.үч.чекит..үч.чекит.

Интернеттегилер сиз жөнүндө эмнелерди билбеши керек?

үч чекит редакциясы
1227
Интернеттегилер сиз жөнүндө эмнелерди билбеши керек?

Социалдык тармакка дайыма сыр сөз жазып киресиз. Аны сүрөткө тартып жүктөп койбосоңуз керек? Сыр сөздү өзүңүздөн башка эч ким билбегени чынбы? Ушундай жөнөкөй эрежелерден тарта интернетке эмнелерди жарыялабаш керектигин тизмектейбиз.

«Талга чымчык конобу, таанышып алсак болобу?». Интернетке жазылган сиздин же жакындарыңыздын телефон номери — шылуундардын сүйүктүү олжосу. Эгерде сизге чалып «жакын адамыңыз кырсыктады, тезинен акча которуңуз» деп алдашса номериңизди каерде ачык калтырганыңызды эстеңиз. Балким банктагы эсебиңизди да телефон номериңизге туташтыргансыз?

«Туулган күнүң менен, куттуктаймын сени мен!». Көпчүлүк интернетке туулган жылын жана төрөлгөн жерин жарыялаганды туура көрөт. Анткени, өздүк майрамыбызда куттуктоо сөздөрүн уккан жагат. Бирок, туулган дата — жеке маалыматтын негизгиси. Жакындарыңыз сизди качан, кантип куттуктоону унутпастыр — бул маалыматты жарыялабаганыңыз оң. Алдамчылар туулган жылыңыз, төрөлгөн жериңиз аркылуу паспорт же камсыздандыруу документтерин билүүгө аракеттенет. Эгерде онлайн дүкөндөр туулган күнүңүзгө белек убадалап туулган датаңызды сурашса, анда өздүк майрамыңызга жакыныраак күндү айтып коюңуз. Белекти да аласыз, жеке маалыматыңызды да ачыктабайсыз.

«Үйдө жалгыз». Үйүңүздүн дарегин жана мүлкүңүз тууралуу маалыматты кыйыр түрдө болсо да интернетте эч кимге айтпаңыз. Ал эми үйдө жалгыз калганыңызды таптакыр жарыялоо керек эмес. Ошондой эле, жаңы унаа алганыңызды сүйүнчүлөгөндөн, үйүңүздөгү баалуу буюмдарды сүрөткө тартып киргизгенден карманыңыз. Мүлкүңүзгө бирөө көз артпайт деп ким кепилдик берет?

«Капчык калыңбы?». Төлөмдөрдү кантип төгөсүз, маянаңызды каякка сактайсыз, банктагы эсебиңиз кандай? Мындай маалыматтарды эч качан жарыялабаңыз. Эгерде соцтармактагы аккаунтка банктык эсебиңиз уланган болсо, анда сиздин атыңыздан онлайн сатып алууларды жүргүзүшөрүнө ишене бериңиз. Мисалы, карызды кайтарам деген таанышыңыз картаңыздын номерин сурады. Албетте, картаны сүрөткө тартып, месенжерден жиберип койгон оңой. Бирок, муну жеке кат менен жиберсеңиз деле таанышыңыздын аккаунтун бирөө бузуп кирбейт экенине ишенесизби? Качандыр ушундай аракетке барган болсоңуз, анда картаңызды жаңылаганыңыз туура.  

«Жети-Өгүз, мени тосуп ал!». Эмгек өргүүсүнө чыкканыңызды, эми саякаттайт экениңизди маалымдабаганыңыз оң. «Ура! Үч күнгө эс алганы кетип жатам» деген кабарыңыз менен тоноочуларга үйүңүздү «кайтарууга» мүмкүнчүлүк бересиз. Эс алууга бара жатып каерге жеткениңизди да айтпаңыз. Андан көрө өткөн чак менен «отчет» бергениңиз туура. «Кечээ мен Барскоонго барып эс алып келдим», «Эмгек өргүү бүттү. Мына сүрөттөр!».

«Ким Атабековдун концертине барат? Албетте, мен!». Паспорт, айдоочулук күбөлүк, учакка түшүү талону, электрондук билетти жайгаштырып кереги не? Бейтааныш бирөөнүн паспортунун көчүрмөсүн банкка алып барып, кредит алган кез артта калды деңизчи. Бирок, реалдуу жашоодо паспортуңуздун копиясын чыгарып, көтөрүп жүргөн «эгизиңиз» сизге керекпи? Баса, электрондук билеттин сүрөтүн интернетке чыгаргандан кийин концертке барбай эле коюңуз. Балким, сиздин ордуңузга эбак эле бирөө отурган чыгар. 

«Балам — менин сыймыгым!». Балдар өзүн коргой албайт, ошондуктан алардын жеке маалыматтарын өз баракчаңызга жайгаштырбаңыз. Аты-жөнүн, туулган датасын, сүрөттөрүн жарыялабаңыз. Мектептеги жадыбал, маршруту, психикалык оорулары же фобиясы жөнүндө интернетке жазуунун кажети жок. Элестетиңиз, бейтааныш бирөө балаңызга келип «сенин атың Айбекпи? Жетиге чыктың ээ?» деген суроолорду берип, анын ишеничине кире баштады. 

«Жетекчилик кетсин!». Жумушуңуз жөнүндө маалыматтарды: кайсы бир ишти ийгиликтүү жасай албаганыңызды же башчыңызга таарынычыңызды жарыялабаңыз. Анткени, онлайн баракчаңыз — интернет резюмеңиз. Жумуш берүүчүлөр учурда соцтармактагы баракчаларга да байкоо жүргүзүшөт. Пляждагы же жуунучу бөлмөдөгү сүрөттөрүңүздү киргизбегениңиз оң. Себеби, 10 жыл мурдагы сүрөт деле кадыр-баркыңызга доо кетириши мүмкүн. 

Ошондой эле, адистер үй-бүлөлүк абалыңыз же сүйүү мамилеңиз жөнүндө маалыматты ачыктабаганды сунушташат. Анткени, бул кадам сизге шылуундардын, шантажчылардын ачык кайрылышына, жакындашына жол ачат. Эң башкысы, кайсы өздүк маалыматыңыз болбосун, аны жакындарыңызга гана көрүнө турган кылганыңыз дурус.

Баса, мына бул сайтка баш багууну сунуштайбыз. Бул сайт сиздин кайсы өлкө, кайсы шаарда экениңизди көрсөтөт. Сиз пайдаланган интернет провайдери тууралуу да маалымдайт. Виртуалдык дүйнөнүн мындай мүмкүнчүлүктөрүн алдамчылар да, башкалар да колдонушат. Демек, интернетте баары болушу мүмкүн. 

Бул соцтармакта деги эч нерсе кылбаш керек окшойт деп жатасызбы? Виртуал дүйнөдө медиасабаттуу болгонуңуз чоң жеңиш. Көчөдө баратканда сизден бейтааныш бирөө «жашыңыз канчада?», «кайсы райондо жашайсыз?» деп сураса эмне деп жооп бермексиз? Интернетти да ошондой сактык менен колдонуңуз.  

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.