.үч.чекит..үч.чекит.

Фишинг жөнүндө уктуңуз беле?

үч чекит редакциясы
1053
Фишинг жөнүндө уктуңуз беле?

Адам ар дайым ал үчүн маанилүү окуяларга реакция кылат. Ошондуктан, шылуундар өз иш-аракеттери менен колдонуучуну сестендирип, анын реакциясын жаратууга аракет кылышат. Бүгүнкү күндө фишинг расмий баракчаларга жана колдоо кызматтарынын аккаунттарына, почта тизмелерине жана Интернет-банкингдерге жамынып иш жүргүзөт.

Фишинг – (англ. fishing – балык кармоо, уулоо) жабырлануучунун жеке маалыматтарын – паролдорун, банктык эсептерин, телефон номерлерин ж.б. онлайн-алдамчылык менен билип алуу ыкмасы. Фишинг ыкмасын жүргүзгөн онлайн-шылуундар фишер деп аталат. 

Фишерлер колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө багыт алышат. Алар оригиналга абдан окшошкон фишинг каттарды электрондук почта аркылуу жапырт таркатышат. Каттарда чыныгы мекеменин, вебсайттын, компаниянын же фирманын расмий логотиптери камтылышы мүмкүн. Алар колдонуучуларды тиркелген фишинг шилтемесин басууга жана ал жерге жеке маалыматтарын киргизүүгө үндөшөт. Мунун себептери ар кандай болушу мүмкүн: конкурстар жана викториналар, утуштар, арзандатуулар жана сатуулар, төлөм реквизиттердин же PIN-коддордун тастыкталуусу, хакерден коргонуу үчүн системага кирүүнүн шарттарын өзгөртүү сунуштары ж.б.

Коргонуунун жолдору фишингдин түрүнө жараша болот. Бул жерде кылдаттык менен текшерүү эң ишенимдүү ыкма болуп саналат. Өзүңүз үчүн алдамчылыкты аныктоого жардам берүүчү бир нече өзгөчөлүктөрдү белгилеп алсаңыз болот.

  • Грамматикалык, орфографиялык каталар жана каттагы туура эмес жазуулар – буларды фишерлер жазгандыгын билгизет.
  • Сиз каалабаган коммерциялык суроо-талап. Кат таркатма жаңылыкка окшош болушу мүмкүн, бирок жөнөтүүчү сизге тааныш болбосо, этият болушуңуз керек.
  • Жеке маалыматтарды сурап алуу. Бул пароль же банк маалыматтары менен болгон иш-аракеттерге карата сурамжылоо болушу мүмкүн. Мисалы, катта кимдир бирөө  сиздин паролуңузду билип алгандыгы жөнүндө маалымат сыягы колдоо кызматынан келген болсо жана аны шилтеме аркылуу алмаштыруу керек экендиги айтылса, анда алгач ошол кат жөнөтүүчүнү текшерүү зарыл. Эгер паролду өзгөртүү керек болуп жатса, өз алдыңызча жөндөөлөр аркылуу каалаган учурда өзгөртүп алсаңыз болот, ал үчүн шектүү шилтемени колдонуу зарыл эмес.
  • Сыйлык берүү убадалары. Бул категорияда мураскор издеген байлар, сиз эч качан катышпаган лотереялардагы утуштар жана сиз укпаган чоң утуштан утуп алуу кокустуктары кездешет.

Сизди фишингге кабылган жок деп үмүттөнөбүз, бирок, кандай болгон учурда да, почтаңызга же соцтармактагы баракчаңызга тааныш эмес колдонуучудан келген ар бир билдирүүгө көңүл бөлүп, аны кылдаттык менен изилдеп чыгыңыз.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.