

Конкорд эффекти


Энергияны канчалык көп сарптасаңыз, ошончолук жеңилүүнү моюнга алуу кыйыныраак
1960-жылдары Улуу Британия менен Франция өтө тез учкан жүргүнчү ташуучу «Конкорд» учактарын чыгаруу боюнча бирге иштөөнү чечишкен. Модель чыгарылганга чейин эле ага 16 авиакомпания тарабынан буйрутма берилген, бирок кийин баары өзгөрдү. Учактын ылдамдыгына караганда билеттин баасына көбүрөөк маани беришкен орто класстагы жүргүнчүлөр көп болгон. Анын үстүнө учактын күйүүчү майы да кымбаттап кеткен. Ошентип өтө тез учуучу жана өтө кымбат рейстердин кереги жок болуп, авиакомпаниялар «Конкордду» сатып алуудан баш тартышкан.
Бирок пайдасыз долбоорду токтотуунун ордуна, аталган мамлекеттер учакты иштеп чыгууга демөөрчүлүк көрсөтүүнү уланта беришкен жана буга чейин пландалгандан дагы алда канча көп каражат сарпташкан. Натыйжада, «Конкорддор» эч кандай популярдуулукка жеткен жок жана даяр болгон учактар өкмөттүн көзөмөлүндөгү эки авиакомпанияга арзан сатылып кеткен.
Бул окуя ушунчалык көрсөтмөлүү болгондуктан, анын атында «Конкорд эффекти» деген термин пайда болгон. Бул кайтарымсыз чыгымдардын тузагынын классикалык мисалы, б.а. пайдасыз долбоорлордо иштөөгө аргасыз кылган когнитивдүү бурмалоо.
Кайтарымсыз чыгымдардын тузагы деген эмне?
Кайтарымсыз чыгымдардын тузагы – бул бизди пайдасы жок ишке акча, убакыт жана күч жумшоого аргасыз кылган психиканын өзгөчөлүгү. Аны көбүнчө экономика жана каржы жаатына тиешелүү карашат, бирок бул тузак жашоонун бардык тармагында иштейт.
Мисалы, сиз өзүңүздүн адистигиңиз боюнча иштегиңиз келбегенин так түшүнсөңүз деле, пайдасыз дипломду алуу үчүн бир нече жыл коротосуз. Же көп жылдык мамилелер көңүлүңүздү калтырса деле, баары бир ал адам менен бирге болосуз.
Бул аң-сезимсиз ишке ашат: адам үчүн муну жасоо зарылдыгы айдан ачык болгондуктан, аны улантууга себеп издебейт. Жана дагы канчалык көп мээнет жумшалса, катаны моюнга алып, убагында токтоп калуу ошончолук кыйынга турат.
Кайтарымсыз чыгымдардын тузагына байланыштуу бир нече психологиялык механизмдер бар.
Бат жоготуп алуудан коркуу
Адам баарынан да колунда бар нерсесин жоготуп алуудан коркот. Кандайдыр бир нерсени утуп алуу үчүн тобокелчиликтерге оңой барат, бирок утулуп калса, өтө сактанат. Жоготуунун азабы пайда табуунун ырахатынан күчтүү жана басымдуу келет.
Сиз укмуштай бир сонун тиркеме иштеп чыгуу үчүн миллион акча бөлүп бердиңиз дейли. Акча сарпталып бүткөндөн кийин, ал сиз каалаган нерсеге таптакыр окшобогондугун билдиңиз. Ал катачылыкты моюнга алып, андан ары иштөөнү токтотуу – бул жөн эле миллионду таштандыга ыргытууга жана жоготуунун катуу эмоционалдык азабын баштан кечирүүгө барабар.
«Дагы бир миллион жумшасам, тиркеме жакшы болот» деп үмүттөндүрүп, психика бизди көңүл оорудан коргойт. Эгер ал ойго макул болсоңуз, келечекте эки миллион жоготосуз – бул эки эсе оор. Акча саласыз жана баары жакшы болот деп үмүттөнөсүз. Кандай болгон күндө дагы, эмоционалдык азапка кечирээк кабыласыз.
Көзөмөлдү калыбына келтирүүнү каалайсыз
Муктаждык жагынан кайтарымсыз чыгымдардын тузагына көз сала турган болсок, анда акылга сыйбас эч нерсе жок. Адам дайыма жашоосун башкара билүүгө, кырдаалды жеңүүгө умтулат. Бул адамды эркиндик үчүн күрөшүүгө, өзүнө болгон ишенимди сактоого жана бийликке умтулууга мажбурлайт, анткени ушундай жол менен сиз көбүрөөк көзөмөлдөйсүз.
Акчаны, убакытты же башка ресурстарды текке кетирүү – өз жашооңузду жана иштериңизди көзөмөлдөй албастыгыңызды билдирет. Убакытты кайтарып алуу мүмкүн эмес, демек, көзөмөлдү калыбына келтирүүнүн бирден-бир жолу – жоготууну моюнга албоо жана каражат сарптоону уланта берүү.
Ошентип, сиз өз муктаждыгыңызды канааттандырасыз, бирок ошол эле учурда акыры ийгиликсиз аяктай тургандыгына карабастан дагы көп убакыт жана күчтү коротосуз.
Канткенде тузакка түшүп калбоо керек?
Учурдагы кырдаалга көңүл топтоо
Өткөнгө байланган адамдар кайтарымсыз чыгымдардын тузагына түшүп калышы мүмкүн. Эгер адам азыркы учурга жана келечекке көңүл бөлсө, ага жоготууларды жеңил кабыл алуу жана алдыга жылуу оңой болот.
Абалды учурдун талабына жараша баалоо – бул медитацияга окшошкон эң сонун практика. Ойлоруңуздан жана эскерүүлөрүңүздөн алыстап, акылыңызды тазалап, ушул учурга көңүл бурууңуз керек. Ушул ыкманын жардамы менен сиз өткөн учурга байланыштуу ашыкча өкүнбөй, учурдагы абалды көрө аласыз жана туура чечим кабыл ала аласыз.
Чечимди башка адам кабыл алат деп элестетип көрүңүз
Тез натыйжа берүүчү дагы бир сонун ыкма. Өзүңүзгө: «Мындай кырдаалда башка адам болсо эмне кылат эле?» – деген суроону берип көрүңүз. Анын ордуна дарыгер, риэлтор, башкы директор, эне сыяктуу түрдүү адамдарды коюп элестетиңиз. Эң башкысы, чечимди башка бирөө кабыл алат.
Адамдар өзүлөрү үчүн жана башкалар үчүн ар башкача чечимди кабыл алышат. Башкалар үчүн жасаганда, биз кырдаалга үстүртөн баа беребиз. Ошондой эле сезимталдуулукка азыраак таянабыз. Ошондуктан, башка адам үчүн чечим чыгарган учурда, өзүңүздүн кетирген каталарыңызды көрүп, убагында токтоп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
Булагы: Лайфхакер