

Күчтүү аброй ишенимдүүлүктүн кепилдиги эмес


Чоң кадыр-баркка жана ишенимге ээ болгон ири басылмалардан келген маалыматтарды ишенич менен кабыл алганга көнүп калганбыз. Себеби мындай басылмалардын жаңылыктары бир нече текшерүүлөрдөн өткөн деп ойлойбуз.
Бирок дайыма эле андай боло бербейт. Көптөгөн жылдар бою өз макалалары үчүн каармандарды ойлоп тапкан же фейк эксперттерге кайрылган журналисттердин жана авторлордун бетин ачкан үч чоң окуяны айтып беребиз.
1. Фейк каармандар
2018-жылдын аягында Германиянын жума сайын чыгуучу Der Spiegel гезити өзүнүн туруктуу кызматкери – 33 жаштагы Клаас Релоциусту жалган макалаларды даярдап, аларды өтө чоң масштабда чыгаргандыгы үчүн кызматтан кетирген. Көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон көрүнүктүү журналист жалган маектердин негизинде репортаждарды жазып, фактылар менен манипуляциялап, а түгүл каармандарды жана окуяларды ойлоп тапкан экен.
Бул окуядан кийин ушул сыяктуу ачылыштар пайда боло баштады. Көз боёмочулуктун бети ачылары менен Der Spiegel жалган макаланын авторун кантип ачыкка чыгарганын жана ал иш боюнча эң маанилүү суроолорго жоопторун «Бизде өзүбүзгө көптөгөн суроолорубуз бар» деген аталыштагы редакциялык колонка аркылуу жарыялаган.
2. Фейк эксперттер
Октябрдын ортосунда «Беларуссиялык тартип» анонимдүү телеграмм-каналы көптөгөн беларуссиялык, россиялык жана украиналык маалымат каражаттарында ар кандай псевдонимдери менен өз макалаларын жарыялап жүргөн беларуссиялык журналист Денис Лавникевичти алдамчылык жана ойдон чыгарылган эксперттердин пикирлерин пайдалангандыгы үчүн айыптады. Бул билдирүүдөн кийин Лавникевич менен кызматташкан көптөгөн редакциялар автордун макалаларын текшерип, өчүрө башташкан.
Лавникевич беларуссиялык «Биздин Нива» гезитине берген маегинде анын эксперттери реалдуу адамдар экендигин баса белгилейт. «Антон Платов мамлекеттик структураларда иштеген билимдүү адам болгондуктан, ал псевдоним менен комментарий берет», – дейт ал. Дагы бир «саясатчы» Светлана Гречулина бир кезде балдар укугун коргоочу болуп, андан кийин пенсияга чыгып, Лавникевичке өзүнүн ысымын колдонууга уруксат берген чыныгы адам болуп чыккан, бирок Лавникевич «саясатчынын» атынан комментарийлерди өзү ойлоп тапкан.
3. Фейк окуялар
2020-жылдын октябрь айынын башында The New York Times басылмасынын экстремисттик маселелер боюнча журналисти Рукмини Каллимаки макаласындагы каармандарынын биринин окуясы үчүн катуу сынга кабылган. Каллимаки террористтик жана экстремисттик топтордун окуяларын жана иш-аракеттерин чагылдырган алдыңкы репортер катары таанылган. Анын эң ийгиликтүү долбоорлорунун бири – канадалык Абу Хузаифанын террористтик уюмга кантип жана эмне үчүн кошулгандыгы, Сирияда кандайча жашап, кантип иштегендиги, адамдарды өлтүрүүнү үйрөнгөндүгү, андан кийин кайра кайтып келгендиги жөнүндө он сериялуу циклдык подкаст болгон.
Каллимаки Абуну Instagram аркылуу тапканын айткан. Бирок эки жылдан кийин Канада бийлиги Абу Хузаифти «терроризмди мистикага айландырган» деген айып менен камакка алган. Көрсө, Абу Хузаифа террористтик уюмдун атынан киши өлтүрмөк турсун, Сирияга эч качан барган эмес жана анын баяндалган иш-аракеттери жөн гана ойлоп табылган болуп чыккан.