.үч.чекит..үч.чекит.

Караңгы паттерн. Интерфейстер сизди кантип алдайт?

Арслан Исаков
196
Караңгы паттерн. Интерфейстер сизди кантип алдайт?

IT-компаниялар өз продуктусунун колдонуучуларынын көп болушун, албетте, абдан каалашат. Адамдар ал продуктуну күн сайын кайра-кайра колдонуп, көбүрөөк убакыт өткөрүшсө дейт. Кайсы гана продукт болбосун, аны чыгарган тараптын көздөгөн максаты бар. Бул максатка ылдам жетүү үчүн алар продукттун дизайнын атайын ыңгайлаштырышат. Мындай кадамдарда колдонуучунун кызыкчылыгына каршы келген аракеттер камтылышы мүмкүн.

Эң жөнөкөй мисалдан баштайлы. 

Адатта сайттарга катталуу бир канча мүнөттүк кыска убакытты алат. Бирок, кандайдыр бир себептен улам аккаунтуңузду өчүрүүнү чечсеңиз, бул оңой эмес экенин дароо байкайсыз. Өчүрүү кнопкасын сайттын булуң-бурчтарынан лабиринтте жүргөндөй издейсиз. Тапкан учурда деле сизден эмне үчүн кетип жатканыңызды сурашат. Эгер кетсеңиз, алар абдан капа болушарын билдирип, эмоцияңызга таасир этүүгө аракеттенишет.

Дизайндын мындай практикасы «караңгы паттерн» деп аталат.

Бул терминди 2010-жылы дизайнер Гарри Бринул киргизген. «Анын мааниси – колдонуучуларды компанияга пайдалуу гана болгон чечимдерди кабыл алууга багыттаган манипуляциялык алгоритмдер» деп жазган

Бул кликбейт же жарнамага караганда алда канча амалкөй нерсе. Анткени, макаланын ызы-чууга жакын темасын же сүрөтүн көрүп эле, көңүлүңүздү тартуу максатында жасалганын дароо түшүнсө болот. Ал эми караңгы паттерн интерфейс болуп жашынып алгандыктан, сиздин кайсы бир нерсени аткарышыңызды көздөгөнүн байкабай калуу оңой. 

Жогорудагы мисалга кайрылсак, Гарри Бринул: «Мындай ыңгайсыз интерфейс — атайын түзүлгөн манипуляция, ал колдонуучунун кетишине тоскоолдук кылат», – деп айтат. Эгер колдонуучу тажап, аккаунтун өчүрбөй койсо, анда азыр болбосо да, кийинчерээк бир нерсени сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт деген ой камтылган.

Кыскасы, караңгы паттерн – пайда алуу максатында колдонуучуну алдап кандайдыр иш-аракеттерге түрткөн капкан сымал дизайн. 

Wired мисал катары Фейсбукту келтирип, PrivacyZuckering деген аныктаманы берет (бул жерде кимдин фамилиясы жашырылганын табуу татаал эместир). 

Фейсбуктун интерфейси ондогон функцияларды сунуштайт. Негизинен алар ыңгайлуу жана пайдалуу. Бирок «настройкадагы» керексиз функциялардан баш тартууну кааласаңыз, чыныгы көйгөй башталат. 

Мисалы, адамдардын бетин таануу функциясы. Фейсбук сизге «Эгер бул опцияны өчүрсөңүз, аферисттер сиздин атыңыздан башкаларды алдашы мүмкүн. Ушуну каалайсызбы?» деп коркутат. Албетте, биз аферисттерден коргонууну каалайбыз. Бирок, бул жерде бизге тандоо укугубуз бар экендигин айтып, ошол эле учурда бул функциядан баш тартуу жакшы эмес экени сүрөттөлөт. Туура эмес чечим кабыл алып жаткандай мааниде берилет. 

Башка мисал келтирели – интерфейстин түсү. Так манипуляция – «Мен макулмун» деген буйрукту түстүү кылып, ал эми «Макул эмесмин» дегенди бозомук, жакшы көрүнбөгөн түс менен жазат.

Тристан Харрис TED конференциясындагы презентациясын «Миллиарддаган адамдын ою менен сезимин жөндөгөн диспетчер бөлмөнү элестетиңиз» деп баштайт. Убагында Харрис Google`да продукт-менеджер болуп иштеп жүрүп, 2013-жылы компаниянын манипуляциялык интерфейси тууралуу ызы-чуу жараткан презентациясын көрсөткөн. Ал презентацияда караңгы паттерн боюнча бир канча мисалдар келтирилген.

Караңгы паттернди интерфейсте колдонуу мыйзамдуубу? 

Авторлордун бул боюнча да амалкөй чечимдери бар. Европалык маалыматты сактоо GDPR (General Data Protection Regulation) мыйзамына ылайык, 2018-жылдан баштап ар бир онлайн платформа жеке маалыматты өздөштүрүү үчүн колдонуучудан уруксат алууга милдеттүү. Пердью университетинин изилдөөчүсү Колин Грейдин айтымында, мында бир канча «бирок» деген нерсе бар. Сайттардын көбү «жашыруун» политикасын кабыл алууну сурап, бирок андан кайра баш тартууга мүмкүнчүлүк бербейт. Мындай опция сайтта жок. Башкача айтканда, «Жеке маалыматымды колдонгонго уруксат берем» дегенге макулдугуңузду берип, андан кийин кайра «жок» дей албайсыз. 

Жылдар бою соцтармактар колдонуучуларды эмнеге макул экенин түшүнбөй туруп, уруксат беришине дизайн аркылуу ынандырып келген. 

👉Эгер Instagram билдирүүлөрдү күйгүзүүнү сураса, бирок алардан баш тартканга мүмкүнчүлүк бербесе – анда бул караңгы паттерн. 

👉LinkedIn электрондук почтаңызга жөнөтүлгөн каттын бир бөлүгүн көрсөтүп, калганын сайттан окуңуз дегени – бул дагы манипуляция. 

👉Фейсбукта «аккаунтту өчүрүү» кнопкасынын ордуна жөн эле чыгып кетүү (sign out) баскычынын жайгашканы да мисал. 

👉Youtube`да кийинки видеону автоматтык түрдө ойнотуу – бул да мисал. 

👉«Ок» деген бир сөз менен 20 баракчага созулган шарттарга макулдук алуу, же болбосо ошол сөз менен контакт тизмесин, сүрөттөрдү кароо сыяктуу жеке маалыматка уруксат берүү — бул да караңгы паттерн.

Дизайн — бул сайт, тиркеме же продукт менен баарлашуу тили. Биз аларды көрүп, окуп, ошого жараша аракет кылабыз. Бул тил түшүнүктүү жана чынчыл болушу абзел. Колдонуучу эмнени чечим кылганын жакшы түшүнө тургандай болушу керек. Жеке маалыматтын кимге жана кайсы максатта берип жатканын билиши зарыл. Ошондуктан, бул жоопкерчилик дизайнерлердин мойнунда. Эгер колдонуучуга урмат менен эмес, манипуляция аркылуу жасалган дизайнды байкасак, анда аларга этика боюнча талап коюуу – биздин милдетибиз. 

Караңгы паттернден кантип коргонсо болот — болгону анын бар экендигин дайым эске тутуу жетиштүү.

Эми мисалдарга өтөлү.

1️⃣-мисал:
Сиз тамак-аш рецепттеринин сайтында жүрсөңүз, алар сизге электрондук почта катына жазылууну сунуштады дейли. Бирок «Ооба» же «Жок» деген жооптордун ордуна төмөнкүдөй болуп жазылыптыр.

Бул жерде «Ооба» деген жооп алда канча жакшы көрүнөт. Ал эми сунуштан баш тартуу бир аз «айыптоо» иретинде берилген. Бул өз кезегинде «тастыктоо уяты» же башкача айтканда «мазактоо белгиси» катары колдонулган. «Жок» деп өзүнүздү жаман адам сезбеш үчүн «ооба» дегенге аргасыз кылат. Дагы бир канча сайттардан алынган мисалдарды көрсөтөлү:

🟡Жок, рахмат. Мен салмагымды азайтууну каалабайм (Men's Health)

🟡Жок, рахмат. Мен торттун эң мыкты 10 рецебин билем (Taste of Home)

🟡Жок, рахмат. Мага секс боюнча кеңештин кереги жок (Men's Health)

🟡Жок, рахмат. Зыяндуу тамакты жегенди жакшы көрөм (Reader's Digest)

2️⃣-мисал: 

Сайтты же тиркемени ачканда түстүү жүктөлүү анимациясын канча жолу көрдүңүз эле?

Бул сүрөттү көрүп сайт же тиркеме жүктөлүүдө деп ойлогондурсуз. Түстүү сызык аягына жетип, кайра башынан жүктөлө баштаса жиниңиз келгендир. Бул «фейк прогресс» деп аталат же эч жакка алып барбаган жол. Башкача айтканда, жөн эле бош анимация. Бул сайттын жай иштегендигин жашыруу аракети. Же сиз кетип калбашыңыз үчүн, балким ошол убакыт ичинде оюнузду өзгөртүү максатында колдонулат.

3️⃣-мисал: 

Башка шаарда отелде бөлмө издеп жатканда, кызыл текст менен «Бул номерге кызыгуулар көп» деген билдирүү чыгат. «Бул акыркы бөлмө. Эгер азыр ээлеп койбосоңуз, ала албай каласыз» деп шаштырып коркутушат.

Бул жерде караңгы паттерн бар экендигин сайт сизди шаштырганынан байкаңыз. Башка абалда сиз балким жактырбай өтүп кетмексиз же шашпай туура чечим кабыл алмаксыз. 

Кайсынысы кайсы?

Бул макалада бир нече мисалдарды камтыдык. А сиз кайсынысы кайсы экенин азыр текшерип көрүңүз:

1. Сиз Москвага учак билетин издеп жатасыз. Сайтта жооптор чыккыча кызыл иконка жай тегеренип жүктөлүүдө. Бул эмненин мисалы?

  • FOMO (маанилүү маалыматты өткөрүп жиберүү коркунучу)
  • Эч жакка алып барбаган жол

Балким, авиакомпаниялар алгач кымбат билеттерди көрсөтүп, ал эми арзандарын бир аз кечиктирип жатат. 

2. Сиз компаниянын электрондук катына жазылуу жарыясын көрдүңүз. «Ооба, мен продуктивдүү болгум келет» же «Жок, убакытты текке кетиргенди жактырам» деген эки жооп чыкты. Бул эмненин мисалы?

  • Мазактоо белгиси
  • Жашыруун жарнама

Жөн эле «ооба» же «жок» дегендин ордуна баш тартсаңыз, уялуу жана ыңгайсыз сезимдерди жаратуучу манипуляциялык ыкма.

3. Онлайн дүкөндө жүрсөңүз «Шашылгыла, бул баада үч даана гана калды» деген жазууну көрдүңүз. Бул эмне?

  • Амалкөй суроолор
  • FOMO (маанилүү маалыматты өткөрүп жиберүү коркунучу)

Шашуу — калп сезимин жараткан ыкма. Компаниялар сатууну ылдамдатуу максатында колдонушат. Эки жолу ойлондурбайт. Чын эле төмөн баадабы? Күмөн жаратат.

4. Кайсы бир сайтта программа жүктөө үчүн «Азыр жүктөө» деген белгини бастыңыз. Бирок, башка программа жүктөлө баштады. Бул эмне?

  • Эч жакка алып барбаган жол
  • Жашыруун жарнама

Мындай жарыялар сайттын стилинде жасалып, сайттын бир бөлүгүндөй көрүнөт. Адамды адаштырып, башка программаны жүктөөгө шарт түзөт. Байкабастан басып алышыңыз да мүмкүн. 

Мына, сиз манипуляциялык мисалдар менен тааныштыңыз. Албетте, мисалдар мындан да көп. Байкалбаган ар кандай ыкмалар болушу мүмкүн. Эгер сиз да мындайды байкап калсаңыз, скриншот кылып башкаларга бөлүшүңүз. Канчалык көп адам андан кабар таап, колдонбой калса, бул практика өзгөрөт деп ишенебиз.

Башка мисалдарды карап кетели:

📌Амалкөй суроолор

Суроолордун тексттери башты айлантчудай болуп түзүлөт. «Жок» дегенди басканда, «ооба» дегенди тандагандай сезилет, же тескерисинче.

📌«Корзинкадагы» сюрприз

Онлайн дүкөндөрдө товардын жанына кошумча ар кандай продуктту бекитип коюшат. Сиз жактырган товарыңызды «корзинкага» киргизгенде, башка товар дагы автоматтык түрдө кошулуп калат. Ошентип, аны да байкабай сатып алышыңыз мүмкүн.

📌Таракан мотель

Сайтка кирип жазылуу оңой, бирок ал жерден өчүрүп чыгуу абдан татаал. Премиум жазылуулар ушуга жакшы мисал.

📌Цукеринг

Өзүңүз ойлогондон да көбүрөөк жеке маалыматыңызды башкалар менен бөлүшүү. Сүрөт менен гана бөлүшүп жатам деп досторуңуздун тизмесин берип алуу.

📌Мисдайрект

Бир нерсени кыпкызыл түстө жазып же абдан жарык фон менен көңүлүнүздү буруу. Мисалы, баракчаны өчүрүүчү ❌ белгисинин жашырылганы. 

📌Жашыруун баалар

Бир нерсе сатып алганда кошумча кызматтардын кошулушу. Жеткирүү кызматы, камсыздандыруу (страховка), салыктар ж.б.

📌Мазактоо

«Жок» деген жооптор сизди уялткан таризде жазылат.

📌Аргасыз узартуу

Бир айга сизге акысыз кызмат берип, айдын соңунда акчаңызды банк эсебиңизден уруксатсыз алып узартып коюу. Же акылуу кызматтан баш тартууну татаалдаштыруу.

📌Дос спамы

Досторуңузду табабыз деп досторуңуздун тизмесин алып, сиздин атыңыздан аларга спам жөнөтүү. 

📌Жеке маалымат банкы

Бир нерсени акысыз бергендей түр көрсөтүп, сиз жөнүндө толук маалыматты чогултуу. Чогулган маалыматты башкаларга товар катары сатуу максатын көздөө.

📌Эмоция вампири

Эмоцияңызды козгоп, «сиз сайттан чыгып кетсеңиз, анда биз ыйлайбыз» деген  манипуляциялык тексттер. Мисалы, «Фейсбуктан кетсеңиз досторунуз сизди сагынат» деген билдирүүлөр. 

📌Кой терисин жамынган карышкыр

Мульфильмдегидей түрдүү түстө дизайн жасап, анын артында жаман ойлорун жашырган, ишеничке кирген иш-аракеттер.

📌Айласыз кабыл алуу

Кызматты колдонуу үчүн бардык маалыматты берүүгө мажбурлоо.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.