.үч.чекит..үч.чекит.

Интерактивдүү илгерилетүү же социалдык долбоорлордо мультимедиялык куралдарды жана сторителлингди кантип колдонуу керек

үч чекит редакциясы
1006
Интерактивдүү илгерилетүү же социалдык долбоорлордо мультимедиялык куралдарды жана сторителлингди кантип колдонуу керек

"Media Kitchen" продакшн-студиясынын негиздөөчүсү Азим Азимовдун мастер-классынан негизги ойлор:

Баш бармакты кантип токтотуу керек?


Бир күндө эң көп кыймыл жасаган манжа – бул баш бармак. Смартфондун экранын баш бармак менен жылдырып маалыматты издейбиз. Байкасаңыз, улуу курактагылар жайыраак жылдырышат, себеби алар сүрөттөрдү, тексттерди көңүл коюп көрүп, окушат. Ал эми кичүү муун абдан тез жылдырат: жаштар эмнени көргүсү келет экенин аныктоого бир секунд жетиштүү.

🖍 Бизге бир күндүн ичинде эбегейсиз чоң көлөмдө маалыматтар келип турат. Контент жаратуучулардын эң негизги маселеси – канткенде адам кызыгып, бармагын токтотуп, маалыматка көңүл бурат?

🖍 Көңүл буруу – коммуникациянын валютасы. Биз сторителлинг, контент-маркетинг, платформа алгоритмдери жана техникалык мүнөздөмөлөр жөнүндө ойлонушубуз мүмкүн. Бирок заманбап коммуникациянын өзөгү – көрүүчүлөрдүн көңүлү үчүн күрөш. Смартфон колдонуучунун көңүл коюусу 2010-жылы – 12 секунд, 2013-жылы – 8 секунд, 2017-жылы – 3 секунд болгон. 2020-жылы «бул маалымат жагат же жакпайт» деп аныктоо үчүн 1 секунд жетиштүү.

🖍 Эгер сиз сонун иш чараны же долбоорду ишке ашырган болсоңуз, бирок ал эч жерде көрүнбөсө, лайк, репост болбосо, анда ал ишиңиз өткөрүлгөн эмес деп эсептөөгө болот.

🖍Долбоордун контентин түзүүдө сторителлинг абдан керек. Себеби сиздин долбоордун сүрөттөмөсүн эч ким окугусу келбейт. Ар бир адам кызыктуу окуяларды гана каалайт. Чоң мааниси бар чакан окуяны айтып бериңиз.

🖍Адам окуялары институттардан күчтүү. Мисалы пандемиянын курч учурундагы Бектурдун окуясын эсиңизге алыңыз. Кичинекей бир беткап жөнүндө окуянын артында абдан чоң көрүнүш, абдан маанилүү билдирүү жатат. Кичине балдар копилкаларын сындырып, акчаларын кайрымдуулукка тапшырганы кубандырат, бирок башка тарабынан карасак, өлкөнүн кандай алсыз абалда экенин көрө алабыз. Адамдар тууралуу мындай окуялар коомго бат жетет жана эмоционалдуу реакцияны пайда кылат. Долбоор жазууда дагы таасир калтыруучу окуяны колдонуу керек.

🖍 Видео тартыңыз. Текстке караганда видео көбүрөөк көрүлөт жана байкалат. Кыска кылып тартыңыз: узундугу 1 мүнөттүк видеолор 3 мүнөттүк видеолорго караганда 3 эсе популярдуу. Фейсбуктагы видеолордун 85% үнсүз көрүлөт. Адамдар сабакта, кандайдыр бир чогулуш же иш чарада отурганда көрө беришет. Ошондуктан видеону тексти менен жасаңыз.

Сиздин окуяңызды башкалар билиши үчүн эмне кылдыңыз?

  • Ал жөнүндө журналисттерге айтып бердиңизби?
  • Вирустай бат тарай турчу видео тарттыңызбы?
  • Белгилүү адамдар менен иштештиңизби?
  • Досторуңуздан бөлүшүп коюуну сурандыңызбы?
  • Акылуу жарнамага чыгардыңызбы?
  • Флешмоб уюштурдуңузбу?


Эгер бул суроолорго жооп бере алган болсоңуз, туура жолдо баратасыз.

Толук маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз.

Тег:
Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.