.үч.чекит..үч.чекит.

Клиптүү ой жүгүртүүнүн оң жана терс жактары

үч чекит редакциясы
1305
Клиптүү ой жүгүртүүнүн оң жана терс жактары

«Клиптүү ой жүгүртүү» термини 1990-жылардын ортосунда пайда болгон. Адамдын дүйнөнү сүрөттөр аркылуу, телекөрсөтүү жаңылыктары же видеоклиптери аркылуу кабыл алуу өзгөчөлүгүн билдирген.

«Clip» сөзү англис тилинен которгондо тексттин бир бөлүгү, гезиттен алынган кесинди, видео же тасмадан алынган үзүндү дегенди түшүндүрөт. Көпчүлүк музыкалык клиптер бири-бирине өтө деле байланышпаган кадрлар тизмегинен турат. Клиптүү ой жүгүртүүдө жашоо дагы видеоклипти элестетет: адам дүйнөнү жалпысынан эмес, дээрлик бири-бирине тиешеси жок окуялардын ырааттуулугу катары кабыл алат.

Клиптүү ой жүгүртүүнүн оң жана терс жактары

✅Реакцияны тездетет   

Интернеттин пайда болушун алдын-ала айткан белгилүү англиялык футуролог Джеймс Мартин адамдарды эки типке бөлгөн. Биринчи тиби – «китепкөй адамдар» – маалыматты окуу аркылуу алышат жана узак мөөнөттүү ой жүгүртүүгө ээ болушат. Экинчи тиби – «экран адамдары» – клиптүү ой жүгүртүшөт. Экинчисинин артыкчылыгы – алардын реакциясы өтө жогору жана ар кандай өзгөрүүлөргө тезирээк ылайыкташат.

✅Ар тараптуулукту өстүрөт

Америкалык психолог Лари Розен, «Мен, менин мейкиндигим жана мен: тармак муундарын тарбиялоо» аттуу китебинде, «интернет муундарынын» (Internet Generation) күчү анын көп милдетти аткаруу жөндөмүнүн жогорулашында экендигин белгилейт. Мындай адамдар бир эле мезгилде музыка угуп, баарлашып, интернетте отуруп, сүрөттөрдү жөндөп, үй тапшырмаларын же жумуштарын аткара алышат.

Ашыкча маалыматтан мээни сактайт

Көпчүлүк эксперттер клиптүү ой жүгүртүүнү маалыматтык технологиялардын өнүгүшүнө жана 21-кылымдагы маалыматтуулукка ылайыкташтырылган механизм деп аташат. Заманбап адамдын аң-сезими табигый түрдө ондогон ар кандай булактардан, анын ичинде интернеттен алынган терабайт маалыматтарга жооп берүү зарылчылыгын жөнгө салат.

⛔️Адам бир информацияга көпкө көңүл буруп тура албайт, анализдөө жөндөмү төмөндөйт

Клиптүү ой жүгүртүүчү кырдаалды талдай албайт, анткени ар кандай маалымат анын эсинде калбайт, тез арада жаңы маалымат менен алмаштырылат.

Карьерада жана жашоодо ийгиликке жетүү ой жүгүртүүдөн көз каранды. Мисалы, бизнесте анализдөө жөндөмү, башкы маанилүү нерсени бөлүп көрсөтө алуу жана анализдин негизинде чечим кабыл алуу – башкача айтканда, «узак мөөнөттүү» ой жүгүртүүгө ээ болуу – ийгиликтүү менеджер болуунун бирден-бир мүмкүнчүлүгү. Көңүл буруучулук деңгээли – анын башкы өзгөчөлүгү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ырааттуулукка көңүл буруу маанилүү. Ар дайым кайсы маселе башкы экендигин эске алып, темадан темага секирбөө зарыл.

⛔️Сезимталдуулуктун төмөндөшү

TV экрандарынан жана YouTube каналдарынан адамдар күн сайын көрүп жаткан ырайымсыздыктар жана зордук-зомбулуктар адамдардын башкаларга болгон сезимталдыгын акырындык менен төмөндөтөт. Дүйнөдө чуулгандуу трагедиялар болуп жаткан учурда, адамдар каза болгондорго боору ооруй башташат, бирок бул убакыт аралыгында адамдардын аң-сезими аркылуу көптөгөн жаңы маалыматтар өтүп тургандыктан, ал «боорукердик» көпкө созулбайт. Клиптүү ой жүгүртүү – бул көз ирмемдик кабылдоо, көз ирмемдик ойлонуу.

⛔️Жетишүү деңгээли жана билимди өздөштүрүү пайызы төмөндөйт

Дүйнө жүзүндө мугалимдер «балдар аз окушат жана окугандарынын маанисин түшүнүшпөйт» – деп тынчсызданып жатышат. Мектеп окуучулары башкалардын ойлорун начар түшүнүшөт, ошондуктан алар үчүн дилбаян жазуу – өтө чоң маселе. Эксперименттин жүрүшүндө жогорку класстын окуучуларынан мурунку класстардын окуу программаларынан алынган жөнөкөй суроолорго жооп берүү сунушталган. Жыйынтыгында, мектеп окуучуларынын арасында билимди өздөштүрүү 10% ды көрсөткөн. Окуучулар барган сайын чыгармалардын кыскача мазмундарын жана даяр үй тапшырмаларын пайдалануу менен гана чектелип баратат.

⛔️Адамдар манипуляцияга жана башкалардын таасирине бат учурайт

Жарнамалык маалыматтын кыскалыгы – бул сатуунун күчтүү куралы. Жарнамада эмоцияга басым жасалгандыктан, адам аны акылга салып ойлонбойт жана анализдебейт, жыйытыгында көп учурда ашыкча сатып алууларды жүргүзөт. Кандайча көңүлгө толбогон буюмду сатып алганын түшүнбөй да калат, анткени эмоция аң-сезимди тумандатып салган. Мисал катары, Рождество майрамына карата жасалган таасирдүү iPhone жарнамаларынын бирин эстесеңиз болот.

Клиптүү ой жүгүртүүнүн кемчиликтерин кантип жоюуга болот?

Айрым өлкөлөрдө клиптүү ой жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн атайын тренингдер өткөрүлөт. Аларга маалыматка көңүлдү топтоого жана аны талдоого үйрөтүшөт. Ал эми АКШда окуучулардын көңүл буруусунун жоктугун дары-дармектер менен дарылашат.

💎«Парадокс ыкмасы»

Дүйнөгө таанымал профессор жана окутуучу Михаил Казиник өзүнүн тажрыйбасында аналитикалык көндүмдөрдү жана сынчыл ой жүгүртүүнү өрчүткөн «парадокс методун» колдонгон. Парадокс карама-каршылыкты билдирет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, пассивдүү аң-сезимдүү балдар мугалимдин айткандарын ишенүү менен кабыл алышат. Бирок мугалим бири-бирин жокко чыгарган эки билдирүүнү айтканда, окуучулар ойлонуп калышат.

Мисалы: Моцарт – сансыз музыкалык чыгармаларды жазып, жакырчылыкта өлгөн мыкты таанымал композитор. Бетховен чоң симфонияларды жараткан, бирок ошол эле учурда ал дүлөй болгон. Шопенге кургак учук диагнозу коюлуп, ал эки жылдан ашык жашабайт дешкен, бирок композитор концерт берүүнү жана музыка жазууну уланта берүү менен дагы жыйырма жыл жашаган! Муну кандайча түшүндүрсө болот? Парадокс жана карама-каршылыктарды издөө – бул керектөөчүнү даяр маалыматты алуу менен эле чектебей, аны ой жүгүртүүгө үйрөткөн ыңгайлуу көнүгүү.

💎Философиялык жана көркөм адабияттарды окуу

Америкалык жазуучу жана публицист Николас Карр өзүнүн «Google бизди акылсыз кылабы?» деген макаласында тексттин эки-үч бетин окугандан кийин андан ары окугусу келбей, көңүлү чачырап, башка нерсе менен алаксууга болгон каалоосу пайда болгондугун айтат. Бул клиптүү ойлонуунун кесепети жана аларга каршы күрөшүү үчүн адистер классикалык чыгармаларды окууга кеңеш беришет. Ал чыгармалар анализдөө жөндөмдүүлүгүн такшалтат. Көрүүчүнүн кабылдоосун башкарган телекөрсөтүүдөн айырмаланып, көркөм чыгармаларды окуган адам андагы образдарды өзү жаратат.

Китеп окуу көндүмдүүлүгүн өркүндөтүү үчүн, жаңы баштагандарга окуп жатканда ойготкуч саат коюу сунушталат. Башында ар бир 10 мүнөт сайын китеп окууну токтото турса болот, андан кийин 20, 30 ж.б.у.с. Тыныгууларда каармандардын жасаган иштерин айтып жана анализдеп, же болбосо окугандарын кыскача жазып коюу андан да пайдалуу. Натыйжада,  иреттүү жана аналитикалык акылга ээ болосуз.

💎Талкуулар жана альтернативдүү көз карашты издөө

Терең жана ырааттуу ой жүгүртүү үчүн карама-каршы көз караштагы адамдардын позициясын түшүнүү жана талдоо керек. Бир гана көз караш менен чектелүү ар дайым кооптуу. Бул тууралуу нигериялык жазуучу Чимаманда Адичи TED конференциясында айтып чыккан.

Кандай гана маселе болбосун, ага карама-каршы көз карашты издеш керек. Тегерек столдордогу талкуу жана дебат клубдарына катышуу адамды туура ой жүгүртүүгө үйрөтөт. Айтышууга эмес, талкууга катышканыңыз оң. Айтышуу процессинде адамдар жөн гана өз позициясын коргоп, жеңишке жетүүнү каалашат, ал эми талкуунун катышуучулары өз көз караштарын коргоп, бирок бири-бирин түшүнүүгө жана чындыкты табууга аракет кылышат. 

💎Маалыматтан эс алуу күнү

Эксперттер өзүңүз үчүн «маалыматтан эс алуу күнүн» киргизүүнү сунушташат. Бул күнү эч нерсе көрбөйсүз же окубайсыз. Маалыматты керектөө чыгармачылык менен алмаштырылат. Жазасыз, сүрөт тартасыз, офлайн баарлашасыз. Керектөө менен жаңы нерсени жаратуунун ортосунда тең салмактуулук болбосо, адам жөн гана рынокту тейлөөчү машина болуп калат.

Башка күндөрү маалыматты кандайча сиңирип жатканыңызга байкоо салуу керек. Мисалы, бир каналдан экинчи каналга бат-баттан өтө берүүнү (зеппинг) жана кыска материалдарды окууну жок дегенде жарым-жартылай болсо дагы, толук метраждуу фильмдерди көрүү жана көлөмдүү тексттерди узакка окуу менен алмаштырыңыз.

Клиптүү ой жүгүртүү диагноз эмес, тескерисинче маалыматтык технологиялар доорундагы оң жана терс жактары бар аргасыз көрүнүш экендигин түшүнүшүңүз керек.

Булагы: Look at me

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.