.үч.чекит..үч.чекит.

Логиканын мыйзамдары деген эмне?

үч чекит редакциясы
256
Логиканын мыйзамдары деген эмне?

Логика – сынчыл ой жүгүртүүнүн маанилүү компоненти. Логикалык ой жүгүртүүнүн негизги мыйзамдары фейктерге, жалган маалыматтарга жана манипуляцияларга алдырбоо үчүн сизге жардам берет.

Теңдештик мыйзамы

Ар бир түшүнүк ой жүгүртүүдө, талаш-тартышта, талкууда бирдей мааниде колдонулушу керек. Эгерде эне тилибизде бир эмес, бир нече ар башка мааниге ээ сөздөр бар экендигин эске алсак, бул алмаштырылгыс шарттын сакталышы айкын болот.

Мисал үчүн: «Эмнени жоготпогон болсоңуз, ага ээ болосуз. Сиз мүйүзүңүздү жоготкон жоксуз. Демек, сизде мүйүз бар».

Тыянак албетте туура эмес. Бул учурда «жоготкон» деген сөз эки башка маанини түшүндүрөт.

Ошентип, кээде адамдарды адаштыруу үчүн теңдештик мыйзамы атайлап бузулушу мүмкүн.

Карама-каршылык мыйзамы

Бир эле учурда, бирдей катышта карама-каршы эки билдирүү чындыкка дал келбейт. Бул мыйзам кайсы тармакка байланыштуу болбосун биздин билимибизге жана тажрыйбабызга карабай туура ой жүгүртүүлөрүбүзгө эң чоң жардам берет.

Эгерде "Байкал - терең көл» деп ырасталса, ошол эле учурда «Байкал - тайыз көл» деп айтууга болбойт. Ошентсе да, бул ырастоолордун экөө тең жалган болушу мүмкүн эмес дегенди билдирбейт.

Мисалы, «Биздин топтогу студенттердин бардыгы мыкты студенттер» жана «Биздин топтун бир дагы студенти мыкты окуучу эмес» деген карама-каршы ырастоолордун экөө тең чындыкты билдириши мүмкүн эмес, бирок экөө тең жалган болушу мүмкүн. Бул учурда: «Биздин топтун айрым студенттери мыкты студенттер», - деген ырастоо чын болот.

Ошентип, карама-каршылык мыйзамы эки карама-каршы ырастоонун дал келбестигин гана көрсөтөт. Бирок алардын бири жалган же экөө тең жалган экендигин аныктабайт.

Үчүнчүсү четтетилген мыйзамы

Бул мыйзам бири-бирине карама-каршы келген ырастоолорго карата колдонулат. Карама-каршы ырастоолордун бири-бир нерсени ырастаса, экинчиси-ошону четке каккан айрым ырастоолор болушу мүмкүн.

Мисалы үчүн: «Ока – Волганын куймасы» жана «Ока – Волганын куймасы эмес». Бул айтымдардын бири туура, экинчиси жалган жана бул жерде үчүнчү ортодогу ырастоо болушу мүмкүн эмес. Эгерде кимдир бирөө Оканы Волганын эмес, башка дарыянын куймасы деп ырастаса, анда мындай ой жыйынтыктоодо үчүнчүсү болбойт, анткени ал «Ока Волганын куймасы эмес» деген ырастоо менен дал келет.

Четтетилген үчүнчүсүнүн мыйзамы биздин ой жүгүртүүнүн маанилүү бир өзгөчөлүгүн билдирет: ар бир ырастоонун жана четке кагуунун ортосунда башкасы жок болгондо, белгисиздикти жоюп, ушул ырастоолордун кайсынысы чын, кайсынысы жалган экендигин ачып берет.

Жетиштүү себеп мыйзамы

Ой жүгүртүүнүн чын экендигинин эң ишенимдүү далили - бул фактыларга негизделген же талкуу жолу менен логикалык жактан негизделген далилдер.

Мисалга алсак, жездин электр өткөргүч экендигин эки жол менен далилдөөгө болот:

  • тажрыйба жолу менен: токту жез зым аркылуу өткөрүү;
  • логикалык жактан: жез - металл, бардык металлдар электр тогун жакшы өткөрөт, ошондуктан жез - электр тогун жакшы өткөрөт.

Биздин айткандарыбыздын чын экендигине башка бирөөнү ишендирүү керек болсо, аларды далилдөө, негиздөө керек. Жетиштүү себеп мыйзамы эч негизсиз ишенимге кабыл алынган логикасыз ой жүгүртүүгө, ар кандай терс пикирлерге жана ырым-жырымдарга каршы багытталат.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.