.үч.чекит..үч.чекит.

Кликджекинг – алдамчынын тузагы

үч чекит редакциясы
559
Кликджекинг – алдамчынын тузагы

Кликджекинг [баскычты (клик) урдоо] – хакер башка веб-контенттин үстүнө өзүнө керектүү буйрук менен сайтка көрүнбөгөн терезени жайгаштыра алган манипуляциянын бир түрү. Башкача айтканда, колдонуучулар көрүнүп турган баскычты бастым деп ойлошот, ал эми чындыгында хакер даярдап койгон баскычты басып алышат.

Көбүнчө кликджекинг кино, сериал, музыка сыяктуу пираттык контентти камтыган сайттарда кездешет. «Көрүүнү баштоо» баскычынын үстүндө жаңы башка бетке өткөрүүчү жарнамасы бар буйругу менен терезе турат. Колдонуучу тасманы көрүп баштоого аракет кылат, бирок браузер аны онлайн оюндарга жана казинолорго өткөрүп таштайт.

Бирок жарнама кликджекингдин эң зыянсыз түрлөрүнүн бири. Бул схеманы катталуучулардын санын көбөйтүү үчүн, ошондой эле катталуу жана жаңылыктарды жарнамалоо үчүн дагы колдонушат. Мисалы, «терезени жабуу» баскычын басуу менен, сиз кликджекинг аркылуу кандайдыр-бир спамга катталып калышыңыз мүмкүн.

Кликджекингдин санариптик коопсуздукка жана жеке маалыматтарга байланыштуу олуттуу формалары да бар. Мисалы, көзгө көрүнбөгөн терезеде буйрук жашырылган болушу мүмкүн, ал буйрук зыянсыз баскычтай көрүнгөнү менен, аны басканда, сиз колдонгон түзүлүшкө зыяндуу скрипт жүктөлөт же социалдык тармактардагы профилиңизден таралуучу спам жаралат.

Кликджекинг тиркемелерде да пайда болушу мүмкүн жана ал сиздин санарип коопсуздугуңуз үчүн кооптуу.

Кантип коргонуу керек?

Кликджекинг колдонуучуларга гана эмес, сайттарга да олуттуу коркунуч келтирет. Көрүнбөгөн терезе ресурстун модераторунун буйругу боюнча эмес, үчүнчү тараптын кийлигишүүсү менен пайда болот. Кээ бир издөө системалары сайттагы кликджекинг менен анын рейтингин төмөндөтүп, издөө натыйжаларындагы кезегин артка калтырып күрөшүүгө аракет кылышат.

Колдонуучулар үчүн коргоонун эң ишенимдүү жолу – пираттык контенттүү жана кликбейттик баскычы бар шектүү сайттардан оолак болуу, браузердин даректер тилкесинде анын дарегинин өзгөрүп кетүүсүн текшерип туруу. Ошондой эле шектүү баскыч аркылуу кирген сайтта калууңуз керекпи же жокпу, баалаңыз.

Көрүп, билип, тактаңыз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.