

Хиджама жана гепарин: диний жана расмий медицина


Расмий медицина Covid-19 пандемиясына окшогон оор кырдаалдарда оорулардын мүмкүн болушунча мыкты жана изилденген ыкмаларын сунуш кылганына карабастан, адамдар көбүнчө элдик же башка альтернативдүү медицинага кайрылышат. Айрым адамдар ар кандай дарылоону салыштырып көрүүгө да аракеттенишет.
Кыргызстанда медициналык кызматтарга жана дары-дармектерге жетүү мүмкүнчүлүгү кыйын болгондугунан, интернет тармакта расмий жана диний медицинаны каршылаштырган эки тенденция пайда болду. «Дин, укук жана саясат» көз карандысыз аналитикалык борборунун директору жана диний эксперт Кадыр Маликовдон бул эки жагдай тууралуу түшүндүрмө сурадык.
Эскертүү: биз бул текстте эске алынган медициналык процедураларды жана дары-дармектерди жарнамалабайбыз. Дарыгердин консультациясы жана көрсөтмөсүн албай туруп, дары-дармектерди ичүүдөн же процедураларды кылуудан алыс болууга чакырабыз.
Хиджама жана коронавирус
Кан алдыруу (хиджама) пневмонияны жана Covid-19ду дарылоонун ыкмасы катары эл ичинде тарап кеткен. Журналист Тынчтык Алтымышев жана ырчы Курал Чокоев бул жол-жобонун дарылык касиеттери жөнүндө сөз кылышып, ал видеону интернетке жүктөшкөн. Видео тез арада социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жайылды. Бир жумага жетпеген убакытта аны Фейсбукта 103 миңден ашык колдонуучу көрүп, төрт жарым миң жолу бөлүшүшкөн. Авторлордун айтымында, хиджама менен бир жуманын ичинде алар 20га жакын адамды пневмониядан жана өпкө оорусунан дарылашкан.
Бул видеого жана анын айланасында кеңири резонанска жооп иретинде Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн пресс-релизди жарыялаган.
«Акыркы кездерде кан алдыруу эч кандай көрсөтмөлөрсүз бардык ооруларга каршы колдонулуп келүүдө. Мындай ыкма дарыгерлердин көзөмөлүндө, көрсөтмөсү болгондо гана жүргүзүлүшү керек. Мисалы, бөйрөк артериялары бүтөлүп калганда же кан басымы жогорулаганда хиджама жардам бербейт, анткени бул учурда гормоналдык бузулуу бар», – дейт профессор, тамыр хирургиясы боюнча адис Мамбетакун Намазбеков.
Хиджаманын коронавирусту жана пневмонияны дарылоочу касиеттери жөнүндө видео ар кандай платформаларда көптөгөн комментарийлерди топтоду. Көпчүлүк колдонуучулар Пайгамбар өзү колдонгон жана сунуш кылган бул ыкма бардык ооруну, анын ичинде коронавирусту да айыктыра аларына ишенишет.
«Пайгамбардын медицинасы профилактика да, айыктыруучу да касиетке ээ, бирок анын куралдары тийиштүү билимге ээ болгон дарыгерлер белгилегендей колдонулушу керек», – деп эсептейт Кадыр Маликов.
«Пайгамбардын медицинасы эч качан заманбап медицинага карама-каршы келген эмес. Мисалы, Ислам өлкөлөрүндө Covid-19 кантип дарыланат? Эгерде адам ооруп калса, ал доктурга, дарыгерге кайрылат. Дарыгер дарылоону аныктайт. Ал эми хиджама жана башка ыкмаларды, мисалы зайтун майы менен дарылоону оорунун алдын алуу максатында колдонсо болот. Эгерде дарылоо керек болсо, процедураны дарыгер белгилеши керек», – дейт Маликов.
Харам нерселерди дары катары колдонсо болобу?
Фейсбуктагы популярдуу топтордо пневмонияны дарылоодо эң популярдуу дары-дармектердин бири – гепарин чочконун этинен жасалгандыгы жөнүндө маалымат пайда болду. Чындыгында популярдуу антикоагулянт чочконун ичке ичегисинин ич катмарын синтездөө жолу менен өндүрүлөт жана исламдык стандарттар боюнча аны ичүүгө тыюу салынат.
Бирок, Кадыр Маликовдун айтымында, тыюу салынган азыктарды колдонууга белгилүү бир «рухсат» (уруксат) бар.
«Адам жашоосу жөнүндө сөз болгондо, Ислам дини өзгөчө учурларды караштырат. Мисалы, бир мусулмандын жей турганга эч нерсеси жок абалда калса, ал өмүрүн сактап калуу үчүн чочконун этин жей алат. Дары-дармектер менен болгон суроо дагы ушундай», – деди Маликов.
Андан тышкары, мындай өнүмдөрдү четке кагуу жана муну менен өмүргө карата аң-сезимдүү тобокелчиликти эксперт күнөө деп эсептейт.
«Эгерде адам өлүм алдында жатса, харам азыктардын негизинде жасалган дары болсо дагы, аны өмүрүн сактап калуу үчүн ичиши керек. Болбосо, бул өзүн-өзү өлтүрүү күнөөсү деп эсептелет», – деп жыйынтыктады эксперт.