

Хэштег кантип жаралган?


2007-жылы Остиндеги South by Southwest фестивалынын жүрүшүндө Твиттердин жардамы менен дүйнө жүзүндөгү адамдар фестивалда болуп жаткан окуяларга көз салышкан. Бирок Твиттерде фестивалдан тышкары Остиндеги башка окуялар жөнүндө маалыматтар чыгып, ыңгайсыздык жараткандыгына көпчүлүк нааразы болгон. Түрмөктөгү билдирүүлөрдү иретке келтирип, эмнеге көңүл буруу керектигин жана эмнеге көңүл бурбоо керектигин түшүнүү үчүн кандайдыр бир курал керек болчу.
Ошондо Google компаниясынын мурунку кызматкери жана Uber компаниясынын иштеп чыгуучусу Крис Мессина Твиттерге тэгдерди, тагыраак айтканда «каналдарды» (Крис хэштегди ушинтип атаган) кошууну сунуш кылган. Бирок Твиттер жетекчилиги бул идеяны алгач четке каккан.

Фото: thinkapps.com
Мессина идеясынан баш тарткан эмес – көп өтпөй бул механика микроблогдордо пайда болгон.
Хэштегдерди колдонуу алгач 2007-жылы октябрда, Калифорнияда токой өрттөрү башталганда популярдуу болду. «Жубайым экөөбүз Сан-Диегодо саякаттап жүрүп, түтүндү көрдүк», – дейт веб-иштеп чыгуучу Нейт Риттер. «Биз эмне болуп жаткандыгын билүү үчүн сыналгыны күйгүздүк. Окуялар ушунчалык тездик менен жүрүп жатты, алар жөнүндө блог жазууга убактым болгон жок, ошондуктан көргөнүмдү тезинен Твиттерде бөлүшүүнү чечтим».
Мессина Риттер менен байланышып, билдирүүлөрдүн алдына #SanDiegoFire хэштегин коюуну сунуштаган. Ошондо Риттер бир нече күн катары ошол хэштег менен Твиттерде маалымат жайгаштырып, адамдар мындай белги эмне үчүн керек экендигин түшүнүшкөн.
Көп өтпөй интернет колдонуучулар хэштегдерди абдан көп колдоно башташкандыктан, 2009-жылы Твиттер аларды расмий түрдө колдоону чечкен. Компаниянын кызматкерлеринин бири автоматтык түрдө хэштег издөө тутумун иштеп чыккан. Көп өтпөй алар башка платформаларда да пайда боло баштады.
Бирок «Хэштег» деген аттын пайда болушу технология индустриясынын дагы бир өкүлү, GigaOMдун мурунку жетектөөчү илимий кызматкери Стоув Бойдго байланыштуу. «Досторум менен ушул белгини колдоно баштадым. Мага «канал» деген сөз башынан эле жаккан эмес. Бул символ оператордун бири катары С программалоо тилинде колдонулганына көнүп калганбыз. Анда ал «торчо» эмес, «хэш» деп аталат. «Хэштег» деген сөз ушундайча пайда болду», – дейт Бойд.
Кызыгы, Крис Мессина өзүнүн идеясын патенттеген эмес жана андан бир да доллар тапкан жок. Ал дүйнө жүзү боюнча адамдар анын ойлоп тапканын күн сайын колдонуп жатканына кубанычта экенин билдирген.
Булагы: Rusbase