.үч.чекит..үч.чекит.

Инфондемия 2020. Бул эмне?

үч чекит редакциясы
1002
Инфондемия 2020. Бул эмне?

Ар бир таң калтырчу же маанилүү кабарлардын өзүнүн жашоо убактысы бар эмеспи. Бирок коронавирус темасы ушунчалык глобалдуу болгондуктан, азыр андан өтөр маанилүү нерсе калбай калгандай. Үстүбүздөгү 2020-жыл пандемия жана ал тууралуу маалыматтык эпидемия менен эсибизде калары анык.

Коронавирус пандемиясы башталгандан тарта, маалыматтык оору дагы чыныгы вируска караганда тездик менен тарай баштады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебреисус коронавируска байланыштуу ар кандай дүрбөлөңгө салган имиштер, фейкньюстар массалык түрдө тарап баштаганын айтып, аны «инфодемия» деп атады. «Биз бир гана эпидемия менен эмес, инфодемия менен да күрөшүп жатабыз», – деген пикирин Тедрос Гебреисус 15-февралда билдирген.

Илдет жөнүндө туура эмес жаңылык – инфодемия эл арасында дүрбөлөң жана ар кандай коркунучтарды жараткандан сырткары, коронавирус менен күрөшүүдө олуттуу көйгөй жаратууда. Өтө тездик менен тараган жалган маалыматтар элдин илдет тууралуу чыныгы маалыматтарды окуусун бир топ кыйындатты. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун технологиялык маселелерди чечүү иштери боюнча директору Андрью Паттисон коронавируска байланыштуу жалган маалыматтар чыныгы вирустан дагы тездик менен тарап жатканын бышыктайт. Андыктан ал социалдык тармактарда жалган маалыматтардын тарашын ооздуктоо үчүн ири соцтармактардын жетекчиликтери менен жолугуп сүйлөшүүгө чейин барган. Себеби, коронавирус илдети тууралуу расмий, чыныгы, туура маалыматтар инфодемиянын айынан элдин кеңири катмарына жетпей калып жатат. Ушундай корнкунучтардын алдын алуу максатында Weibo, Twitter, Facebook, Instagram, LinkedIn компаниялары илдет тууралуу такталган маалыматтардын окурмандарга жетүүсүн камсыз кылууну колго алды. Ал эми Telegram ар бир мамлекетте илдетке каршы күрөшүп жаткан штабдардын каналдарын верификациядан өткөрдү. Анын ичинде Кыргызстандын да республикалык штабы бар.

Улуттук изилдөө университетинин Жогорку экономика мектебинин коммуникация, медиа жана дизайн факультетинин деканынын орун басары, профессор Илья Кирия дагы бүгүнкү күнү маалыматтын өзү тез таркап жатканын белгилейт. Ал социалдык тармак колдонуучуларын маалыматка «ууландырып жатканын» айтат. Себеби интернет колдонуучулар медицина тууралуу эч нерсе билбей туруп, эпидемия, вирустар тууралуу абдан көп маалымат билишет. Ошону менен бирге маалыматтык уулануунун кесепети адамдын жүрүм-турумуна дагы таасир берип, аны калыптандыра турганын айтат.

Бир гана жамаатык иммунитет инфодемиядан айыгууга жардам берет. Мындай иммунитетти калыптандыруу оор. Себеби ал адамдардын маалыматтарды критикалык ой жүгүртүү менен кабыл алуу жөндөмдүүлүгүнөн пайда болот.
Илья Кирия

Вашингтон университетинин профессору Кейт Старберд ар кандай каатчылык учурунда имиштер менен фейк жаңылыктар аябай көп тарай турганын белгилейт.

«Кишилерде ишенбөөчүлүк пайда болгондо алар абалды толук түшүнүү үчүн болушунча көп маалымат алганга аракет кылышат. Мурда бир нерсе боюнча маалымат алуу кыйын болчу, бүгүнкү күнү керек болгондон да ашык маалымат алууга болот. Башкы маселе маалыматтын аябай көптүгүндө», – дейт ал.

Адистер инфодемиянын курмандыгы болбош үчүн расмий органдардын маалыматтарын жана эл арасында аброю бар басылмалардын маалыматтарына гана ишенүү керектигин белгилешет. Ал эми социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтардын дээрлик жарымынан көбү, элди удургутуу үчүн жасалган атайын кадамдар экенин эскертишет.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.