

Коронавирус жөнүндө маалымат менен кантип туура бөлүшүү керек?

үч чекит редакциясы
830

Коронавирус жөнүндө маанилүү маалыматтарды тааныштарыңызга, досторуңузга кантип билдиресиз?
Маалымат менен бөлүшүүнүн дагы туура жолдору бар, алар төмөндөгүдөй:
- Дүрбөлөң салуунун кажети жок. Билдирүүлөрдү кооздобоңуз. Сиздин билдирүүлөрүңүздүн айтылуучу тону өтө маанилүү. Эмоциялуу сөздөрдү жана сүрөттөөлөрдү колдонбогонуңуз туура.
- Жарыялануучу маалыматтын баалуулугун кылдат таразалап алыңыз. Маалыматтын коомго коркунуч алып келүү мүмкүнчүлүгү анын маанилүүлүгүнөн ашып кетишине жол бербеңиз.
- 30 секунд эрежеси. Такталбаган булактардан алынган маалыматтарды жарыялабаңыз. Досторуңузга билдирүү же жаңылык жиберүүдөн мурун, өзүңүзгө 30 секунд бериңиз да, «Бул жалган эмеспи?», – деп ойлонуп көрүңүз.
- Бул эң маанилүү эреже. Жакындарыңызды үйрөтүңүз! Аларга маалыматтык гигиена эрежелерин түшүндүрүңүз. Айрыкча WhatsApp аркылуу келген билдирүүлөрдү текшербей туруп, аларга ишене берген туура эместигин билдириңиз.
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.