

Манипуляциянын курмандыгы болбоңуз. Эмнелерди билүү зарыл?


Биздеги ой-пикир эмнеден улам пайда болуп, эмненин эсебинен калыптанарын ойлоп көрдүңүз беле?
Эң башкысы — буга ар тараптан кабыл алынган маалымат таасир этет. Алардын булагы ар түрдүү: интернет, телевидение, радио, гезит же коомдук пикир болуусу мүмкүн. Бирок, бул маалымат калыс берилип атабы же бурмаланып атабы, аңдап билүү зарыл. Жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) көптөгөн адам ишенгени менен, алар айрым учурда манипуляция ыкмаларын колдоноорун эстен чыгарбаңыз.
Манипуляция – бул адамдардын көз карашына жана жүрүш-турушуна маалымат аркылуу таасир берүүчү курал. ЖМКларда бир эле маалымат ар тараптуу берилиши мүмкүн, себеби, ар биринин өзүнчө редакциялык саясаты болот. Ал үчүн түрдүү манипуляция ыкмалары колдонулат.
Жалпыга маалымдоо каражаттары мамлекеттик жана жеке болуп бөлүнөт эмеспи. Жеке ЖМКлар көз карандысыз же саясатчы/бизнесмендерге таандык болот. Ал эми мамлекеттик ЖМКлар көп учурда өлкөнүн жана бийлик өкүлдөрүнүн жакшы жетишкендиктерине басым жасашат дагы, кемчиликтерине өтө аз токтолушат.
Манипуляциянын түрлөрү
Адистердин айтымында, манипуляциянын жүздөгөн түрлөрү бар. Анын ичинде эң көп кездешкендерине токтолсок:
- Маалыматтын маанилүү бөлүгүн жашырып коюу, жыйынтыгында ал таптакыр башка тарапка бурмаланып калат. Мисалы, дүйнөдө коронавирус пандемиясы жарыяланган соң, айрым ЖМКлар хантавирус аттуу жаңы дарттын эпидемиясы тууралуу жазып чыккан. Бирок, бул илдет бир адамдан башка адамга жукпай турганын атайлап айтпай койгон.
- Жаңылыктын баштемасын бурмалоо. Мисалы, атактуу ырчы баңгизат менен кармалды деген аталышта жаңылык жазылат. Бирок, чынында ал адам жөн гана тамаша торго илингени макала мазмунун окуган соң гана аныкталат.
- Такталбаган маалыматты берүү. Көбүн эсе кыргыз тилдүү гезиттерде кездешет: саясатчы, шоу-бизнес өкүлү же башка атактуу инсан тууралуу такталбаган, ушак-айың, расмий эмес билдирүүлөр жарыяланып, маалыматтын булагы көрсөтүлбөйт (ЖМК окуя тууралуу «мындай болуп калыптыр», «айтылууда», «кулагыбыз чалып калды» деп гана айтылат).
- Бир тараптуу чагылдыруу. Окуяны чагылдырууда эки тарап тең бирдей берилүүсү керек. Мындан тышкары, кызыкдар эмес болгон үчүнчү тараптын (эксперттердин, окуяга тиешеси жок, бирок компетенттүү тараптын) да пикири/позициясы чагылдырылышы керек. Эгер бир тарапка көбүрөөк басым жасалып, экинчи тарап тууралуу азыраак айтылса же таптакыр айтылбай калса, демек, ЖМК окурманга/көрөрманга/угарманга кандайдыр бир таасир калтырууну көздөп атат.
- Видео жана сүрөт аркылуу манипуляциялоо. Мисалы, миңдеген адамдын катышуусунда митинг өткөрүлүп атса, анда жүздөй эле адам бар болчу деп маалымдаса болот. Ал үчүн фотогограф/оператор митингдин башталышында же аягындагы сүрөттү же тасманы окурманга/көрөрманга көрсөтөт. Же болбосо, катышуучулардын арасынан мас абалдагы адамды тартып алып, митингге жалаң соо эмес адамдар келди деп коомчулукту кабарлашы мүмкүн. Мындан тышкары, бир адамды терс жактан көрсөтүү керек болсо, ЖМКлар анын начар сүрөтүн чыгарып, окурманды алдын ала бул адамга касташтырып койгон учурлар кездешет.
- Социологиялык изилдөөлөрдү пайдалануу. Шайлоого аттанган кандидаттар бул ыкманы көп колдонушат. Алар өзүнүн кызыкчылыктарына жооп берген сурамжылоонун жыйынтыгын кеңири жайылтышат. Коомчулук көп учурда мындай изилдөөлөргө ишеним көрсөтөт. Бирок, ал изилдөөнү ким, кандай ыкма менен өткөргөн жана ким каржылаган? Алгач, мына ушул суроолорго жооп табуу маанилүү. Дал ушул коомчулуктун пикирин жайылтуу ыкмасы социалдык тармактарда да көп колдонулат. Мисалы, бир эле адам ондогон аккаунт ачып алып, тигил же бул посттун алдына колдоо көрсөткөн же сын пикир айткан көптөгөн комментарий калтырат. Жыйынтыгында, коомчулук көпчүлүктүн пикири дал ушундай экен деген ойдо калат. Чындыгында, бул фейк аккаунттарды иштеткен адам кадимкидей акча алып иштейт.
ЖМКлардагы манипуляцияга кабылбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
- Алгач сиз окуган/көргөн/уккан ЖМК кимге таандык, ал кимдин камчысын чабат деген суроону өзүңүзгө узатыңыз. Ал ЖМК тууралуу маалыматты интернеттен издеп көрүңүз;
- Маалыматты бир нече булактан алыңыз. Мисалы, мамлекеттик ЖМКны көрүп аткан болсоңуз, ошол эле сюжетти оппозициялык маанайдагы ЖМКдан карап көрүңүз. Алардын кайсынысы манипуляция ыкмаларын колдонуп атканын дароо түшүнөсүз;
- Жаңылыкта сенсация бар болсо, ал күмөн жаратат, токтоолук менен кабыл алыңыз жана ошол эле окуяны башка ЖМКлар кандай чагылдырганын байкап көрүңүз;
- Маалыматта күчөтмө, апыртма сөздөр колдонулса, шек жаратат, себеби автор окурманга өз пикирин таңуулабашы керек;
- Макала/сюжетте тең салмактуулук (эки тарап жана кошумча үчүнчү тарап) бар экенине күбө болуңуз;
- Эгерде ЖМК кайсы бир сурамжылоого же изилдөөгө таянып, маалымат жарыяласа, анда канча адам катышкан, кандай жол менен өткөрүлгөн, сурамжылоону ким каржылап, кайсы компания өткөргөн деген суроолорго жооп издөө зарыл. Интернет сурамжылоолор ишенимге татыбайт, себеби анда сурамжылоого таандык бардык талаптар аткарылбайт.
Жыйынтык:
Эч качан эч бир ЖМКга толук ишенбеңиз. Критикалык ой-жүгүртүүңүздү калыптандырып, кандай гана маалымат болбосун, өз алдынча текшерүүнү адат кылыңыз.