.үч.чекит..үч.чекит.

Ксенофобия, антисемитизм жана исламофобия: мааниси жана байланышы

Элмурат Аширалиев
1115
Ксенофобия, антисемитизм жана исламофобия: мааниси жана байланышы

Ксенофобия (xenophobia) грекче «xenos» (зенос) жана «phobos» (фобос) деген сөздөрдөн куралган термин. «Xenos» кыргызчага которгондо «чоочун», «бөтөн», «жат», ал эми «phobos» «коркуу» деген маанини туюнтат. Жөнөкөйлөтүп айтканда, ксенофобия –бөтөн бирөөнү жагымсыз жана кооптуу деп кабыл алуу. Ал адамдардын улуттук, диний же социалдык белгилерине карай бөлүнүүсүнө себеп болуп, кастык маанайды жаратышы мүмкүн.

Дүйнөдө бардык эле адам ксенофобиянын курмандыгы болушу мүмкүн. Ошентсе да мындай мамилеге мигранттар, качкындар, түпкүлүктүү элдер, улуттук жана диний азчылыктар көбүрөөк кабылары айтылат. БУУнун маалыматына ылайык, адамда жек көрүү сезими табигый түрдө өзүнөн-өзү пайда болбойт. Тескерисинче, адамдар ксенофобиялык кадамга зордук-зомбулукту жана кастыкты пропагандалоонун натыйжасында барат. Ал эми пропаганда коомдук-саясий деңгээлде жана ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ишке ашары маалым.

Дүйнөнү коронавирус пандемиясы каптап, анын айланасында ксенофобиялык мүнөздөгү көптөгөн жагымсыз окуяларга күбө болуп атабыз. Алардын бирин эске салсак. АКШнын президенти Доналд Трамп 2020-жылдын жаз айларында коронавирусту «кытай вирусу» деп атап, Америка коомунда нааразычылыктарды жараткан. Ошону менен эле чектелип калбай анын сөзүнүн натыйжасында азия тектүү америкалыктарга карата ксенофобиялык мамиленин күчөшүнө жол ачкан. Азия тектүү америкалыктар кол салууга кабылып, жек көрүндү болуп атканын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан эле.

Америкада болгон окуя расага негизделген ксенофобия болуп эсептелет. Андан тышкары маалымат каражаттары аркылуу антисемитизм жана исламофобия деген сөздөрдү да көп угуп калчу болдук. 

Антисемитизм бардык семит элдерине каршы жек көрүү, кастык же душмандык мамиле. Семит элдерине жөөттөрдөн (еврей) тышкары жалпысынан семит тилинде сүйлөгөн арабдар, эфиопиялыктар ж.б. элдер кирет. Бирок азыркы күндө бул термин диний же улуттук топ катары жөөттөргө каршы кастыкты туюнтуп калды.

Жөөт элдерине каршы эң чоң зордук-зомбулук нацисттик Германиянын тушунда болгону маалым. Бирок антисемитизмдин, башкача айтканда, жөөттөргө каршы ксенофобиялык мамиленин тамыры алда канча терең. Жалпылап айта турган болсок, башында антисемитизм диний негизде болсо, кийинчерээк ага улуттук өзгөчөлүк кошулганы белгилүү.

Ал эми исламофобия мусулмандарга же ислам динине каршы жек көрүү, кастык мамиле же коркуу сезими. Бул термин тарыхта мурдатан эле колдонулуп келген болсо да, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон жардыруудан кийин көбүрөөк оозго алына баштаган. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргызстанда дагы исламофобиялык маанай бар экени аныкталган.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш «ксенофобия, антисемитизм жана исламофобия биздин коомубузду ууландырып жатат, ошон үчүн кайда болбойлу, качан болбосун аларга каршы турушубуз керек» деп айтканы бар.

Кошумчалай кетчү жагдай, азыркы күндө расизм менен ксенофобия бирдей эле мааниде колдонулуп калды. Жалпы белгилери боюнча окшош эле болгону менен ортодо кичине айырмасы бар. Өз расасын адамдын кулк-мүнөзүн, жөндөмүн аныктоочу башкы фактор катары көрүү жана башка расалардан өзүнүкүн жогору коюу — бул расизм. Башкача айтканда, расизмде өзүнүн расасына, ал эми ксенофобияда башкаларга карата жек көрүүгө көбүрөөк басым жасалат.

Мындай караганда кыргыздар колдонгон «улутчул» деген сөз менен дагы бир аз байланышын байкоого болот. Бирок улутчулдукту экиге бөлүп карагандар бар. Биринчиси, өз улутун башкалардан жогору көрүп, өзгө улуттарды жек көрүү. Ашынган улутчулдукдун бул мааниси расизм менен бирдей эле. Ал эми экинчи мааниси өз улутунун маданиятын сүйүү жана ал үчүн кызмат кылуу. Өзгө улуттарды жек көрбөй туруп, башкаларга зыян бербестен өз улутуна кызмат кылууга болобу — бул өзүнчө сөз кыла турган маселе.

Ксенофобия жашообузда ар дайым болуп келген, бирок экономикалык каатчылык, шайлоо үгүт иштери, чыр-чатак жана саясий туруксуздук учурларында ксенофобиялык маанай көбүрөөк катталары айтылат. Айталы, каатчылык маалында же үгүт иштери жүрүп жаткан маалда мигранттар, качкындар же болбосо азчылыктар жаман көрсөтүлүп, жаралып аткан көйгөйлөрдүн бирден-бир себеби катары мүнөздөлүп, оңой эле ксенофобиянын курмандыгына айланып кетишет.

Кастыкты жана жек көрүүнү камтыган кылмыштарды жазалоону күчөтүү, коомдогу көп түрдүүлүктү мамлекеттик мекемелерде чагылдыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарында терс стереотиптеген жана ксенофобиялык маанайдагы материалдарды чыгарбоого чакыруу — ксенофобиянын алдын алууга болгон аракеттердин айрымдары. Ошондуктан ксенофобияга жол бербеш үчүн коомдогу ар түрдүүлүктү коркунуч катары эмес, тескерисинче байлык катары кароого өтүшүбүз зарыл.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.