.үч.чекит..үч.чекит.

Маалыматты критикалуу талдоо: тез жана оңой

үч чекит редакциясы
660
Маалыматты критикалуу талдоо: тез жана оңой

Маалыматты критикалуу талдоо – бул берилген маалыматтын чындыгын, ишенимдүүлүгүн же ыктымалдуулугун аныктоо процесси. Постчындык доорунда сынчыл ой жүгүртүү менен фактыларды жана ой-пикирлерди талдоо жөндөмү чоң мааниге ээ. Эмне кылуу керек?

Объективдүү болууга аракет кылыңыз

Өзүнүн туура экендигин далилдөөгө умтулуу – бул сын көз менен талдоонун негизги душманы. Көбүнчө адамдар чындыкты издебейт жана маалыматтын тактыгын текшергиси келбейт, болгону өзүнүн оюнун туура экендигине ишенгиси келет. Албетте, мындай аракет туңгуюкка алып барат.

Ошондуктан, кандайдыр бир ой-пикирге алдын-ала баа берүүдөн алыс болуңуз же фактыларды текшербестен тигил же бул чечимге макул же макул эместигиңизди эрте билдирбеңиз.

Маалымат кайдан алынды?

Көп учурда маалыматтын ишенимсиздигин аныктоо үчүн ушул суроо жетиштүү. «Гаджеттер мээге терс таасирин тийгизет» – бул бир изилдөөнүн натыйжасыбы, илимий фактпы же бирөөнүн жеке оюбу?

Ишенимдүү жана анча ишенимдүү эмес булактар ​​бар. Мисалы, компетенттүү эмес адамдын пикири, гезиттердеги ушактар сыяктуу маалыматтын ишенимдүү булак катары каралышы мүмкүн эмес. Ал эми кадыр-барктуу илимий басылмалар жана ал чөйрөдөгү адистер ишенимди арттырат, ошентсе да аларга толугу менен макул болуштун кажети жок.

Аны кантип текшерсе болот?

Алгач «бул маалыматты текшерсе болобу?» деген суроону бериңиз. Мисалы, мистикалык фактыларды изилдеп-иликтөө мүмкүн эмес, ошондуктан аларды эч кандай төгүндөп же далилдей албайсыз.

Эгерде маалымат текшерилсе, анда аны өзүңүз текшерип көрүңүз. Эгерде мүмкүнчүлүк болбосо, башка адамдардын мындай текшерүүлөрүнүн натыйжаларын издеш керек. Кошумчалап айта кетчү нерсе – маалымат булагына көңүл бурууну унутпаңыз.

Гаджеттер мисалын уланта турган болсок, ушул тема боюнча изилдөөлөрдү издеп, аларды ишенимсиз маалыматтардан иргеп чыгыңыз. Мисалы, эгер изилдөө гаджет чыгаруучу тарабынан каржыланган болсо, анда анын жыйынтыктары бурмаланган болушу мүмкүн.

Бул мурдагы тажрыйбаңызга шайкеш келеби?

Мурунку тажрыйбага таянууну өз алдынча критикалуу талдоо деп атоого болбойт, бирок анын ажырагыс бөлүгү катары тажрыйбага кайрылуу зарыл.

Мисалы, сизге кээ бир адамдар 1000 жылга чейин жашайт деп айтышса, ага ишенбейсиз. Анткени сиздин тажрыйбаңыз мындай болушу мүмкүн эмес дейт. Албетте, сиздики туура.

Бирок тажрыйбаңызга туура келбегендин бардыгын эле четке кага бербеш керек. Европалыктар кара түстүү кууларды көрүшпөгөндүктөн, көп мезгилге чейин алар ак түстө гана болот деп ишенип келишкен. Бирок алардын эч качан кара кууларды жолуктурбагандыгы, албетте чындыкты четке какпайт.

Тажрыйба жана стереотиптер көпчүлүк учурда туура талдоого жардам берет, бирок дайыма эле туура боло бербейт. Ошондуктан, маалыматты сынчыл талдоону мурунку тажрыйбаңыз менен айкалыштырып ала жүрүңүз.

Оппозициялык жүйөөлөрчү?

Интернеттин доорунда көптөгөн фактыларга жана ой-пикирлерге оппозициялык жүйөөлөрдү табуу оңой. Балким, сизге кандайдыр бир билим жетишпей жатат же кандайдыр бир катачылыкты байкабай калдыңыз дейли, бирок ошол эле учурда башка бирөө жакшы сын айта алды.

Карама-каршы пикирлердин пайдасына аргументтерди жана ага каршы аргументтерди издөөгө аракет кылыңыз. Албетте, аларды дагы критикалуу талдап көрүңүз. Чындыгында оппоненттер бири-биринин кайсы жүйөөлөрүн төгүндөй алышты? Кайсы тараптын аргументтери анык жана ишенимдүү болду?

Маалыматты сындуу талдоо – бул практикалык көндүм. Ал үчүн теориялык билимиңизден сизге логика жана жалпы эрудиция гана керек, калганы иш жүзүндө калыптанат. Ийгилик!

Булагы: 4brain.ru

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.