.үч.чекит..үч.чекит.

5G коркунучтары жөнүндө 7 миф

үч чекит редакциясы
1999
5G коркунучтары жөнүндө 7 миф

1-миф: 5G мобилдик мунаралары коронавирусту жайылтат

Бешинчи муундагы өткөргүчсүз байланышы (5G – 5 Generation) 2G, 3G, 4G мобилдик тармактары, телевидение жана GPS сыяктуу эле электромагниттик толкундарды аркылуу маалыматтарды берүүгө негизделген. Айырмасы: 5G мурдагы муундагы мобилдик тармактарга салыштырганда 6-100 ГГц ге чейинки жогорку жыштыкты колдонот. Бул информацияны берүү ылдамдыгын, анын көлөмүн жана тармакка туташкан түзүлүштөрдүн санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бирок, вирустун жайылышы жагынан алганда, жыштыктан болгон бир аз айырма анчалык деле маанилүү эмес.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирустар электромагниттик нурлануу аркылуу жукпайт деп эскертет. Бул 2020-жылдын пандемиясына гана эмес, бардык вирустарга тиешелүү.

SARS-CoV-2 жөнүндө айта турган болсок, анын жайылышынын эки гана жолу бар:

  • аба аркылуу – инфекция жуккан адамдын шилекейинин майда тамчылары менен;
  • байланыш-тиричилик – алгач булганыч нерселерди кармап, андан кийин мурундун, көздүн же ооздун былжыр челдерин кармаганда.

Электромагниттик толкундар коронавирусту жуктура алышпайт. Бул физикалык жактан мүмкүн эмес.

2-миф. Кытайда COVID‑19 чыгышы 5G‑түйүндөрүнүн ишке кириши менен байланыштуу

Чындыгында эле, Кытайдын Хубэй провинциясынын борбору Ухань шаарында 5G түйүнү 2019-жылдын күзүндө COVID-19 биринчи учурлары катталгандан бир нече жума мурун ишке киргизилген.

Бирок, бул эки учурдагы убакыттын жакын болушу алардын ортосунда кандайдыр бир байланыш бар дегенди билдирбейт.

Мындай байланышты издөө албетте чындыкка дал келбейт. Ушундай эле ой жүгүртүүлөр менен адамдар, мисалы, жолун кесип өткөн кара мышыкты андан кийин болуучу тоскоолдуктарга байланыштырууга аракет кылышат. Мунун илимге тиешеси жок. Бул жөн гана ырым-жырымчылдык.

Эгерде сиз дагы эле 5G менен коронавирустун жайылышынын ортосундагы байланышты издесеңиз, анда статистикалык маалыматтарга таянсак, «сыйкырдуу» теория дароо жок болот. Алсак, 5G технологиясын колдонбогон бизде, Кыргызстанда деле SARS-CoV-2 өтө кеңири жайылууда. Же болбосо, алыс кетпей эле Россияны байкаңыз – ал жерде 5G түйүнү толук ишке киргизиле элек.

3-миф. 5G түйүнү организмди алсыраткандыктан, адамдар ооруга бат учурашат

Айрым изилдөөчүлөрдүн 5G ден-соолукка олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн деген дооматтары аз эмес. Айрым өлкөлөрдө 5G адамдын ден-соолугуна кандайча таасир этери майда-чүйдөсүнө чейин аныкталгыча бул тармактын киргизилишине тыюу салынган.

Бирок мобилдик түйүндөрдө, анын ичинде 5Gде, кандайдыр бир ооруну жуктуруп алуу коркунучу бар экендиги жөнүндө эч кандай анык далил жок.

Ошондуктан, ДСУнун 2014-жылы жарыяланган электромагниттик талаалар жана коомдук саламаттык тууралуу кайрылуусу бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу бойдон калууда: «Уюлдук телефондорду колдонуу ден-соолукка зыяндуу таасирин тийгизиши бүгүнкү күнгө чейин тастыктала элек».

4-миф. Бардык нурдануу, анын ичинде 5G дагы зыяндуу жана коркунучтуу

Жок, бардык эле нурдануу коркунучтуу эмес. Бир эле күн нурун алып карай турган болсок – ал жер үстүндөгү организмдердин көпчүлүгүнө зыяны жок, ал тургай пайдалуу дагы.

Бирок ошентсе да электромагниттик толкундардын айрым түрлөрү өлүмгө дуушар кылышы мүмкүн. Жөнөкөй эле мисал – ультрафиолет нурлары (айрыкча анын UVB жана UVC кыска толкундары) же рентген нурлары. Бул электромагниттик толкундардын энергиясы клеткалардын ДНКсындагы химиялык байланыштарды бузуп, алардын өзгөрүшүнө же өлүшүнө себеп болот. Мындай толкундар иондоштуруучу, башкача айтканда, радиоактивдүү деп классификацияланат.

Уюлдук байланышта, анын ичинде 5Gда колдонулган радио толкундары иондошпойт. Алардын энергиясы көзгө көрүнгөн жарык энергиясынан да аз. Алар клеткалардын ДНКсына зыян келтире алышпайт.

Суроо туудурган бир нюанс – өтө жогорку жыштыктагы ​​(микротолкундуу) нурдануусу менен иштеген 5G стандартындагы тармактардын жыштыктарынын кайчылашкан учуру. Бирок, бул типтеги нурлар кыртыштардын ысып кетишине гана себеп болот. Андан тышкары, байланыш каражаттарында (уюлдук телефондордо, рацияларда, Bluetooth, Wi-Fi түзүлүштөрүндө) интенсивдүүлүгү өтө төмөн микротолкундуу нурдануу болгондуктан, алардын энергиясы температураны көтөрүүгө жетишсиз.

Ионсуз нурдануудан коргоо боюнча эл аралык комиссия (ICNIRP) 3 кГцтен 300 ГГцке чейинки сигнал күчүнүн чектерин бекиткен. Эгер 5G мобилдик түйүнү ушул көрсөтмөлөргө баш ийсе (а алар бул талаптарга баш ийүүгө милдеттүү), ал коопсуз болуп эсептелинет.

5-миф. 5G канаттууларды өлтүрөт

Ооба, чындыгында, канаттууларга байланышкан окуя болгон. Бирок, Snopes фактыларды текшерүү ресурсу бул конспирологиялык фейк экендигин аныктаган.

Чындыгында эле, 2018-жылдын күзүндө Гаагадагы сейил бактардын биринде канаттуулардын массалык түрдө кырылышы болуп өткөн - үч жүздөн ашуун чыйырчыктар жана бир-эки көгүчкөн жабырланган. Өлгөн куштардын сүрөттөрү тез эле интернетте жайылып кеткен. Парктын администрациясы уулануу ыктымалдуулугун айтып, сейил бактын аймагында иттерди жана башка үй жаныбарларын сейилдетүүгө убактылуу тыюу салган. Бирок интернетте куштардын өлүмүн 5G тармагын тесттик сыноого чыгаргандыгы менен байланыштырышкан.

Сейил бакта жаңы стандарттык телекоммуникациялык тармакты сыноо иштери жүргөндүгү ырас. Бирок күзүндө эмес, 2018-жылдын жай айынын башында, башкача айтканда, куштардын өлүмүнөн бир нече ай мурун болгон. Андан тышкары, сыноо бир гана күнгө созулуп, ошол жай мезгилинин ичинде сейил бакта куштардын массалык кырылышы болгон эмес.

6-миф. 5G таасиринен улам рак оорусу пайда болот

Эске салсак: 5G жыштыгындагы нурдануунун зыян келтирерин далилдеген изилдөөлөр азырынча жок.

Ошого карабастан, ДСУ коопсуздукту кайра камсыздандыруу максатында өзүнүн ракты изилдөө боюнча эл аралык агенттигинин атынан радиожыштык нурданууларынын бардык спектрин классификациялаган. Алсак, мобилдик сигналдар «канцерогендүү болушу мүмкүн» деп эсептелген. Ушул эле категорияга маринаддалган жашылчаларды жана талькты колдонуу дагы кирет.

Ал эми алкоголдук ичимдиктер жана чала эт азыктары (ветчина, колбаса, сосиска) коркунучтуу категорияга кирет, анткени алардын канцерогендүүлүгү жогору.

Бирок өткөргүчсүз технологиялардын каршылаштары таянып айтканды жакшы көргөн бир илимий эмгек бар. 2018-жылы АКШнын Саламаттыкты сактоо министрлиги ар кандай өткөргүчсүз байланыш стандарттарында колдонулган радио толкундары эркек келемиштерди рак оорусуна учуратышы мүмкүн экендигин аныктаган изилдөөнү жүргүзүүнү аякташкан. Бирок бул жыйынтыктарда бир нече чоң кемчиликтер бар экендигин изилдөөчүлөр өзүлөрү айтышат.

  • Эркек келемиштер гана жабыр тарткан. Ургаачы келемиштерде, ошондой эле экспериментке катышкан чычкандарда рак оорулары менен электромагниттик нурлануунун ортосунда кандайдыр байланыш бар экендиги аныкталган эмес. Бул андан ары изилдөөнү талап кылган табышмактуу көрүнүш болгон.
  • Ошол эле эркек келемиштерде рак оорусуна карабастан, өмүрүнүн жашоо узактыгы көбөйгөн. Мына ошентип, радио толкундарынын терс таасири күмөн жараткан.
  • Жаныбарлар радиациянын узак мөөнөттүү таасири астында болушкан жана мүмкүн болушунча анын булагына жакын жайгаштырылган.
  • Окумуштуулар 2G жана 3G тармактары иштеп жаткан радио жыштык нурлануусун изилдеп чыгышкан. Ошондуктан, алынган натыйжаларды 5Gга өткөрүп салуу мүмкүн эмес.

Жыйынтыктап айтканда, жаныбарлар менен жүргүзүлгөн изилдөөлөр өткөргүчсүз тармактардын рак оорусуна алып келиши мүмкүн экендигинин так далили эмес.

Өткөргүчсүз технологиясынын эң белгилүү сынчысы доктор Дэвид Карпентердин эмгеги The New York Times’тын сынына алынган. Окумуштуу көп жылдар бою мобилдик нурдануунун зыяндары жөнүндө айтып, 5Gга байланыштуу коркунучтар жөнүндө көп эскертип келген. Бирок, акырында, ал бир маанилүү фактыны эске албагандыгын мойнуна алган. Адамдын териси «мобилдик» жыштык диапазонунда электромагниттик нурдануулар үчүн тоскоолдук жаратат. Эгер андай болсо, анда өткөргүчсүз технологиялардын мээ жана ички органдарда онкологиялык ооруларды пайда кылышы мүмкүн экендиги жөнүндө маалыматтар көбүртүлүп айтылган.

Ошентсе да, 3G, 4G жана 5G жыштыгындагы электромагниттик толкундар теринин рак оррусуна чалдыгуусун күчөтүшү мүмкүнбү деген суроо пайда болот. Бирок буга да далилдер жок. Теория боюнча, электромагниттик нурдануунун таасири менен коркунуч күчөйт. Бирок, сигнал күчү санитардык норма менен көзөмөлдөнөт. Эгерде тигил же бул уюлдук тармак берилген чектен ашып кетсе, анда анын иштеши токтотулат.

7-миф. 5G мунаралар өтө көп курулгандыктан, ал башка технологияларга караганда зыяндуу

Чындыгында, 5G тармактары мурунку өткөргүчсүз технологияларга караганда көбүрөөк өткөргүч мачталарын талап кылат. Мунун себеби, шаарларда бийик имараттар, тосмолор жана башка объектилер жогорку жыштык сигналдарынын таралышына тоскоолдук жаратат. Электромагниттик нурлар тегиз таралышы үчүн мунаралар сөзсүз 100-200 метр алыстыкта бири-бирине жакын жайгашышы керек.

Мунаралардын көп болгондугунун оң таасири да бар. Өткөргүчтөр көп болгондуктан, ар бир өткөргүч мурунку 3G жана 4G технологияларына караганда төмөн кубаттуулукта иштей алат. Бул 5G антенналарындагы электромагниттик нурдануунун деңгээли мурунку муундардагы телекоммуникация мунараларына караганда төмөн экендигин билдирет. Башкача айтканда, 5G технологиясынын төмөн кубаттуулуктагы түйүндөрүнүн зыяны мурункуларга салыштырганда азыраак.

Көрүп, билип, тактаңыз!

Булагы: Лайфхакер

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.