

Кинофейкпи же тасма сыйкырыбы?


Мен мурда «Доктор Хаус» сериалын сүйүп көрчүмүн жана башкы ролдогу укмуштуудай Хью Лорини аябай жактырчумун. Кийин менин дарыгер досторумдун аны жек көрөрүн билгенде таң калдым, себеби ал жерде медициналык так эместиктер, жаңылыштыктар жана көркөм фантастика камтылганын билдим. Кезектеги эпизоддон кийин көрөрмандар өздөрүндөгү сейрек кездешүүчү ооруларга өз алдынча диагноз коюп, клиникаларга чуркап жөнөшкөн. Көп учурда драматургдар кызыктуу сюжетти түзүү максатында атайылап ушундай бурмалоолорго барышат.
Чыныгы адамды кино каарманына айландырган сценаристтер тарыхый материалдарды каалагандай эркин өзгөртө алышат. Алсак, фактыларды жөнөкөйлөтүп, хронологияны өзгөртүп, маанилүү маалыматты көшөгө артында калтырып, же жөн гана көркөмдөш үчүн бурмалап да салышат. Ал кандай бурмалоолор болду экен?
Во все тяжкие

Легендарлуу сериалдын каарманы Уолтер Уайт ачык көгүш түстөгү эң таза N-метил-альфа-метилфенилэтиламинди кайнаткан, чындыгында ал ак кристалл порошогу тунук болот. Көк түстөгү бул психоактивдин партиясы чындыгында Альбукеркеде кармалган, бирок ал боёк кошулган өзүнчө бир «бренд» болгон.
Люси

Бул фильмдин сюжети боюнча, адамдардын көпчүлүгү мээсинин 3-5% гана жөндөмдүүлүгүн колдонушат. Эволюция өнүгүүнүн чеги эмес экендиги жана мээни колдонуу пайызын жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар экендиги баяндалат. Чындыгында, бул миф өткөн кылымдын ортосунан бери адамзаттын жашоосунда орун алып келет. Мээнин иштөө пайызы жөнүндө айтуу мүмкүн эмес, себеби белгилүү бир нейрондук структуралар белгилүү бир моменттерде гана активдешет, ал эми башкалары эч кызмат аткарбаган учурда токтоп турат. Башкарууга мүмкүн болбой, бир эле учурда мээге жайылган толкундануу бул эпилепсия... Бирок, эч кандай жогорку интеллект эмес.
Криминальное чтиво

Тарантинонун шедеврлери да көбүнчө так эместиктерди камтыйт. Траволта Ума Турмандын жүрөгүнө ийне сайган көрүнүш эсиңиздеби? Ал көкүрөктү тешип өтүп, жүрөккө түз жетүү үчүн болгон күчү менен ийнени согуш керек болгон. Укмуштуу, бирок натыйжалуу эмес көрүнүш. Биринчиден, инъекциялар туура жасалган эмес, экинчиден, опиоиддердин дозасы ашыкча болгон учурда, «налаксон» булчуңга же тамыр ичине саюуда колдонулат. Мындай инъекциялардын башка дары-дармектерди саюу ыкмаларынан эч кандай артыкчылыгы жок экени аныкталганда, жүрөккө ичинен ийне саюу 70-жылдары эле эскирген ыкма деп табылган. Адреналин да көп жардам бербестиги аныкталган. Жүрөк токтоп калганда адреналиндин мээге зыян келтирүү коркунучу дээрлик эки эсеге көбөйөт жана тирүү калуу мүмкүнчүлүгүн бир аз гана жогорулатат.
Молчание ягнят

Ганнибал Лектор – харизмалуу, чырайлуулукка жана өзгөчө акылга ээ болгон сериялуу киши өлтүргүч. Фильмдин жүрүшүндө ал каарманды жактырып, анын аракеттерин түшүнүү менен кабыл ала баштайсың. Бул образдын массалык маданиятта ушунчалык кеңири жайылышы таң калыштуу деле эмес. Чындыгында типтүү бурмалоого мындай көз-караш көпчүлүктүн эбегейсиз зор кызыгуусу жана кайдыгерлиги менен негизделген. Сериялуу өлтүргүчтөрдүн орточо IQсу 94, бул орточо бөлүштүрүүнүн төмөнкү чеги болуп эсептелинет. Албетте, IQ интеллекттин универсалдуу ченеми эмес жана анын да кемчиликтери бар, бирок ошентсе да аны менен жетишкендикти болжолдойбуз жана биз үчүн ал өлчөй турчу ченем.
IQ деңгээли жогору болгон бир нече киши өлтүргүчтөр мотивация, уюштуруу көйгөйлөрүнө туш болушат жана IQсу жогору болгонуна карабастан, кесиптик жана жеке жашоодо ийгиликке жетише алышпайт. Кыз-келиндерди өлтүргүч америкалык Гэри Леон Риджуэйдин IQсу болжол менен 80 чамасында. Башкаларды азапка салган киши өлтүргүч үчүн интеллект эң акыркы орунда турат. Сериялуу өлтүргүчтөрдү ырахат алуу, күчүн сезе билүүсү, башкара алгандыгы, каржылык пайда табуусу шыктандырат, ал эми логика жана жогорку моралдык принциптер эч кызыктырбайт.