айтты. Бул «экономиканы көтөрөм» деген талапкердин сөзүнөн көрө ишеничтүү угулат да, туурабы?
  • Эмоцияны козгойт. Бул аң-сезимге кол салган негизги курал. Мисалы, «Атаңарды көзү тирүүсүндө баалагыла, урматтагыла!» — деген сөз эмоцияңызга багытталган чабуул. Же болбосо коронавирустан каза болгондор тууралуу реалдуу мисал айтты дейли. Мындай талапкер атасын жоготкондорго же пандемиядан жабыркагандарга жакын кишидей сезиле баштайт.
  • Ураанын кайталайт. 1992-жылы Билл Клинтон үгүт учурунда «Өзгөрөбүз же эскиче жашай беребиз» деген ураанды колдонгон. Ыңгайы келген жерде улам аны кайталап турган. Муну ал өз аудиториясына — жумушчу жана орто катмардын аң-сезимине бекемдей алган дешет эксперттер.
  • «Добуш бериңиз!». Талапкердин бардык аракеттерин көрүп, бирок добуш бербесеңиз, анда үгүттөн эмне пайда? Ошондуктан, талапкер сизге эмне кылууну улам кайталап турат: «Шайлоо күнү мынчанчы номерге добуш бериңиз!». 

Албетте, талапкердин үгүттөө жана шайлануу укугу бар. А сизде тандоо жана атуулдук милдетти аткаруу шарты жатат. Башкысы, агитация учурунда сиз да талапкерди байкоого алып, эмнени көздөгөнүн анализдеп турсаңыз болгону. 

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.