.үч.чекит..үч.чекит.

Криптомнезия же «эс тутум тузагы»

үч чекит редакциясы
840
Криптомнезия же «эс тутум тузагы»

Криптомнезия – адам жаңы оригиналдуу идеяны жаңылыш эстеп калган психологиялык кубулуш. Адам кандайдыр бир окуя болгондугун, ал түшүндө болгонбу же чындыгындабы, өзү ыр жазганбы же жөн гана окугандары эсине келдиби, белгилүү музыканттын концертинде болгонбу же жөн гана ал жөнүндө сүйлөшүүнү уккандыгын эстей албаган абалы. Криптомнезия абалда бирөөнүн идеялары жана чыгармачылыгы бир аз убакыт өткөндөн кийин адамга өзүнүн жеке менчиги катары таанылат.

«Криптомнезия» терминин психология илиминин профессору Теодор Флурнуа киргизген. Ал медиум Элен Смиттин кереметтүү кубулушун изилдеген. Флурнуа алты жыл бою анын спиритикалык сеанстарына катышып келген. Элен Смит сеанс учурунда транс абалына кирип, өткөн жашоосу жөнүндө романдарды жазган. Биринчи циклде ал королева Мария Антуанетта болгон, экинчисинде – араб шейхинин кызы, үчүнчүсүндө – Марс планетасындагылар менен баарлашкан. Флурнуа лингвист Фердинанд де Соссюрдан Смиттин сеанс учурунда автоматтык түрдө жазган жазуу тилдерин иликтөөнү өтүнгөн. Марстыктардын тили француздардын бурмаланган тилине окшош экендиги, арабдын учкул сөздөрү анын үй-бүлөлүк дарыгеринен айткандары, ал эми тарыхый маалыматтар китептерден алынгандыгы далилденген. Ошентип, анын «романдары» унутулган булактарга негизделген түпкү аң-сезимдин элестетүүсүнүн жемиши экени белгилүү болгон.

Криптомнезияны изилдөөлөрдүн биринде адамдардан куштардын түрлөрү сыяктуу бир эле категориядагы сөздөрдү кезеги менен айттырышкан. Кийинчерээк, ар бир тест тапшыруучудан кайсы куштардын атын атагандыгын кайра сурап жана дагы бир нечесин эстеп көрүүнү суранышкан. Катышуучулар ойлонбостон 9,8% башка адамдардын мисалдарын кошуп айтышкан.

Изилдөөлөр криптомнезиянын эки түрүн аныктады. Алар эс тутум кандай бурмалоолорго байланыштуу: ойбу же ойчулбу? – деген суроо менен айырмаланат.

Эс тутумдагы бурмалануунун биринчи түрү тааныштык сезим менен байланыштуу. Адам буга чейин айтылган идеяны калыбына келтирет, бирок анан ал идеяны оригиналдуу эмгегим деп эсептейт. Мисалга алсак, бир илимпоз көптөн бери илимий ачылыштын үстүндө иштеп жатып, ал ойлоп табылган нерсенин же ошол сыяктуу илимий эмгектердин бар экендигин билет.

Криптомнезиянын экинчи түрү – бул башкалардын идеяларын өзүнүкү катары эстеп калган автордук катачылыктын натыйжасы. Бул учурда, адам идея мурда эле пайда болгонун туура түшүнөт, бирок жаңылыштык менен өзүн ал идеянын булагы деп эсептейт.

Криптомнезиянын коркунучу качан жогорулайт?

  • Өзүңүзгө окшогон адамдар тарабынан идеялар сунуш кылынганда;
  • Кимдир бирөөнүн идеяларын өнүктүрүп же анын кайрадан жаралышын көргөндө, алар алгач өзүңүзгө таандык болгон сыяктуу жалган сезим пайда болушу мүмкүн.
Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.