.үч.чекит..үч.чекит.

K-pop күйөрмандары АКШдагы саясатка кандайча таасир этти?

үч чекит редакциясы
585
K-pop күйөрмандары АКШдагы саясатка кандайча таасир этти?

Дисклеймер: Бул постто биз күйөрмандардын иш-аракеттерин колдоого же айыптоого аракет кылбайбыз, поп маданияттагы эң саясатсыз топтордун бири саясий процесстерге аралашып калгандыгын кызыктуу көрүнүш катары карайбыз.

Полиция кызматкери Джордж Флойдду өлтүргөндөн кийин, АКШда системалуу расизмди жок кылууну талап кылган нааразычылык акциясы башталды. Америкалык корей эстрадасынын күйөрмандары да демонстранттарды колдошту. Дүйнө жүзүндөгү эң биримдүү фанаттардын бири болгон К-pop сүйүүчүлөрү өз биримдигин ушул жерде дагы көрсөтүштү. Алар антирасисттик кыймылга жардам берүү үчүн алгоритмдерди, хэштегдерди жана жеке маалыматтарды манипуляциялоону колдонушту.

Алар эмне кылышты?

1. Полиция тиркемесин иштен чыгарышты

Техас штатындагы Даллас полициясы колдонуучуларга iWatch Dallas app тиркемеси аркылуу «мыйзамсыз нааразычылык акцияларынын» видеолорун жөнөтүүнү суранышкан. Америка Кошмо Штаттарында жашаган К-popтун күйөрмандарынын бири полиция чындыгында демонстранттарды аныктагысы келип жатат деп болжолдойт. Андан кийин ал нааразы болгондордун видеолорун эмес, сүйүктүү кореялык артисттердин катышуусундагы роликтерди тиркемеге жөнөтүү чакырыгын интернетте жазат. Бул чакырууга өтө көп сандагы K-pop күйөрмандары жооп кайтарышкан. Полиция департаменти өз кайрылуусун 31-майда Твиттерде жарыялаган, бирок 1-июнда «тиркеме техникалык көйгөйлөргө байланыштуу убактылуу иштебей жатат» деп жарыялоого аргасыз болду.

2. #Blacklivesmatter (кара түстөгүлөрдүн жашоосу мааниге ээ) кыймылынын каршылаштарынын хэштегин спам маалыматтар менен толтурушкан

Акыркы бир нече жылдын ичинде #blacklivesmatter же #BLM хэштеги АКШдагы расизмге каршы күрөштүн башкы символу болуп калды. Бирок, айрым америкалыктар «мындай сөздөр кара түстөгү адамдардын жашоосун гана баалайт жана башкаларга тиешеси жок» деп эсептешет. Ошондуктан, социалдык тармактарда whitelivesmatter (ак түстүүлөрдүн жашоосу мааниге ээ) хэштеги менен кампания пайда болгон. Ушул хэштегдин астында адамдар расисттик нааразычылык акциясына чыккандарга нааразычылыктарын билдиришкен. K-pop күйөрмандары социалдык тармактарга whitelivesmatter хэштегинин астында фанкэмди (концерттен тартылып алыган видео) жайгаштыра башташты. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, ушул хэштегдин түрмөгүндө кореялык ырчылардын сүрөтү менен видеолорунун арасында расисттик басылмалардын дайыны табылбай калган.

3. Трамптын шайлоочулар менен үгүт жолугушуусун үзгүлтүккө учуратты

АКШнын Президенттик администрациясы 19-июлда шайлоочулар менен митинг өткөрүүнү пландаштырышкан. Бул күнү өлкө кулчулуктан бошотулган күнүн белгилейт жана териси каралар үчүн бул өтө маанилүү дата. Айова шаарынын тургуну Мэри Джо Лопп өзүнүн TikTok баракчасында митингдин ушул маанилүү күнгө белгиленгенине нааразычылыгын билдирип, митингден орун алып, бирок ага барбай коюуга чакырган. K-popтун күйөрмандары анын чакырыгына кулак кагышты. Натыйжада, кийинки күнгө жылдырылганына карабастан, пландалган 19 миң кишинин 6 миңи гана Трамп менен жолугушууга келишкен. Мындан тышкары, Мэри Джонун айтымында, Трамптын администрациясы үгүт иштеринде колдоно албаган орундарды ээлеп алгандар жөнүндө фейк маалыматтарды топтогон.

K-pop күйөрмандары көптөн бери өздөрүнүн биримдиги менен белгилүү болуп келишкен. Алар бир нече жолу кайрымдуулук жана ар башка мамлекеттердеги жарандык укуктарды коргоо кыймылына колдоо көрсөтүү үчүн да чоң суммадагы акча чогултушкан.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.