.үч.чекит..үч.чекит.

«Фейкньюс» деген эмне?

үч чекит редакциясы
1613
«Фейкньюс» деген эмне?

Илгери, кайсы бир заманда, океандын дал ортосунда кичинекей Ю аралы болуптур. Аралдын кабарчысы Юва бир күнү адаттагыдай эле жээкте жүрүп, толкун менен агып келген бөтөлкөнүн ичинен кат таап алат. Анда: «Окумуштуулар океандын ортосундагы арал бир айдан кийин сууга чөгүп кетерин айтып жатышат. Аралдын жашоочулары, сак болгула!» – деген жазууну окуйт. Юва өз милдетин аткарып, тезинен бул кабарды элге жарыялайт.

Ушул учурдан тартып, Ю аралы туңгуюкка батты. Бири аралдан көчүп кетүүнү туура көрдү, бири тоонун чокусунда аман калабыз деп тоого аттанды, дагы бири күнү-түнү коркунучта жашап жатты. Бул кабарга ишенбеген кээ бири жашоосун адаттагыдай эле бейкапар өткөрүп жүрө берди.

Юнун жашоочулары бул кабарды уккан күндөн тарта бир ай өттү. Эки ай өттү. Арал ордунда кандай турса, ошол бойдон сууга чөкпөй тура берди.

Эхх! Ю аралынын жашоочуларынын караңгылыгын карабайсызбы!? Алар «фейкньюс» деген эмне экенин ошондо билип коюптурбу? Анткени, бул жаңы сөз (ошондой эле түшүнүк). Болгону мындан төрт жыл мурун АКШда жаралган.

Баса, «фейкньюс» англис тилинен («fake» – калп, жалган, жасалма, «news» – жаңылыктар, кабарлар) жалган, жасалма жаңылыктар деп которулат. Жалган жаңылыктар жок жерден эле чыга бербейт. Анын сөзсүз илинчеги болот – маалыматтагы адамдар, анын болуп жаткан орду чын болушу мүмкүн, а бирок адамдардын иш-аракеттери, же сөздөрү өзгөртүлүп, окуя чындыктан башкача сүрөттөлүп берилет. Мисалы, окумуштуулар океан ортосундагы аралдардын бири жакынкы эки жыл аралыгында сууга чөгүп кетерин айтып жаткандыгын чын маалымат деп эсептейли. Ал эми Юва окуган катта эмне деп жазылып турду эле, эсиңиздеби?

Фейкньюс айрыкча ишенимге көп кире бербеген, абройсуз сайттарда пайда болот. Адатта мындай кабарлардын автору же булагы көрсөтүлбөйт. Негизи, мындай жалган маалыматты жаратуу ар бир адамдын эле колунан келет. Болгону аны таркатуунун ыңгайлуу ыкмасы жана кол алдында ылайыктуу каражаттары (санариптик платформа, гезит ж.б.) болушу керек. Фейк жаратуучулар ар кандай максаттарды көздөшөт: сайттын рейтингин көтөрүү, коомду маанилүү маселелерден алаксытуу, манипуляциялоо, адамдарды өз ара чырга салуу, орто жолдон акча табуу, көрүнүш боюнча туура эмес элес калтыруу ж.б..

Фейкньюс адамдардын жеке жашоосуна же коомго эле эмес, өлкөлөрдүн саясатына, экономикасына, керек болсо, коопсуздугуна да таасирин тийгизет. Бирок абдан коркунучтуу нерсе – фейкньюстун жаралышында эмес, анын тез ылдамдык менен таралышында. Технология кылымында маалымат эбегейсиз ылдамдык менен таркатылат. М.В. Ломоносов атындагы МГУ доценти Гаяне Давидяндын айтуусунда интернет колдонуучулардын өз ара маалымат алмашуусу 2016-жылы секундасына 26600 Гб болсо, бул көрсөткүч 2021-жылы 105800 Гб/секундга жетет. «Эгер мурда анча тез тарабаган жалган маалыматтар терс таасирдүү болуп, бирок коомдук мамилелерди бузбаган болсо, азыр мындай чоң ылдамдыкта таркаган жалган маалыматтар саясий, укутук, экономикалык жактан кооптуу натыйжаларга жеткирет. Мисалы АКШдагы шайлоого Россиянын кийлигишкени жөнүндөгү фейкньюстар»,– дейт Гаяне Давидян.   

Алыс кетпей эле, коронавирус жөнүндөгү көптөгөн жалган кабарлардын бирин эске алалы. «COVID-19 – биологиялык курал» деген маалыматты уксаңыз керек. Бул кабарды биринчи жолу укканда, сизде кандай сезимдер, иш аракеттер  болду эле? Шок – коркуу – күмөн саноо – ишенүү – бөлүшүү – талкуулоо – ой толгоо – шек саноо – кайдыгерлик. Тааныш сценарий, туурабы? Мындай сценарий сиз менен кийинки жолу кайра кайталанбашы үчүн «фактчекинг» деген түшүнүк менен таанышып алганыңыз туура болот. Бирок бул тууралуу башка жолу кенен талкуу жүргүзөбүз.      

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.