.үч.чекит..үч.чекит.

Контент жаратуучу деген ким жана анын кандай жоопкерчилиги бар?

Элмурат Аширалиев
1865
Контент жаратуучу деген ким жана анын кандай жоопкерчилиги бар?

Контент жаратуучу деген ким?

Контент (content) англисчеден которгондо мазмун дегенди туюнтат. Контент дегенде кандайдыр бир текст, фото, видео түрүндөгү материалдар деп түшүнсөк болот. Кыскасы, материал даярдап коомчулукка тараткан адамды «контент жаратуучу» деп атайбыз.

Интернет күнүмдүк турмушубузда кулачын кеңири жая элек кезде Кыргызстанда маалымат таратуучулар же контент жаратуучулар журналисттер болгон. Бирок күнүбүздө журналисттер менен тең тайлашып иштеп аткан блогерлер дагы контент жаратуучулардын алдыңкы сабын толуктайт. Анткени аудиториясы жагынан азыр айрым блогерлер кээ бир массалык маалымат каражаттарынан ашса ашат, бирок кем калбайт. Ошондуктан азыр контент жаратуучу дегенде интернетте материал даярдап чыгарган блогерлерди түшүнүп калдык. 

Контент жаратуучу жана контент керектөөчү

Азыр дээрлик ар бир кыргызстандыктын колунда мобилдик телефон жана интернет бар. 2017-жылы кыргызстандыктардын 34% интернет колдонсо, 2020-жылы бул сан 13% өсүп, дээрлик ар бир экинчи кыргызстандык интернет пайдаланып калган. Башкача айтканда,  өлкөдө жөнөкөй интернет колдонуучулардын саны көбөйгөн.

Алардын кайсынысы контент керектөөчү (жөнөкөй интернет пайдалануучу), кайсынысы контент жаратуучу? Бул суроого бир беткей жооп берүү кыйын, ар кандай көз караштар бар. Кандай болгондо дагы экөөнүн ортосунда кичинекей айырмачылык жөнүндө сөз кыла кетели.

Эгерде Facebook, Instagram, YouTube сыяктуу платформаларда өз атымдан же болбосо белгилүү бир аталыш менен (1) коомчулук үчүн (2) ырааттуу түрдө материал чыгарсам, анда мен блогермин же контент жаратуучумун. Ырааттуу түрдө дегенде, мисалы, жума сайын белгилүү бир темада материалдардын даярдалышын айтсак болот. Ал эми коомдук желелерди өзүмдүн дос-тааныштарым, кесиптештерим менен баарлашуу, пикир алмашуу максатында эле пайдалансам, анда мен жөнөкөй эле интернет колдонуучумун же контент керектөөчүмүн. Себеби мен ал жерде массага (коомчулукка) ырааттуу түрдө кайрылып, материалдарды жарыялап турбайм.

Мына ошол себептен ар бир эле кыргызстандык — контент жаратуучу болбошу мүмкүн, бирок ар бир кыргызстандык контент керектөөчү болушу толук ыктымал.

Жоопкерчилик

Өлкөдөгү жалпы эле контент жаратуучулардын (блогерлердин) укук-милдеттерин жана материалдарынын мазмунун жөнгө салган өзүнчө жол-жобо жок. Эгерде ал материалды кандайдыр бир редакция менен биргеликте чыгарып жаткан болсо, анда ошол мекеменин редакциялык саясаты менен жарыкка чыгары маалым. Эгерде материалды өз алдынча даярдап чыгарса, анда контент жаратуучунун өзүнүн жеке баалуулуктарынан башка эч кандай таяна турган эрежеси жок.

Кыргызстандагы журналисттердин этикалык кодексичи? Аты айтып тургандай эле, ал журналисттерге таандык. Бирок журналисттер деле этикалык кодексти толук сактабашын билебиз. Ал дагы өзүнчө чоң маселе. Журналисттердин жүрүм-турумун, ишин жөнгө салган бул келишим блогерлерге канчалык деңгээлде тийиштүү жана өтүмдүү? Балким, блогерлер үчүн дагы өзүнчө этикалык кодекс керектир? Кандай болгон күндө да контент жаратуучу төмөнкү эң негизги эки жагдайды эске алып коюусу шарт.

⭐️Чындыкты айтуу. Коомчулукка материал таратып жаткандан кийин блогерлердин өз аудиториясынын алдындагы эң чоң жоопкерчилиги — чындыкты айтуу. Бул жагынан алганда, алар журналисттер сыяктуу эле. Чындыкка жетүү үчүн маалыматты ар тараптуу тактоого болгон күчүн жумшоо. Эгерде маалыматты тактай албаса, аны ачык айтып түшүндүрүү. Ошондо контент жаратуучу коомдо фейк маалыматтын азайышына салым кошкон болот.

⭐️Толеранттуулук. Башка бирөөнүн беделине шек келтирбөө. 

⭐️Жеке кызыкчылык. Материал блогердин жеке көз карашыбы же болбосо үчүнчү тараптын демилгеси менен коомчулукка жеткирилип жаткан ой-пикирби — ал өз аудиториясын сыйласа, муну ачыктап коюусу зарыл.

Сентябрь айынын башында «Азаттык+» берүүсүндө кыргыз блогерлери чогулуп, контент жаратуучулардын жүрүм-туруму, жоопкерчилиги боюнча кызуу талкуу өткөрүшкөн эле. Ошондо белгилүү блогерлердин бири Эрулан Көкүлов контент жаратуучу үч шартты аткарса, материал жакшы болорун айтып, өз оюн билдирген. Алар: мыйзам, маданият, адамгерчилик. Чындыгында, өзүн контент жаратуучумун деп эсептегендер ушул жагдайларды эске алып койсо, өз аудиториясына сый-урмат менен мамиле кылган болуп калмак.

Контент жаратуучуларга дагы кимдер кирет?

Сүрөтчүлөрдү, жазуучуларды, мамлекеттик мекемелерди, окуу жайларды, бейөкмөт уюмдарды дагы контент жаратуучулар деп атоого болот. Сырттан караганда кайсы бир деңгээлде алар дагы материал даярдап, коомчулукка таратышат. А бирок, алар өздөрүн ким деп эсептешет — маселе ушунда.

Мисалы, жазуучуларды алсак, аты айтып тургандай эле, ал жазуучу. Айрымдары жазуучуларды контент жаратуучу деген категорияга киргизгиси келген менен, жазуучулар өздөрүн контент жаратуучу деп санайбы-жокпу — аны менен эсептешүү кажет. 

«Анда жазуучуну жазуучу деп атагандай эле блогерди блогер, журналистти журналист деп атап, контент жаратуучу деген сөздү колдонбой эле койсом болбойбу?» деген суроо жаралышы ыктымал. Болот. Бирок «контент жаратуучу» (контент-мейкер) деген сөздү угуп же көрүп калсаңыз, ким жөнүндө сөз болуп жатканынын билип койгонуңуз оң.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.